Парапсихолог жооп берет


"Асман пресс" гезити жана "Сары-Өзөн" ТНТ каналында "Таңкы Така Шоу" прогарммасы менен биргеликте "Катка жооп" аттуу рубрика ачылды. Бул рубрикада окурмандардан жана теле көрүүчүлөрдөн келген жандүйнөсүн кыйнаган суроолорго Академик парапсихолог Лариса Асанбекова сурооңуздарга жооп бермекчи. Суроолорду ainuska56@ mail.ru,
saryozontv@mail. ru жөнөтүңүздөр, же 0700801007 телефонуна чалыңыздар. Төмөндө окурмандардан келген суроолорго Л. Асанбекованын жообу менен тааныштырабыз.


Гүлмира Сыдыкова, Ош шаары.
- Саламатсызбы Лариса жеңе, биз түштүк эли сизди дагы эле жеңе дейбиз. Сиз менен сыймыктанабыз жана урматтайбыз. Мен сиз менен көрүшө элек болсом да, сизди устатым деп эсептейм. Себеби, сиздин гезит бетине жазган макалаларыңызды калтырбай окуп көп нерсени үйрөндүм десем жаңылышпайм. Сиз ислам динин элге туура жана жеткиликтүү тил менен түшүндүрүп жатканыңыз кандай сонун. Сиздин куран, кудай тууралуу жазгандарыңыз түшүнүктүү мисалдар менен берилгендиктен кудайга болгон ишенич артат экен. Сизге рахмат. Менин сизге чалып жатканым, "Аң сезимди аруулаган медитация" деген макалаңызды окуп аябай кызыктым. Бул медитация дагы болобу? Качан болот? Болсо эртерээк кабар берип коё аласызбы?
- Рахмат, Гүлмира гезит аркылуу жардамым тийип жаткан болсо өтө кубанычтамын. Гезит ачкандагы максатым деле элге жардам берүү болчу. Демек, максатыма жеткен экемин деп сүйүнүп жатам. Февраль айында Багавандын шакирти Герман Смирнов келип медитация өткөрүп кеткен. Буйруса ушундай медитациянын март айында 2-туру болот. Азырынча кайсы күнү болоору белгисиз. "Асман пресс" гезити аркылуу сөзсүз маалымат берилет. Андыктан гезитти калтырбай окуңуз.

М. Козуева, Кара-Суу району:
- Саламатсызбы Лариса эже, сиздин макаланы күтүп окуйбуз. Сиздердин гезитте саясат көп болгонсуп атат. Андан көрө жандүйнөгө керектүү макалаларды көп жазсаңыздар жакшы болмок. Мен да парапсихология илимине кызыгып жүрөм. Сиз окуучуларды даярдайсызбы?
- Ооба, окуучуларым бар. Кызыксаңыз келип окусаңыз болот.
- Дагы бир суроом, Индия эли жандыктардын этин жебегиле, бардыгыбыз бир организмбиз дешет. Биз болсо тескерисинче курмандыктарды чалып жатабыз. Сиз ушуга кандай карайсыз жана кимисиники туура?
- Рахмат, Гүлмира. Чындыгында мен тигиники туура, мунуку туура эмес деп айтуудан алысмын. Бирок, Индияга окууга баргандан бери этке менин табитим тартпай калды. Мунун себеби, энергиянын жогорку сапатка көтөрүлгөнүнөн. Чындыгында өсүмдүк, жан-жаныбар, адамзат бир эле аң сезимден келген бир организм экенбиз. Канчалык адамдын энергиясы арууланса ошончолук жеңил болуп сапаты жогорулайт. Энергия жогорулап сапаты көтөрүлгөн сайын аң сезим ачылып, аалам сырлары ачыла баштайт. Ал эми жандыктардын эти аркылуу алынган энергиянын сапаты төмөн жана оор болгондуктан ал энергия адамды ылдый тартып, духовный бийиктикке жетүүгө тоскоол болот. Мисалы, Индияда күн ысык болгондуктан алар жашылча жемиш менен көбүрөөк азыктанышат. Биздей тоолуу жана суук аймактарда малдын эти болбосо болбойт деп түшүнөбүз. Курмандыкка малды чалууну Ибрагим пайгамбарга, баласынын ордуна койду курмандыкка чалууга кудай жиберген да. Ошондуктан туура эмес эч нерсе жок. Ар бир жан өз деңгээлинде энергияны каяктан алат, кандай алат өз эрки. Жаңы доорго өтүп жатабыз деп айтып жатабыз. Жаңы доордун энергиясы өтө сапаттуу болгондуктан бара-бара малдын этин адамзат колдонбой калат. Бул бүгүн эртең эле болот дегендик эмес. Акырындап боло турган нерсе. Негизи ким жандүйнө энергиясынын сапатын жогору көтөргүсү келсе өзүнөн-өзү эле оор энергия берүүчү тамак-аштан алыстайт.





Аң сезимди аруулаган медитация


Үстүбүздөгү жылдын 17-февралында Бишкекте атайын Индиядан Багаавандын шакирти Герман Смирновдун медитациясы болду. Медитация өтөөрү менен мага суроолор жамгырдай жаады. Ар ким өз ойлору, көргөндөрү, сезимдери тууралуу айтышып, түшүнбөгөндөрүн менден сурап жатышты. Кээ бирлери телефон чалып ыраазычылыктарын билдиришип дагы болсо жакшы болот эле деген тилектерин айтышты. Мен да Багаванга жана Герман Смирнов, Руслан Саидовго ыраазычылык билдирем. Чындыгында Багаван Германды бизге бар деп жибербесе, биз планда жок болчубуз. Индиядан Герман экөөбүз сүйлөшкөндө программа эчак түзүлгөнүн, бизге келе албасын айткан. Бирок Багаван жаңы жылдан кийин Германга "көз аркылуу энергия" берүү касиетин берип жатып Кыргызстанга да бараарын айтыптыр. Багаван, сизге таазим. Батаңызды берип жатып "өзүм көзөмөлгө алам" дедиңиз эле кыргыз элинин атынан ыраазычылык билдирип рахмат айтам.

Тилекказиева Гүлкайыр:
- Мага медитация аябай жакты. Герман көзүн ачканда укмуштуудай толкун келгени байкалды. Көздү жумуп олтурганда мен Амма Багаванды, пилге окшош адамды (Ганеша), көп колдору бар аялды ( Шива), шаркыратма жана булак көрдүм. Мен муну ыйыктар бизди суудай тазалап жаткан экен деп түшүндүм. Ошондой эле биздин "Аталар" турганын көрүп алар да жардамга келгенин сездим. Бир убакта Германга " Пендечиликтен көтөрүлгөнгө күчүм жетпей жатат, жардам берчи деп сурансам, "Сенин күчүң жетет, бары жакшы болот" деп жооп берди. Анын көздөрүнөн нур чачырап залга толуп жатканын байкадым. Менин көңүлүм көтөрүлүп мындай абал эртесинде да уланды.
Назарматова Арууке:
- Лариса эже, сизди жараткан кудайга, сизге ыраазымын. Медитацияда күтүлбөгөн окуя болуп кетти. Алгач денемди ток ургандай катуу толкун урду. Анан көз алдыма пендечиликтен арыла албаган адамдар, ичкендер, таза эмес адамдар көрүнүп менин эркимен тышкары "Адамдар көр тириликтен көтөрүлүп тазалангылачы" деп кыйкырып ыйлай баштадым. Мен колумду көтөрүп, элди тазалап жатыптырмын.
Катуу кыйкырып ыйлагандыктан өзүм чочуп кеттим. Менин ыйлаганыман коркуп кеткендер залдан чыга баштады. Медитация аз болгондой өкүнүп калдым. Бирок, ушунчалык өзүмдү жеңил сезип өзгөрүүлөр байкалууда.
Лариса Асанбекова