Мукамбет Токтобаев арт


жагын кылчайып


карады


40 жылдан ашуун өмүрүн кино, театр чөйрөсүнө арнап талбай эмгектенип келе жаткан агабыз КР эл артисти Мукамбет Токтобаевди тааныбаган кыргыз жок чыгаар. Ооба, агабыз кезинде Шекспирдин "Король Лир" трагедиясында королдун, Айтматовдун "Гүлсаратында" Танабайдын, Абдумомуновдун "Маашырбек үйлөнөт" комедиясында Маашырбектин образын мыкты жарата алган. Ошол учурда Мукамбет Токтобаевди көчөдөн Маашырбек деп таанышса, азыр генерал деп билишет. Актерубуздун жеңилин жерден, оорун колдон алган байбичеси да эл оозуна алынып калган актриса Жандат Жаманбаева. Эмесе сөздү узартпай чыгармачыл үй бүлөнүн кызуу маегине көңүлүңүздөрдү буралы.

Балачак, кызыгуу, өжөрлүк
- Атам менен апам ажырашып кетип Талды Суу айылындагы таекелеримдин колунда чоңойдум. Таекем райондун чарба кызматкери (завсклад) болгондуктан артисттердин баары биздин үйгө конушаар эле. Алар келген кезде үйдө таң атканча ырдашчу, аларга аралашып жүрүп улам кызыгуум арта берди. Үйдөгүлөр Балыкчыга көчүп кетишти, ал учурда комузду жакшы үйрөнүп калгам. Кийин мандалин деген мода болуп аны үйрөндүм. Андан кийин элдин баары аккордеонго көчүп кетип аны үйрөндүм. Ошентип отуруп 10-класста окуп жүргөндө маданият үйүндө аккордеон черткен эч ким жок болуп, мени штатка көркөм жетекчи кылып киргизип коюшту. Сабак деген нөль. Маданият үйүндө эле жүрөм. Обон чыгарып баштадым. 11-классты бүтүп ал жакта иштеп калдым. Бир күнү "Нарын" театры келип менин аккордеон черткенимди көрүп "бул жактан өспөйсүң, Фрунзеге бар" деп кеңешин беришти. Фрунзеге келип Филармонияга солист болуп өтүп кеттим. 4 ай гастролдо жүрдүм. Жүдөп кеттим. Келгенден кийин Кырдрамга сынак болуп калды. Ага чейин балдар мени айнытып жүргөн "Кырдрамга эле кетип калбайсыңбы, гастролго чыкпайт, дайым бир жерде отурушат, сонун" дешип. Сынактын кезеги мага да жетти. Болгон өнөрүмдү көргөздүм. Журиде отурган эки киши талаша кетти. Көрсө гастролго чыкканда ырдаган киши, аккордеонисттер жоктугунан балдарды тандап жүрүшкөн экен. Филармонияда бир Кеңешов деген ырчы келип "ал жакка эмне бар? Алар бир гастролго чыгып келген соң сени айдап ийет", "Ой ит, сенин иштей турган жериң тигил жакта" деп сөгүп атат, мен да көгөрүп болбой койдум.

Башка дүйнө, гастроль, үмүт
- Анан Муратбек Рыскулов келип, "Бу кайсы бала экен?" десе "ырчы" дешти. " И-ии, кана ырдачы" деди. Бай сыяктанган төрөпейил киши экен. Ырдап бердим. Күнүгө келип "ээ баякыңдан соз" дейт. Бир күнү бир жерге алып барайын деди. Экөөбүз жүрүп отуруп операга келдик. Пианиного отуруп алып үнүмдүн жеткен жерине чейин чыңыртты. Ошол боюнча Кийизбаевага окутмак болду, хордо иштемек болдум. Ошол жерге өткөзүп коюп кетип калды. 2 күн келдим такыр эле башка дүйнө болуп, мен үчүн жакын эместей туюлду. Киши толтура, 2 күндөн кийин кетип калдым. Кайра келип бузук аккордеонду оңдоп атсам Мукем келатат. Декарациянын арасына кире качтым. Кийин гастролго чыгып кеттим. Бирөө "мен киного түшөт элем, иштен чыгарсаңар чыгарып салгыла" деп болбой кетип калды. Анан эле "бу баланы байкап көрбөйлүбү" деп калышты. Спектаклде ойной аласыңбы дегенде эле ойнойм дедим. Анда эмне жашмын спектаклдин барын жатка билем. Анын үстүнө кетип калган кишинин ойногону мага жакчу эмес, карыраак киши эле да. Бир бандитти ойночу, жарашчу эмес. Мен өзүмчө эле режиссёр болуп, мындай болсо тигиндей болсо деп жүрө берчүмүн. Кечинде мурутту чаптап, беретканы кыйшайта кийип, такыр башкача сүйлөп ойноп кирсем "оме-ей ай, бул балада бар экен" деп калышты.1,5 ай гастролдоп келген соң чогулуш болду. 4 бригада чыккан экен андагы аккордеонист, ырчы болуп киргендердин баары учуп атат. "Рахмат айланайын жардам бергениңе эми окууңду оку" деп узатып атат. Баягы айткандар келип атат ту-уй ата дедим, өкүндүм. Жаным кейип атат. Бир убакта Рыскулова деген кызды "керектүү кыз экен" деп алып калышты. Менде бир үмүт пайда болду. Кезек биздин бригадага жетип мага келгенде, мени да "бизге керек бала экен" дешип жаман кызды мактагандай эле макташып, калып калдым. Гастролдон келгенден кийин эле отпускага кетишет экен. Мени отпускеге чыкпайсың бул жердеги ремонтко жардамдашышың керек деди. Директорго кирсем "Эгер кетсең акча албай каласың" деди, акчанын кереги жок кетейин дедим. Бир айдан кийин баланчасында келесиң деди. Кеттим. Балыкчыга бардым. Маданият үйүнө барсам гастролго кетип атышыптыр, аларга кошулуп кеттим. 20 чакты күн жүрдүк.

Сынак, кубаныч, ич ачышуу
- Гастролдон келгенден кийин атам "артист болгуң келсе маданият үйү турат" деп кетирбей койду. Калып калдым. Күреңкеевде окуган досумду да "кийин Москвадан окуйбуз" деп алдап алып калдым. Жаманов деген бригадир келип, "балдарды чогулт, театрга өткөнгө балдарды жыйнап жүрөм" деп калды. Мен да барам десем жазып, "Кагаз келет баргыла" деп койду. Келсек бир орунга он бала туура келет экен. Бир убакта жулунуп отуруп кирдик. Биринчи мен кириптирмин ортосуна барып отурсам "жылчы" деп отурушуп 1-катарга барып калдым. Муратбек Рыскулов отурат, эми эмне болот деп атсам мени карап, "Эй, баягы сенсиңби?" деди. "Бас бери окуйун деп атасыңбы? Болуптур эми өнөрүңдү көрсөт" деп калды. Ташкенден бүтүп келген Султан Мамбетисаев деген режиссёр бизди даярдап жиберген. Дуулдап ымыр-чымыр болуп эле сыртка чыктык. Сүрдөгөндөн тамак кургап калыптыр, газ водадан өлөөрчө ичтик. Эмне болдук деп келатсак Молдобаев деген "Эй экөөң бас бери, киргиле" деп калды, кирсек биз өтүптүрбүз. Сабак боюнча экзамен тапшырасыңар деп калды, кубанып келдик. Китеп окуп даярданып аттым. Тапшырып өтүп кеттим, биротоло кетесиңер деди. Атама айтсам жиберди. Жибербеген күндө да кетип калмакмын. Кыргызстандан чыгып Мерке жакка жетип калганда кадимкидей ичим ачышты, калып калчудай болуп жаман болдум.

Студенттик кез
- Москвага барганда көрүүм, сезүүм башкача болчу. Стулда отурсак "көтөрүп алып сыртка чыккыла, биз кир дегенде киресиңер" дейт. Жылма кирип, жылма чыкмай. Ушул да окуубу деп атам, менин жайыма койсо шарт эле ойнотуп кирсе дейм. Көрсө кичинекей нерседен баштап үйрөткөн экен. Анда айылдан барган балдар көп эле. Иосиф Раевский Станиславскийдин окуучусу болчу, ошол киши сабак берчү. Бир балабыз жакшы уктабай калганбы айтор, оозун ачып эстеп койду эле айланайын жанындагылар "Раевскийдин маңдайында сен кантип уйкуң келип оозуңду ачтың" деп аябай урушту. Шаршен деген дагы бирөө бар эле, эс алууга чыкканда костюмун силкип кийип уруш эшитти. Мына ушинтип баскан тургандан тартып калыптандык. Кээ бир жакшы окугандар сабактан жакшы болгону менен мастерстводон начар болушчу. Кыргыз студиясы жакшы деп он баланы Германияга алып барды. Бүтүп келгенден кийин бизди Ош театрына жөнөтүштү, 5 жыл иштеген соң келе бердим.

Роль, сыйлык, таарыныч
- Бул жерге келгенде эле роль бере койбойт экен. Кээ бирөөнүн 2-составы жок экен, аларга экинчи составда ойнодум. Маашырбекти ойнодум. Жакшы чыкты. Гостролго чыгып келгенден кийин мени көчөдөн көргөндөр "Маашырбек келатат" дешчү. Азыр Генерал дешип калышы. Семетейди ойнодум. "Манастын уулу Семетей" Токтогул сыйлыгына көрсөтүлүп калды. Гезитке 1-жолу чыгып, Күйүкова, Жаманов, мен көрсөтүлүп калдык. Бул жакка, тигил жакка чуркашып калды. Ошентип калып калдык, кийинки жылы бешөөбүз көрсөтүлдүк. Сыйлык алышты, мен жокмун. Генадий Базаров дагы бир топтор "Гамлет сыйлыкка көрсөтүлүп атса, көр казгандар сыйлык алганы кандай болот" дешти. "Манастын уулу Семетей" көрсөтүлүп атса анан башкалар сыйлык алып калганы кызык болуп атпайбы. Ошентип албай калгам. Таарындым дагы "Тунгуч" театрына кирип кеттим. Кимге таарындым десең. 5 жыл жүрдүм, анан кайра драмтеатрга келбейсиңби дешип келип калдым.

Үйлөнүү, театр тагдыры
- Жандат экөөбүз чогу окуп калдык, акырын көз салып коем. 1969-жылы үйлөндүк. Бүтүп келгиче бир балалуу болдук. Өмүр бою чогу жүрдүк. Тунгучка кеткенде да "Мен кетип атсам сен эмне кыласың, бас" деп ала кеткем. Барсак ал жакта деле ошондой экен. Театрга Жамал Сейдакматованы көркөм жетекчи кылып шайлап алдык, иштеп атабыз. Ал өзүнүн күйөөсүн директор кылып алды. Политехте сабак берип жүргөн киши бизге келип окуучуларга кылгандай мамиле кылат. Бирде Асылбек "Агай сиз институттагы балдарыңызга барып сабак бериңиз, бизге сабакты жөн коюңуз, эмне балдарга мамиле кылгандай мамиле кыласыз" деп бир тийди. Кийин актерлорду контракка өткүлө деп чыгыптыр. Анда ойносоң аласың, ойнобосоң жок. Күнүгө спектакль коюлуп атпаган соң жөн эле чыгып кете бер деген сөз да. Байбичем а кезде 50 жаштан ашып калган, 50 жашта 5 бала менен пенсияга чыкса болот экен, ташта да пенсияга чык дедим. Ошондон бери үйдө отурат. Баарыбыз кетип калганбыз. Азыр ал театрды акча табуунун жолуна айланткан. Балдарды чогултуп сабак берет. Театр жок дебесин деп калп да болсо фестивалдарга чыгарып жүрөт.