"Коломтодогу" жашоо


Бул жалган жашоода адам баласы көптөгөн оош-кыйыштарга туш болуп, аны жеңип кетүү үчүн жанын үрөп далалаттанат эмеспи. Кээ бир замандаштарыбыз тагдырдын сыноолорун көтөрө албай, аракка берилип анын айынан көчө адамына айланып калышат. Биздин коомдогу көйгөйлөрдүн бири мына ушул-селсаяктар. Шаарыбызда селсаяктарды кабыл алган "Коломто" кайрымдуулук фондусуна карай бет алдык. Кирип барганыбызда эле каңыл жарды өрдөгөн жагымсыз жыт, адам кейпинен кеткен адамдар каридорго чейин тизилип аркы-терки жатышат. Бизди тосуп алган Төлөмбүбү эже: "Жиркенбегиле, сонун эле жыттанып турат, биз "радной жыт" деп коебуз" деди. Ар кандай тагдырлар, жашоодон үмүтү үзүлгөн көздөр, уйпаланып бардыгына кайыл болгон замандаштарыбыз бизди курчады.

Төлөмбүбү Тыналиева, социялдык кызматкер:
- Эже, бул фонд качан түзүлгөн?
- Бул долбоорду Апас Жумагулов көтөрүп чыккан. 1998-жылдан баштап иштеп келе жатам. Алгач түзүлгөндө күйөөлөрү таштап кеткен аялдар, балдары таштап кетип жалгыз бой калган кары-картаңдар келүүчү. Алардын документтери жанында, пенсиялары бар эле. Бизде бир аз турушкан соң карылар үйүнө, майыптар үйүнө жиберчүбүз. Ал эми азыр келгендердин өздүгүн тактаган бир да кагазы жок. Бизден башка эч жакка кабыл алынбай ушул жерде күн кечиришүүдө. Бул жерге ар кандай тагдырдагы адамдар туш болушат, алардын баарын угуп жүрөгүм ооруйт. Мындай абалга жеткирип жаткан бул- арак. Биздин коомго жайылган оору. Кээ бирлер бар мени алып калыңызчы, менин арак ичким келген жок, бирок мээм жана бутум мени ага алып барат деп ыйлашат. Өзүм медик болбогондон кийин эмне жардам кыла алам. Бир гана жардамым ысык чай жана бөтөлкөгө ысык сууну куюп колтугуна карматам. Бирок, ичип жүргөн кишини 100 граммсыз оңолто албайсың. Аракечтер эртеси суу сурайт. Суу берсең "суу чыккан жерден арак да чыгат" деп жулмалаганга чейин барышат. Мэриядан бир маал ысык тамак берилет. Ошентип түзөлүп алгандан кийин кайра эле кетип калышат. Кайра 3-4 күндөн кийин кайра алып келишет. Көбүнчө куткаруу кызматы, милициалар, тез жардам кызматы жана көчөдөгү кишилер алып келишет.
- Күнү-түнү ар кандай адамдар менен иштесеңиз, жогорудагыдай жулмалаганга чейин барышса, алган айлыгыңыз канча?
- Ооба, албетте кыйын. Алган айлыгым 6 миң сом. Эми өкмөтүң жакшы жарыбай турса, мен өкмөттү деле кыйнагым келбейт. Бул жерден кетким деле келбей калды. Жумушка келе жатканда кадимкидей жүрөгүм ооруйт.
- Жаш балдар да көп экен го?
- Жаш балдар энеси менен жүрөт. Атасы таштап кеткен, ичип кеткен. Мисалы, Токтогулда, Баткенде оокат кыла албайт. Агылып эле шаарды көздөй келишет же жашаган жайы жок же жумуш табышпайт. Анан айла жок кайырчылык менен күн көрүшөт. Бешинчи күнү кадимкидей кайыр сурап барышат.
- Жардам берген демөөрчүлөр болобу?
- Ооба болот, кийим-кечек, тамак-аштан жардам бергендер болот. Бирок аябай көп санда эмес.
- Бул жерде жатып сийип-чычып койгондорду жуубайсыңарбы?
- О-оой... андайлар дайым болот. Кечээ эле эки кемпирди кууп чыктым. Бөлмөгө сийип койгондо каридорго чыгарып салганбыз. Алардын баарын хлорлоп жууйбуз. Азыр кыргыздар көбөйдү, кыргыздын жапжаш балдары көчөдө калып жатышат. Орустардын кемпир-кесеги эле калды. Бул эми коомго тийген бир чума болбодубу.
- Эртеси эс алган соң тартынып, уялып "мындай кылбашым керек эле" дегендер болобу?
- Андайлар чанда болот. Үй-жайы бар, адашып түшүп калгандар тартынып, кечирим сурашат. Мисалы, айлык акысын алгандан кийин болушунча ичип көчөдө калып түшүп калгандар уялып калышат.
- Үй-бүлөңүз жумушуңузга кандай карашат?
- Жолдошум түшүнөт, бирок балдарым туура көрүшпөйт. Иштебей эле коюңуз дешет. Кээде өзүм деле ойлоп кетем, мага эмне кереги бар эле деп. Бирок, баары бир анте албайм. Ички нукура өзүм ушундай жаралганмынбы, ички туюмум, сезимим жол бербейт. Үйгө барганда бул жакты унутканга аракет кылам, мээмди бошотуп, неберелерим менен бирге болом.
- Майрамдарда да кезегим келип калса иштейм деп калдыңыз, андай учурда кандай кыласыз?
- Ооба жаңы жыл күнү калдым. Аябагандай эттүү кылып рагу жасап, ушуларга берейин, каалоо-тилегимди айтып отурайын деп. Канчалык жакшы айтып алдыга карай үндөсөң, кандай гана кишинин болбосун үмүтү жанданат да. Ошентип отурсам 12ге жакын 70 кишим тең мас. Ушунчалык ыйлагым келип, ыза болдум. Эми бул да болсо оору, барып-бырап оңолуп кетээр, кантип эле талаада калып калсын деп өзүмдү-өзүм жооткотом. Баары бир адамдык үмүтүң үзүлбөйт да.
Татьяна Павловна: "Мен да небере жыттагым келет"
- Мен бул жердин эң карыганымын, 82 жашка чыктым. Мага Саша айтты 82ге чыктың деп. Нан-панга акчабыз бир аз болуп калганы болбосо, бирок түшкү тамакты жакшы берет. 4 айдан бери ушул жерде жашап жатам. Неберем бар, ал жанымда. Ата-энеси кайтыш болуп калган. Карылар үйүнө барайын дейм, бирок жетим неберемдин көргөн күнү эмне болот дейм. Анын жашы 25те, бөйрөктөрү ооруйт, дайыма ооруп турат. Бул жердеги бардык жумушту жасап, жардам берет жана да сыртка чыгып ар кандай иштерди жасап акча таап келет. Мен да небере жыттагым келет. Бирок, ким үйлөнөт. Мисалы, сен келбейсиң да ушул жерге. Өлгөнгө чейин жашай берем да.
Манаң ата: "Баламдын түрмөдөн чыгышын күтүп жүрөм"
- Мен Лейлектен келгем, жашым 78де, бул жерде балам бар, балама келгем. Келсем балам камалып калды. Ошентип ооруп калдым, ошондон бери ушул жактамын.2-3 ай болуп калды. Балам чалып турат. Үй-бүлөм болсо айылда. Уулум менен кызым келип кабар алып турушат. Баламдын түрмөдөн чыгышын күтүп жүрөм. Туугандарым бар бул жерде бирок, баргым келбейт, кийин сөз кылышат. Пенсиямды небереме жаздырып койгом.
Нурдин Каримов: "Жалгыздык башыма түштү"
- Келгениме 2 ай болду, Алайдан келдим, 67 жашка таяп калдым. Казакстандан келе жатып авария болуп, үй-бүлөмдөн айрылып калдым. Аялым, балдарым, курсагында да бир балам бар эле. Андан бери 6 ай болду. Жалгыздык башыма түштү, айла жок бул жерге келдим. Айылдагы малдын баарын союп, сатып 5 адамды көмдүм, антпесең айылда уят. Мен такыр эле ичпейм. Айылдагы үй бузулуп калган, аны оңдоп-түзөш керек да. Пенсия алайын деп документтерди топтосом, ары жакка, бери жакка жиберет. Эми мына жаз келсе пенсиямды алып, карылар үйүнө барыш керек. Башка арга жок.

Гүлзат Садырбек кызы