Индия сапар
Академик, парапсихолог Лариса Асанбекова

Жамгыр токтоткон


Жайчы Ата



Бизде бул мезгилде кар жаап, күн суук болуп жатса, бул жакта күндө нөшөрлөгөн жамгыр. Бирок, күндүн ысыгынан жамгырга карабай тер куюлат. Окуган имараттын ичинде ондон ашык кондиционер, андан да көп вентилятор иштеп турбаганда 150гө жакын адамдын деминен чыдамак эмес экенбиз. Индиянын көп эле шаарларында болгонум менен "жамгыр сезонуна" бир да жолу кабылган эмес экенмин. Же биз турган жер Инди океанынан анча алыс эмес жайгашкандыктанбы же жамгырдын сезонунда ушундай жаайбы, айтор жамгыр көнөктөп куят. Тим эле асмандын түбү тешилип калгандай элес калтырат. Кол чатырсыз жүрүүгө эч мүмкүн эмес. Жашаган үйүбүз менен окуган жердин же жуунган жерге чейин 150-200 метр аралык болгону менен кол чатырсыз 1 метр чыгууга мүмкүн эмес.
Багавандын "Бары бир эле Антарямин, аткарган кызматтары ар башка" деген жоопту алгандан бери мага жакшы ой келди. Буга чейин мага аба ырайын менин өтүнүчүм менен каалагандай "жасап" берген Жайчы Атам бар болчу. Бирок ал Жайчы Атага жайында көлгө эс алганы барганда эле суранып, жамгырды күндүз жаадырбай кечкисин жаадырып, биз эс алган күндөрү каалагандай "пагода" жасап, калган убакта "тынчын" алчу эмесмин. Биз окуп жаткан окуу боюнча тескерисинче Антарямин менен жада калса майда нерсеге чейин сурап, көбүрөөк сүйлөшүп туруш керек экен. Бир күнү 10 минуттук эс алууга чыгып, күн тийип тургандыктан кол чатырды окуган жерден албай чыгып кетиптирмин. Сыртка чыгайын десем жамгыр куюп кирди. Сабакка кечиккенге болбойт. Жанымда Валентина жана казак кыздар бар болчу. Барыбыз тең кантип чыгабыз деп туруп калдык. Ошондо Жайчы Атага кайрылып," биз окуган жерге жетип алгыча жамгырды токтото турчу, кол чатырыбыз жок, окууга кечиккенге болбойт да, анан каалаганча жамгырыңды жаадыра бер, суранам сенден, сенин колуңан келбеген иш жок"- деп айтып бүтөөрүм менен көнөктөп жаап жаткан жамгыр тып басылды. "Болгула кыздар, чуркагыла, биз жетип алгыча эле жамгыр токтойт"- деп айтып өзүм алдыга чуркадым. Биз бутубузду чечип, окуган жерге кирээрибиз менен жамгыр кайра төгө баштады. Чуркабай коюп артта калган казак аял биз киргенден кийин шөлбүрөп суу болуп кирип келди. Мен Жайчы атага ыраазычылык билдирип, таазим кылдым. Кечинде сабактан кийин тамактануучу жайдан жолуккан казак аял "Мен жамгыр токтогондон кийин кайра бат эле кантип жаап жибермек эле деп ишенген эмесмин, бул жөн эле сенин сураныч сөзүңө дал келип калдыбы же чын эле сенин кудайың жамгырды токтоттубу? Жайчы Ата деген ким?"- деп таң калып сурады.
- Жайчы Ата деген аба ырайын жөнгө салып турган Жогорку күч. Ал ата кургакчылык болсо жамгыр жаадырып же тескерисинче жамгырды токтотуп койчу экен- дедим.
- А сен аны кайдан билчү элең. Мурда да Жайчы Атаң менен ушундай жамгыр токтотуп көрдүң беле же бүгүн биринчи жолу болдубу? -деп сураганынан мындан бир топ жыл мурунку окуя эсиме түштү.
Жайчы Атанын ташы
2003-жылы Башкирияга барып калдым. Белорецк району тоолуу, токойлуу келип аябай кооз жер экен. Менин парапсихология илими менен алектенгенимди билген жергиликтүү адамдар токойдо "Жайчынын ташы" деген бир керемет бар экенин, мындан 70 жыл мурун бир адам болгонун, ал адам ошол ташка барып, ырым-жырым жасап жаанды токтотуп же жаадырып койгонун айтып беришти. Ал таш токойдун ортосунда жайгашып, жапжалпак таштын үстүнө кулундун сөлөкөтү жасалыптыр. Азыр эл ал таштын кайда экенин болжол менен эле билишпесе эч ким билбейт экен. 1970-жылдары токойчулар бульдозер менен капысынан ташты коюп кетишип, таш "кулундун" турган жеринен кулап түшүп башы сынып калыптыр. Мурда уламыш болуп айтылып жүргөн таш ушул экенин баамдаган жумушчулар ташты машинага салып борборго алып барып текшертип көрүүнү чечишет. Бирок, жолдо келе жатышып кырсыкка учурашып баары каза табышат. Ошондон кийин дагы бир адам ал таштын сыныгын текшертүүгө аракет жасап, ал дагы түшүнүксүз жагдайда каза болот. Ошондон кийин ал таштын калдыгын токойдон издеп таппай коюшат да болжолдуу ордунун тегерегине "Бул тегеректен эч нерсе алууга болбойт" деген эскертүү табличкаларды илип коюшуптур. Муну угуп аябай кызыгып калдым. Баарыбыз кеңешип көрүп ал ташты тапмай болдук. Тапсак курмандык чалалы деп кой алып алдык. Баш аягы жок чытырман токойго кирип бир сааттай аралап, минтип жүрсөк таба албашыбызга көзүм жетти. Ар бир жердин өз "ээси" болоорун эстеп, Куран окуп токойдун ээсинен жол көрсөтүп, ташты тапканга жардам берүүсүн өтүндүм. Мен суранып бүтүп калган кезде ийнимден бирөө мени бура тартканынан биз менен келгендердин бирөө окшойт деп карасам эч ким жок. Жанымдагылар менден бир топ алыс экенин көрүп коркуп кеттим. Бул токойдун ээсинин белгиси экенин билгенден кийин мени бурган тарапка түз басып, башкаларды да ошол жакка чакырдым. Чөптөр аябай узун болгондуктан аралап басыш өтө кыйын. 200-300 метрдей аралыкты өткөндө жол баштап бара жаткан адам ташка барып чалынып жыгылды. Таштын үстүн балыр басып, тегерегин чөп басып таш экени деле билинбей калыптыр. Кулап жаткан таш сынып калгандыктан кулунга деле окшошпойт. Мени таң калтырганы бул тегеректен чүкөдөй таш табуу мүмкүн эмес. Демек, бул ташты атайлап бир жактан алып келишкен окшойт. Сынган таштын алдындагы жалпак таш атайлап тегизделгени көрүнүп турат. Куран окуп, койду союп тамак даярдагыча мен медитация жасап, токойдун "ээсине" ыраазычылык билдирдим. Касиет ташта эмес ушул жердин энергиясына байланыштуу экен. Кызыгы кийин биз менен чогуу баргандар, башкаларга көрсөтөлү деп ал ташты бир күн издеп таппай коюшуптур.