М.Шарапова + С.Вуячич = 10.11.12



Россиянын теннисчи жылдызы Мария Шарапова быйыл күзүндө (10-ноябрь) словениялык баскетбол жылдызы Саша Вуячич (Нью-Йок Нетс) менен баш кошо тургандыгын билдирди. Бул эки спорт жылдызынын бош убактысы жок болгондуктан алардын ордуна экөөнүн менеджерлери жашыруун жолугушуп үйлөнүү тоюн кайсы күнү өткөрөөрү тууралуу сүйлөшүшкөн. Ал үчүн Вуячич Стамбулда (Саша учурда Түркияда ойнойт) атайын чоң имаратты арендага алган. Жашыруун жолугушууга катышкандардын айтуусуна караганда ал келишимге Вуячичтин агенти гана катышса, Шарапова тараптан он менеджер келген. Баскетболчунун өкүлү үйлөнүү тоюн май айынын ортосунда өткөрөлү десе, теннисчи тараптагылар аны ошол замат четке кагышкан. Анткени, ал учурда Парижде "Ролан Гаррос" турнири өтөт, ал эми Маша "Чоң шлемдеги" бул турнирди бир да жолу ута элек. Анын өкүлдөрү август айында Лондон олимпиадасы бүтөөрү менен (Шарапова олимпиаданы да утууга даярданып жатат) эки айлык бал айын өткөрөлү деген сунушка да макул болушкан эмес. Акыры Шарапованын өкүлдөрү эң ыңгайлуу эле ноябрь айына токтошуптур. Анткени, ал учурда теннис турнирлери дээрлик аяктап калат экен. Ошентип, эки жаш 10.11.12 деген кызыктуу датаны тандап алышыптыр. Ал убакта Вуячич Түркия чемпионатын таштап кайрадан өзүнүн НБАда ойногон командасына кошулуп калат. Ал эми үйлөнүү тою кайда өтөт? Аны эч ким билбейт. Ал азырынча сыр бойдон турат.
Качан гана боло турган кеченин бардык деталдары чечилгенден кийин гана болочок тойдун эки күнөөкөрү Стамбулга келишип, бир-нече күн баягы үйдө эс алып кетишкен. Америкалык басма сөздөрдө Шарапованын үйлөнүү той тууралуу маселени анын эң жакын адамдары чечишкен. Бирок, кызынын жакында турмушка чыгаарын атасы Юрий Шарапов билген эмес. Ал тойду гезит аркылуу билип, эмне үчүн кызым адегенде мени менен кеңешпейт деп капаланып жатыптыр. "Биз Саша экөөбүз бири-бирибиз үчүн жаралганбыз, андыктан бири-бирибизди колдоп турабыз. Анын карьерасы оор, меники узак болбогону менен аныкынан да оор",-дейт Шарапова. Россиялык теннисчи словениялык баскетболчу менен Калифорнияда досторунун үйүндөгү кечеде таанышкан. "Лейкерстин" жаш оюнчусу үчүн Маша белгилүү миллиардер Чарли Эберсолдун баласын да чанып, бир жылдан кийин жаңы жигити менен нике кыйган. Вуячич Шарапованын колун сураганда баасы- 250 000 $ шакек белек кылган. Бирок словениялык жигит менен орус кызы үйлөнүп калса, анда алардын никеси тең салмактуу болбой калат дегендер да бар. Анткени, спорт дүйнөсүндө Шарапованын жылдызы Вуячичтен ачык жанып, анын тапкан кирешеси да бир топ эле көбүрөөк.