Олимпиада айылдан башталат


Кыш айы суук жана узак болуп көпчүлүктү жүдөтүп жиберди. Көбүбүз үйдөн чыкпай, тезирээк эле жаз келсе экен деп жатабыз. А бирок жаштар кыш айында жөн отурбай спорт менен машыгып, лыжа, чана тээп, таза абадан дем алып, ден соолугун чыңдап жүргөндөрү канча. Айтсак, Сокулук районундагы "Төш-Булак" айыл өкмөтүндө кышында спорттун жети түрүнөн спартакиада өтсө, "Раздольная" айылында жаштар жаңы жылдан бери дем алыш сайын көкбөрү тартып жүрүшөт. Мен дем алыш күндөрү ал айылдарга барып спорт майрамдарына катышып, мелдештин уюштуруучулары Кубатов Каныбек ("Төш-Булак") жана Бердибеков Таалайбек ("Раздольная") менен жолугуштум.

Командалар көбөйүп, спартакиада кеңейип баратат
Каныбек: - Биз, айылдын жаштары өзүбүзчө чогулуп алып айыл ичинде спартакиада өткөрөлү деп чечкенбиз. Уюштуруу топтун жетекчиси агабыз Касымбек Кубатов десек болот. Анткени, негизги демилгечибиз ошол киши. Спартакиадабыз эки жылда бир өтүп турат, быйыл экинчи жолу өттү. Быйыл мелдешти бир ай мурда баштап, финалды 23-февраль - Мекенди коргоочулардын күнүнө тууралаганбыз. Оюндар дем алыш күндөрү, спорттун жети түрү боюнча (футбол, волейбол, көкбөрү, жеңил атлетика (кросс), шахмат, гиря көтөрүү ж.б) өтөт. Спартакиаданын негизги максаты - Кышында балдар жөн эле көчө таптап, жаман нерселерге берилип кетпей ден соолукту чыңдап спорт менен машыгуу. Командалар көчө-көчө болуп бөлүнгөн. Айыл өкмөтүндө сегиз көчөбүз бар. Анан да ар бир командада 15 оюнчу болсо, анын төртөө сөзсүз 40 жаштан ашкан ветерандар болуш керек. Ушундай жобо кабыл алынган. Ветерандар спорттун түрлөрүнө жараша бир же эки, айрым учурда төрттөн ветеран болушу керек. Мисалы, шахмат оюнунда бир ветеран, бир жаш оюнчу, кросс чуркаганда да ошондой, ал эми футбол менен волейболдо эки, көкбөрүдө эки ветеран дегендей. Эми биз мурда деле ар кандай оюндарды уюштуруп жүрчүбүз. Анан кийинчерээк спорттун түрлөрүн көбөйтүп, мына быйыл спорттун жети түрүнөн мелдештерди өткөрдүк. Анан да быйыл аба-ырайы да жакшы болуп, катышуучуларыбыз да жылдагыга караганда көп болду. Кудай буйруса дагы көбөйтсөкпү деп турабыз. Анткени, ар кандай сунуштар болуп, биздеги Бөрүлү айылы, Четинди участогу, Төш-Булак чоңураак айыл болгондуктан эки-үч көчө командаларына коңшу айылдар да кошулалы деп жатышат. Ал эми байгелер тууралуу айтсак, өзүбүз акча чогултуп, 30-40 миң сомдой болду окшойт. Андан тышкары спорт федерацияларга кат жөнөткөнбүз, кээ бирлери өздөрү эле келип спорт мелдештерин уюштуруп жатыпсыңар деп колунан келген жардамдарын, белектерин берип кетишти. Мисалы, футбол федерациясы формаларды жана топторду берди. Ошолордун бардыгын мектеп окуучуларына беребиз. А мелдештердин жыйынтыгы боюнча бизде "Бөрүлү" биринчи орунду ээлеп, экинчи орунду Совет көчөсү жана "Гагарин" көчөсү үчүнчү орунга чыкты.

АКШ базасы жабык стадион курушат
Таалай: -Биз, "Раздольный" айылынын тургундары былтыр атайын жер бөлдүрүп алып тай казаны менен көкбөрү аянтын, футболдук талаа, волейболдук аянтча ж.б.мелдештерди өткөрүүчү жай курганбыз. Былтыр "Нооруз" майрамынан кийин ушул "Биримдик" деген стадионубуздун салтанаттуу ачылышын жасап, көкбөрү турнирин өткөргөнбүз. Ага Жогорку Кеңештин ал убактагы спикери Акматбек Келдибековдон бери келишкен. Ал киши бизге спонсор болуп - 1000 $ берип кеткен. ИИМдин министри Зарылбек Ырсалиев -50 000 сом, Азимбек Бекназаров - 1000 $ берген. Бир Руслан деген жээнибиз - 1000 $, Сыргак деген таластык бала келип 20 000 сом берген. Көлбек деген байкебиз улак боюнча турнирдин ачылышында - 50 000 сом, бир жылкы берген. Биз алардын бардыгын унутпай тизмеге жазып алып ыраазычылык айтып жүрөбүз. Былтыр стадиондун ачылышында 170 000 сом акча сайылып, үч боз үй тигилип, микрофон менен улак, футбол, волейбол, күрөштөрдү алып барып, элдерге тамак-аш бергенбиз. Биз күздөн бери ар бир дем алыш сайын улак тартып жүрөбүз. Бүгүн кардын үстүндө күрөш да болот. Биздин максатыбыз деле ден соолукту чыңдап, спорт менен машыгуу. Ушул стадионубуз ачылгандан бери 20 улак тартылып, бүгүн 21-жолу улак тартканы жатабыз. Бүгүн Нурлан деген жигитибиз улак берип жатат. Ал өзү 15 миң сом чыгарып, тамак-аш жасап келди. Калганыбыз баарыбыз 1000 сом, 2000 сомдон кошумча кошуп, баш аягы 40 000 сом байге болду. Өткөн дем алышта Асылбек той берди эле анда 38 000 сом болгон. Ошентип, жума сайын ар бирибиз кезектешип той берип жатабыз. Эми кудай буйруса жалаң эле улак эмес, күн жылыса бул жерде футбол, волейбол турнирлерин да уюштурабыз. Жайында улак болбойт. Бул спорт аянты курулган жердин аянты 9,5 гектар. Кудай буйруса "Ганси" авиабазасы бизге спонсор болуп, ушул жерди жабык спорт комплекс кылып куруп бергени жатат туалет, ванналары менен. Анан биз арабдар менен да сүйлөшүп койгонбуз, алар бизге бул жерден ичкенге суу чыгарып беребиз деп жатышат. Эки боз үй тигилип, ортосунда меймандар отуруп оюндарды көргөндөй кылып отургучтар орнотулат . Ар бир бала улак тартыш үчүн бирден ат сатып алышкан, алардын бардыгы спорт менен машыккан балдар, арасында Кыргызстандын желегин көтөрүп жүргөн атактуулар да бар, мисалы Курманкулов Нияз деген балбаныбызды жакшы билесиздер, тигине улак тартып жүрөт. Мени балдар жетекчи кылып алышкан, мен ушул жерде жашагандыктан стадионду карайм, даярдайм ж.б. жумуштарды кылам. Ал эми биздин айыл өкмөтүбүздүн жетекчиси Кабылбек деген суусамырлык жигит, өзү спортко кызыккан киши. Биз стадион куралы деп жер сурасак макул деп ушул жерди берди.

Улуттук оюндар борбору ачылды
Ошентип, көптөн күткөн күн да келип, акыры Республикабызда улуттук оюндарды өнүктүрүү борбору ачылды. Кыргызстан эгемендүү республика болгону менен каада салтыбыз, улуттук оюндарыбыз көмүскөдө калып жаткан. Кудай буйруса эми улуттук оюндар борборунун өзүнүн бюджети болуп, кыргыздын илгертен бери ойнолуп келаткан ордо, тогуз коргоол, күрөш жана ат оюндары кайрадан жанданып, кыргыздын жүзү болот деген ойдобуз. Ал эми республикалык улуттук оюндар борборунун жетекчиси болуп белгилүү спорт адисти Алмаз Касенов дайындалды.