Аңгеме
(Башы өткөн санда)
- Мына, а сен корком дейсиң. Эмнеден коркосуң айтсаң, мен сени жебейм да, чынбы? Тоолордон өткөн ыйык жер болобу?!Узак Сапаровичтин көздөрү коюланып кетиптир, Элинаны өзүнө имере тартты. Ошондо гана кыз жоошуй, бир чети амалкөйлөнө унчукту:
- Макул. Сиз акыры мени багынттыңыз, биз жерге түшүп сүйлөшсөк болобу?
- Албетте, ханышам! Мен сенин эмне десең ошонун баарын аткарганга даярмын. Алар шашпай басып келип өңү саргара баштаган шиберге келип отурушту. Эми кызды мурдатан жакын тутуп жүргөн адамындай өзүнө имере кучактай отурду. Ошондо Элина бул нерсени каалабаганын бүт жүрөгү менен сезди. Терең үшкүрө:
- Эмне үчүн эркектер жатпай туруп жардам беришпейт?-деп сурады.
- Кызыксыз болуп калат да,-Узак Сапарович даярданып алгансып шарт жооп берди, бул сөзүн каткырык коштоп кетти. Элина унчукпай укту. Бир кездери бул демөөрчүнү жетим балдардын башынан сылап, көптөгөн интернаттарга жардам бергени үчүн жакшы көрчү, сыйлачу. Бирок, өзү бир дагы жолу жардам сурап кайрылып көргөн эмес. Эми ошол жетим балдардын башынан сылаган үй-бүлөлү ушул эркекти жек көрүп турду. Аңгыча демөөрчү Элинаны аймалап өөп кирди. Же каршылык көрсөтө албай, же макулдугун бере албай эки анжы ойдун, эки башка сезимдин согушу жүрүп жаткандай. Акыры анын кучагынан суурулуп чыкты. Көз алдында эми таянаар тоолору да кулагансып, кайдадыр качып баратты. "Эмне үчүн! Эмне үчүн эркектер кыздардын кыйналган абалынан пайдаланып ырахат алууга ашыгышат? Эмне үчүн алар жөн гана жардам беришип, кыйын кырдаалдан таза гана чыгып кетүүсүнө жардам беришпейт? Эмнеге?!"
Жан дүйнөсүндөгү ачуу жаңырык көөдөнүн жарып чыкчудай, кайдадыр чуркап баратты. Кайда баратат? Кимге баратат? Чалынып жыгылып кетти. Жер кучактап ыйлап жатты. Ушуну гана күтүп жүргөнсүп, жер энеге ыктайт. Анткен сайын жашоодон кеткиси келет. Анткен сайын көөдөнү жарылып кеткендей болоктойт.
- Кечирип кой мени, мен куруйун...-деди Узак Сапарович терең үшкүрүнө. Мындайда сооротуп эле көр. Элина бир топто барып өзүнө келди. Алар кайрадан шаарга бет алганда күн уясына кылкылдап батып бараткан. Теребел тыптынч. Күздүн гана жумшак шамаалы Элинанын саамайына төгүлгөн чачтарын сылап жаткансыды. Аны сооротуп жаткансыды.
Шаарга кире бергенде Элина денесин жыйрып алды.
- Үшүп кеттиңби?-жанатан бери унчукпай келаткан Узак Сапарович акырын суроо узатты дагы-Кайда барасыз эми Элин?-деди тынчсыздана.
- Үйгө. Туулган жериме.
Чыгыш автобекетине жете берген машинаны таксисттер тосуп алышты.
- Кайда барабыз чоң кыз? Көлгө бир орун. Арзан эле...
Таксисттин бул үнүн кайдан укту эле? Башын көтөрүп караса Мурат маңдайында турат. Элин сөз дебей анын кучагына жыгылды, кайрадан көз жаш, кылым ыйласа дагы эч токтоно албагандай абалда эле.
- Ыйлаба Элин! Баардыгы жакшы болот. Мен сенин иштеген жериңе бүгүн гана издеп баргам... Сени менен жолугаарыма ишенгем. Жүрү кеттик Элин! Биз бактылуу болобуз, макул дечи. Мен сени сүйөөрүмдү түшүнгөндө издеп келбедимби!-Мурат тынымсыз сүйлөп дагы, сооротуп да жатты. Бул учурда Узак Сапарович өз машинасына отуруп өз жолу менен жөнөдү.
Эми Элинанын багыты өзгөрүп, эки жаш көлгө бет алышты. Эми Элина жалгыз эмес, анын күйөөсү дагы, кайын-журту дагы болот. Ал эми буга чейин жалгыз тарткан азап-тозогунун баардыгы артта, эми аны эч ким өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланбайт. Эми Элина сары ооз балапан эмес. Машинадагы жагымдуу музыка токтоп, жаңылыктар жаңыра баштады "Бүгүн саат 12:00до Жаңы-Пакровка айылынын тургуну Калия Айтбекова аттуу аял өз үйүндө газдын түтүгүнүн жарылууусунан улам, ууланып көз жумду. Кошуналардын айтымында, бул учурда балдары окууда жана күйөөсү иште экен..." Мурат эч нерсени деле элес албай башка толкунга бурап салды. "Кара дуба, кайтып барган турбайбы",-деп ойлонду Элина ичинен, анткени бул тааныш ысым, тааныш аял эле...
(Аягы)
Азима АКУНОВА
Демөөрчү