Бир собол
- Атамбаев Орусия жергесине барып Манас бабабыздын эстелигинин ачылышына катышып, Орусиянын бийлик төбөлдөрүнө жолукту. Ал ортодо журналисттерге интервью берип айрымдарды таңдантса, айрымдарды кубантты. Президенттин бул визити тууралуу собол салдык.

Дастан Сарыгулов, коомдук ишмер:
- Буга чейин жардам сурап эле келген да. Мисалы, күйүүчү майга салыкты бошотуп коюңуз деп жардам сурады. Кошоматтанып чокунун атын Путин койду. Эгерде Россия Кыргызстанга 15 миллион доллар карыз болсо, Кыргызстан Россияга 500 миллион доллар карыз болуп атпайбы. Бул факт. Сурабаса сурабай баргандыр, бирок Россия ким, Кыргызстан ким, муну турмуш аныктап койгон илгертен бери. Манастын эстелигинин ачылышында Манас этникалык россиянин деп айтып, элдин баары күлдү деп Азаттыктан берди. Кутузов Азиядан чыккан, Тургенев Тургун деген сөздөн, бул өзү түбү кыргыз дептир айтор, мен ушундай нерселерин ар кимден угуп атам.
Рыспай Исаков, манасчы:
- Манастын эстелигинин ачылышы албетте жакшы саамалык. Башка жерлерде өзүбүздүн улутубуздун сыймыгы болгон Манас бабабыздын эстелигинин ачылып турушу чоң жетишкендик деп ойлойм. Кудай буйруса Алтайга да ачабыз деп атканы жакшы. Ал эми эстеликтин ачылышы Атамбаевдин багына туш болуп калды.
Табылды Акеров, саясат талдоочу:
- Россиянын базасын Кыргызстан чакырган эмес. Ал биринчи кезекте Кыргызстандын "Манас" аэропортуна "Ганси" базасы киргенден кийин россиялыктар эмне үчүн биз Кыргызстанда болбошубуз керек деп атаандашуунун негизинде өздөрүнүн базасын Кантка киргизген. Бирок, салыштырып көрсөк "Манас" аэропортундагы базадагыга караганда Канттагы база чоң территорияны ээлеп турат. Андан тышкары СССР учурунда курулган бүтүндөй имараттардын баарын ээлейт. Бирок, ошонун баарына эч кандай акча төлөбөй келе жатат. Андан кийинкиси келишим боюнча бир топ пункттар бар. Алардын бири биздин учкучтарды самoлетту башкарууга үйрөтүш керек. Мына ошондой келишимдер да аткарыла элек. Американын базасы Кыргызстандын коопсуздугу үчүн керек деп киргизилген, жана ошол негизде турат. Ал эми Россиянын базасы көпчүлүк учурда Россиянын геосаясый кызыкчылыктары үчүн турат. Мына ошондуктан Россия тарап биздин учкучтарды үйрөтүүгө, келишим боюнча пункттарды аткарууга кызыкдар эмес. Алар улуу держава катары текеберчилик кылып бизди басмырлап, кичинекей мамлекет дегенчелик кылып мамиле жасоодо. Ошолорду Кыргызстандын кызыкчылыгына пайдалануу үчүн президент, өкмөт тарабынан ушул аракеттер жүрүп, Россиянын базасы да акча төлөш керек деп айтып атат. Жери чоң, ошонун баарына акча төлөшү керек, кайсы мамлекет болсо дагы, Америка болобу, Россия болобу кандай мамлекет болсо да Кыргызстан менен паритеттүү мамиледе иш алып барыш керек. Кыргызстан бул эгемендүү мамлекет деген позиция айтылып атышы жакшы. Буга чейинки президенттер Кыргызстандын кызыкчылыгына аракет кылбай Россия менен партнер катары мамиле түзө беришкен. Бирок, ошол мамилелерде келишимдердеги пункттар аткарылып атабы, жокпу кызыгып көрүшкөн эмес. Бүгүнкү реалдуулук ошонун баарына кызыгып Кыргызстандын эгемен мамлекет экенине басым жасоо керек болуп атат.
Акча маселеси тууралуу айтсам, бүгүнкү күндө Кыргызстан өзү аракет кылмайын бизге эч ким жардам бербейт. Мисалы, ушул эле Россия мамлекетине СССРден бери келаткан биздин 170 миллион доллар карызыбыз бар. Бирок, ошол карыздарды кечпей келатат. Ошол эле учурда Түркия мамлекети көп жардамдарды берип, карыздарды кечип атат. Ошондуктан бүгүнкү күндө Кыргызстан өзүнүн жеке экономикасын көтөрүүнүн негизинде бутуна туруп эгемендигин чыңдаш керек. Мурункудай болуп карыз сурап, насыя ала берсек эгемендигибизге шек келтирерибизди бүгүнкү жетекчилер түшүнүп, обу жок насыяларды албаганга аракет кылып атат деп ойлойм. Мисалы, Грузияда да ушундай болгон. Саакашвили келгенден кийин коррупцияны жоюу боюнча чоң аракеттерди жасап, экономиканы турукташтыруу саясатын жүргүзгөн. Бизде ошого жакын саясат жүрүп атат (Коррупция менен күрөшүү). Кыргызстандын акчаларынын өтө чоң бөлүгү бюджетке келбей эле чиновниктердин же коррупционерлердин чөнтөгүнө түшүп атат. Ошону казынага түшүрүп анан өнүгүүгө аракет кылыш керек. Биз байкабаган менен казынага түшкөн салык күндө өсүп атат. Демек, Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрү бар, аны пайдаланыш керек. Бюджет Кыргызстандын өзүнүн акчасы менен бекемделбейт. Атамбаев болсо Кыргызстандын башкалардын чөнтөгүнө кетип аткан акчаларын бюджетке киргизип экономиканы бекемдөөгө аракет кылып атат.





Шадиевдин шайы оойбу?
"Уккан кулакта жазык жок" дейт кыргызда. Анын сыңарындай, коррупцияга каршы күрөшүү укуругу энергетика министри Аскарбек Шадиевдин башына жеткенин эшиттик. Эгер Шадиевдин финансылык махинациялары аныкталса (аны азырынча айтпай туралы), анда ал киши эркиндик менен кош айтышабы? Мунун чын-бышыгын тактайм десе министр мырзага эшигибиз ачык.


Ө.Бабанов шайлоодо таза талапкерлерди тандоого чакырды
Учурда көптөрдүн көңүлүндө 4-мартта шаардык кеңештин депутаттарына болчу шайлоо турат. Азыртадан эле "административдик ресурстар колдонулуп жатат, силерге шайлоодон кийин көргөзөбүз",- деп жар салгандар жок эмес. Аптанын аягында Ошко иш сапар менен барган премьер-министр Өмүрбек Бабанов эл менен жолугушууда шайлоодо административдик ресурс деген нерсенин колдонулбаш керектигин, дегеле бул жерде күч түзүмдөрү тикесинен тик туруп иштеш зарылдыгын белгиледи. Өкмөт башчысы шайлоону мыйзамдуу жана ызы-чуусуз өткөрүү боюнча тартип коргоо органдарынан сырткары Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовго көрсөтмө бергенин билдирди. (Маалымат үчүн айта кетсек, Ош шаардык кеңешинин шайлоосуна М.Мырзакматов түзгөн "Улуттар биримдиги" партиясы да катышууда). "Тартип коргоо органдары, күч түзүмдөрү коомдун коопсуздугун камсыз кылуусу шарт. Каалоосу болгон бардык саясий партиялар шайлоого катышууда. Бул - эл тандаган демократиялык жол. Депутаттарды өзүбүз шайларыбызды эске салсак, таза жана принципиалдуу талапкерлер үчүн добуш берүүгө чакырар элем",-деди Ө.Бабанов. Ошто эл менен жолугушууда премьер-министрге кылмыштуу топтор туурасында да суроолор берилди. Бул боюнча өкмөт башчысы учурда уюшулган кылмыштуу топтун 240 мүчөсү кармалып, азыр темир тор артында жазасын өтөп жаткандыгын айтты.




УКМКнын тергөө изоляторунун жетекчиси кызматынан бошоду
Кыргызстан МККнин тергөө изоляторунун (СИЗО) жетекчиси Бакыт Жумаев кызматынан бошоду,- деп билдирди аталган ведомствонун пресс-кызматы.
Өздүк Коопсуздук Башкармалыгы Бишкек шаардык жол коопсуздугунун инспектору Айбек Эшбаевдин изолятордогу өлүмү тууралуу тергөө иштерин аяктагандан кийин ушундай чечимге келген. Ошондой эле тергөөнүн жыйынтыгы боюнча смендин начальниги Д.Осмонкулов менен эки контролер А.Эшкенкулов менен М.Жекшен уулунун иштери тууралуу материалдар КР Аскер прокуратурасына жөнөтүлгөн.
Мамлекеттик финансы полициясынын кызматы жана Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан пара алды деп кармалган Айбек Эшбаевдин денеси 11-февралда Улуттук коопсуздук комитетинин изоляторунда табылган.

Кыргызстан 1 млн.сомдук техника менен камсыздалды
Кыргызстандын ӨКМ Россиядан 1 млн.сомдук техника ж.б керектүү буюмдар менен камсыздалды деп билдирди республикабыздын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, коомдук сактоо системасындагы ишинин жыйынтыгын чыгарып жатып.
К,Бороновдун айтуусунда өзүнө караштуу ведомство Россиядан "Нива" маркасындагы 23 автомобиль, 10 атайын жана 4 - кырсыктан сактоочу машиналарды жана 11 комплект буюмдарды алышкан. Россия тарап КРнын борборундагы "Кризистик Борборду" да жаңылап модернизациялоо үчүн каражаттарды бөлүүгө даяр экендигин билдирет. Ал Борбордо керек учурда "онлайн" режими аркылуу региондор менен байланышып алардын ишин жөнгө салып турабыз-дейт Кубат Боронов.

Президенттик шайлоо коопсуздугун 36 миң адам кайтарат
4-март күнү Москвада өтүүчү президенттик шайлоонун тынч өтүүсүн 36,5 миңге жакын адам көзөмөлөйт. Алардын 16 миңи - полиция кызматкерлери, 2 миңи курсанттар о.э.4 миңден ашык жеке күзөт мекемелери менен 14 миңден ашык элдик дружинниктер.


"Түндүкэлектрдин" пара берген кызматкери кармалды
"Түндүкэлекр" ишканасынын башкармалыктарынын биринин кызматкери 15 миң доллар пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирүүдө. Маалыматка ылайык, министрликтин Уюшма кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгы "Түндүкэлектрдин" аталган башкармалыгында мыйзам бузууларды аныкташкан. Текшерүүнүн жүрүшүндө, кызматкер 15 миң доллар сунуш кылып, ишти жаап салууну сунуштаган. Натыйжада паракорчулук беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Пара берген кызматкердин аты-жөнү ачыкталган жок. Бул боюнча "Түндүкэлектр" ишканасы позициясын билдире элек.