Сандан-санга сериал:
Касымбек Тазабеков

Канда айланган


махабат


(Башы өткөн санда)
Москвада
Москва, 1962-жыл. Биз Кыргызстандан барган аспирант медиктер саналуу гана адамбыз. Ар кайсы институттардан, улуубуз бар, кичүүбүз бар дегендей. Табышып алганбыз. Жатаканабыз да ар кай жерде. Үйүңдөн кыркы кез жолго чыксаң, мусапырсың дегендей. Москва борбор болсо да элиңди, жериңди, жоро-жолдошторуңду, тилиңди, дилиңди көнгөн тамак-ашыңды сагынасың. Алты күн жаныңды сабап, күнү-түнү иш менен алектенип китепканада отура берип чарчап да бүтөсүң. Башың айланат. Москвада бара турган, көрө турган жер көп, бирок, колуң бошобойт, убакыт тар. Атайын окуу деп, билим алалы, билимдүү бололу деп баргандан кийин намыстанып жанталашасың. Бирок арабызда анчалык көңүлдөнбөгөн, мурун иштеп келген, столго көп отуруп көнбөгөн, чөнтөгү калың, ичи-жегенди жакшы көргөн, оюн-зооктордун тегерегинде болууну эңсеген жолдоштор да болду. Бирок андайлар арабызда аз эле. Бизди чогултуп, баш коштуруп жүргөн Эсенкан Тентимишов менен анын жубайы Чынара Ахунбаева. Чынара кадимки эле, хирург Иса Коноевичтин кызы. Эсенкан болсо өтө шайыр, өтө тамашакөй, бетке ачык айткан кыргыз комузун сүйө да, черте да билген жигит Москвага комузун алган экен. Чынара болсо татынакай, ачык-айрым шайыр мүнөз, күлкүчү, созолонтуп жакшы ырдаган келин. Алтынчы күнү кечинде, дайыма эмес, ыгы келе калганда анда-санда жолугабыз.
Бир күнү кечинде менин жатаканама Эсенкан Тентимишов жетип келиптир - шашып-бушуп: "Эртең кечинде саат беште Иса Коноевич чакырып жатат, ал киши Москвада окуп жаткан аспирант-медиктерди бир ресторанга чогултуп, тамак берет экен. Келбей койбо. Академик Ахунбаев биз менен жана биздин ишибиз менен таанышып, ал жайыбызды сурайт имиш. Болгон аспиранттардын барына кабар бердим. Тигил алысыраак Москванын четиндеги Муртаза Асанов дагы кудай жалгап кезигип калса болобу. А дагы келет. Кыскасы, алты-жети адам болот окшойбуз. Академик кайнатамдын эмнесин аяйбыз, бир жыргап алалы. Кой, шалылып атам, кеттим, келбей койбо.
Албетте, атактуу академик чакырып жатат деген ойдо жок нерсе эле. Ар кандай ой кетет. Күйөө баласы менен кызын жалгыздатып чакырбай жолдоштору менен кошо чогуу болсун дегениби. Деги ал киши менен бирге олтуруп, ресторанга тамак ичүү эмес, караанын көргөндө уялып качып, ийменип жүргөн залкар устатыбыз, кыргыз медиктерин атасы Иса Ахунбаев менен кол кармашып көрүшө элек жайыбыз негедир тарткынчыктатат. Анын улуу даражасы, кыргыз элине сиңген эмгеги бизди окутуп, билим берип, уядан учурган мезгили али эстен кете элек кез. Унутулбайт да. Бирок эртеңки жолугушуубузда баарынан кызыгы Муртаза да келет дегени мага жагат. Анткени, ал жигит менен бир кезигүүдө жакшы сырдаша албай калганбыз. Ал менден төрт-беш жаш улуу, институтту бүткөндөн кийин райондон иштеп келген. Оор басырыктуу, жылдыздуу жигит. Негедир экөөбүздүн мүнөзүбүз төп келишкен сыяктуу. Бирок эзилишип сыр чечише элекпиз. Кыязы көп нерсени билген, купуя бир сыр ичинде сакталып жүргөн кебетеси бар. Мында эл-жерден үй-бүлөдөн алыс жүргөндө баштан өткөн кызык окуяларды ортого салышта эмеспи.
Эртеси болжошкон саатта баарыбыз Иса Коноевич токтогон "Будапешт" деген гостиницага чогулдук, Кирсек а киши ваннага, сууга түшүп аткан экен! "Мен чыккыча, аркы муздаткычты ачып, бирдеме болсо шам-шум эте бергиле"- деп кызы Чынарага үн катты. Караса муздаткычта килейген бышырылган индүктүн эти, жылкынын чучугу, карын-карта дегендей. Бечара Бүбүкан Измайловна канткен менен эне да кызы менен күйөө баласы кол карап, үмүт этет десе керек, берип жиберген экен. Жулунган аспиранттар коебузбу, кыргыз тамагын сагынып калган курган жан кайсап кирдик. Бири-бирибизди карап мулуңдап коебуз. Көбүбүз канча жулунсак да Муртаза антпеди. Анын токтоо мүнөзү, сыпайылыгы, адептүүлүгү, ошол тамак ичип атканда да байкалып турду. Канткен менен анын бизден жаш жагынан улуулугу, турмуш кагып маданияттуулугу сезилгендей, көзүн кылгыртып бизди жылмаюу менен байкап, араң эле оозун бүлкүлдөтөт. Бир аздан соң Иса Коноевич чыкты, боргулдана тердеп калың халат кийип. Баарыбыз менен кол алышып көрүштү. Улам сүлгү менен терин аарчып! - Кана шам-шум этип атасыңарбы? Жакшы. Эмнеге бул тамактарды кургак жеп атасыңар, алып чыккыла ары жактан шампан менен кургак шараптан, энеңер берип жиберген силерди ооз тийсин деп, а мен бере турган даам башка жерде болот. Уялбагыла, алгыла, жегиле, ичкиле.
Эсен, деди күйөө баласына кайрылып, кана тааныштырчы бул болочок илимпоздорду, кайсы институттарда окуп жатышат. Иштери кандай жүрүп жатты экен. Москвага жылына бир-эки жолу келген сайын атайын окуп жаткан кыргыздын силерге окшогон жаш илимпоздордун баш коштуруп, ал-ахвалдарын сурап, керек болсо колумдан келген жардам болсо, аябай аягында чай берип жүрөм. Анан силер жөнүндө министрликте, институтта, окумуштуулар советинде да сөз кылам.
Мындай аталык камкордукту эл четинде жоо бетинде дегендей жүргөндө, кайсы окумуштуу жада калса кайсы министриң жасайт. Шампан, шарап да ачылды. Тамашакөй, куудул, ачык-айрым, үйрөнүшүп калган күйөө баласы Эсен акырын көз кысып: алгыла, качыргыла болуп, биздин колубузга стакандарды карматып жатты. Тамактар желип жакшы эле напси басылып, дагы бир аз бажактай түштүк. Иса Коноевич да шампандан чоң стакан менен кере-кере жутуп, суусуну канып калды окшойт, ваннадан кийин. Мен кийинейин деп ордунан турду. Биз жаштар эшикке чыктык.
Бир аздан кийин Иса Коноевич келетат, тоодой болуп, өзү олбурлуу, зор адам. Үстүнө келишкен кара кундуз жака салынган пальто, анан кундуз кара тумакты кийгенде адамдын алпы сыяктуу болуп көрүнүп турду. Иса Коноевич келип: - Кана балдар силер москвалык болуп калбадыңарбы, шаарды өздөштүргөн чыгарсыңар, кайсы ресторанга баралы, баштагыла, мынча болду эми жакшыраагын эле тандагыла,- деди.
- Ресторандын баары эле жакшы Иса Коноевич, эмесе бул эң жакшы жердеги грузиндердин "Арагвисине" эле баралы деп мойпоңдоп күлүп койду күйөө баласы Эсен.
- А эмесе макул, бул шум күйөө бала ресторандарда болсо керек, билет да кайсынысы жакшы экенин, - деп күлүп калды.
- Грузиндер, жалпы эле кавказдыктар, шашлыкты жакшы жасайт деди каткырып күлүп Эсен.
- Биз кыргыздар эт жегенди жакшы көрөбүз да. Папа,- деди күлө карап, көзүн кысып Чынара.
Баарыбыз жылмайгансып калдык.
- Кана эмесе кеттик анда, -деди Иса Коноевич.
Укмуш жасалгаланган "Арагви" рестораны, жанды эритип музыка коштоп турат. Эмне жеп, эмне ичет, Эсен өзү табыштап жатты. Мурун ичибиз жылып калган да, курсак компойгонсуп. Көңүлдөр ачык.
Баарыбыз чогуу чоң столго отурдук. Аңгыча дасторкон толо, стол титирейт, эмнелер гана жок, бир эки жолу академик менен стакан кагышкандан кийин ал кишиден көп чочуркабай калдык.
Чынында эле Иса Коноевич адамдын зору боло турган. Өзү олбурлуу, бою бийик, жотолуу, кең далылуу, шашпай сүйлөгөн, коңур үндүү, маңдайы жазы, чап жаак, мурду келтирээк келген адам эле. Көзү жай караганда кадимкидей эле, ал эми ачуусу келе калганда бир тиктегени көзүнүн чаары чыга адамды жутуп жиберчүдөй каардуу көрүнчү.
Жашы элүүдөн ашып калса да чачында бир тал агы жок, чырымталдуу, али күч-кубаты кадимки жаш кезиндей балбан адамдай байкалчу.
(Уландысы кийинки санда)