Лираны 120% сүйгөн, койчо маараган Замир Арыкбаев


Кыргыз шоубизнесинде өзүнүн мукам кайрыктары менен эл оозуна алынган ырчы Замир Арыкбаев биздин рубрикабыздын төрүнө келип күйөрмандары менен өзгөчө маек курду. Өзгөчө дегенибиз "бытавой" суроолордон тажаган ырчы оригиналдуу суроолор берилсе деген суранычын айтып өттү. Жакындан баарлашкан соң күйөрмандарынын өтүнүчү менен кеңсени жаңырта "Даткайымды" созолонто ырдап берди.

Гулнура: - Саламатсызбы Замир байке, окуучу кезимден бери сиздин талантыңызды сыйлап келем, жүзмө-жүз көрүшүп жатканыма кубанычтамын. Менин суроом: адам баласы бул дүйнөдөн көзү өткөндө жаратылыштын бир мүчөсүн толуктай турган болсо, сиз кайсы мүчөсүн толуктаар элеңиз?
- Сиздин берген сурооңуз башка диндин көз карашы болуп турат. Менин билишимче кайсы бир динде .адам бул дүйнөдөн өткөн соң жаны бир нерсеге айланат деген божомолдор бар. Ал эми мусулман дининде бул жалган дүйнөдөн өткөн соң тигил дүйнөгө барат, ал дүйнө түбөлүктүү, сен эч нерсеге айланбай адам бойдон түбөлүк жашайсың. Тиричиликте кылган иш аракетиңе жараша, ал жактан Алла Таалланын чечими боюнча бейишке же тозокко кетесиң, ага чейинки кабыр азабында акыр заман болгонго чейин сурак болот. Эгер бул жалганда түз, таза жүрсөң кабыр азабынан өтүү жеңил болот деген жазуулар бар. Мен мусулман болгондуктан адам бойдон эле калгым келет. Табияттагы бардык нерсе бизге кызмат кылат, баарына ээлик кылабыз. Мага бул дүйнөдөгү бардык нерсе жагат. Бул мүчөсүн толуктайт элем деп айта албайм.
Күлүмкан: - 1 саатта 60 минута, 1 күндө 24 саат бар дегендей. Убакыттын бердей берилгенине карабастан, сиздей эле адам сизден да көп ийгиликке жетиши мүмкүн. Айланып жашап жүрүп өмүр шаарын, Алсам деп умтуласың болгон баарын, Толгонуп күндө мен ойлоп келем. Аздектеп эмне алдым эмне таптым-деп жазган элем. Сиз да өмүрүңүздө эмне алдыңыз, эмне таптыңыз?
- Ооба бул нерсе да мени катуу ойлондурат. Т. Айтматов, К.Тыныстанов сыяктуу залкар адамдарыбыз 25-26 жаштарында эле мамлекет үчүн өтө көп нерселерди кылышкан. Биз 30 жашка чейин келип эмне кылдык дегенде, өкүнүчтүү абалда калат экенсиң. Бирок, көрүнбөсө, билинбесе дагы ар бирибиздин салымыбыз бар мамлекет үчүн. Ушул жашка келгичекти элиме кызмат кылып келе жатам деп ойлойм. Ошону менен катар мен күйөрман таптым, элимден урмат-сый таптым. Бул мен үчүн чоң бакыт. Ал эми убакыт бирдей берилет, биз Алла Таалла тараптан берилген буйрук менен жашайбыз. Ар бир адам бийик ой-максат менен жашайт, бирок алардын аткарылышы чоң эмгекти, аракетти талап кылат. Эң негизгиси адамдык сапат, жөнөкөйлүк болушу керек.
Назгүл: - Сен менин ак сүйүүмсүң ырларымсың, Сезимимдин тереңинде сырларымсың. Тагдырдын табышмактуу жолдорунда, Таалайдын кубулжуган ыргагысың- дегендей сиз түбөлүктүү сүйүүңүздү таптыңызбы?
- Ооба, таптым, 120% ишенүү менен айта алам (күлүп). Сүйүктүү жубайым Лира, сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз. Эки кызыбыз бар: Акбермет жана Акмарал.
Назгүл:- Ата аска зоо дегендей. Сиз кыздарыңызга кандай атасыз?
- Үй-бүлөдө мээримдүү атамын. Бирок, ошол эле учурда "строгиймин." Ар бир эле эне жумшак, мээримдүү болот эмеспи. Атасы да жумшак болгондо баланын келечеги үчүн зыян болуп калат. Колдон келишинче эркелетебиз жана тартипти да көзөмөлдөйбүз. Антпесе болбойт .
Альбина:- Съезбек Искеналиев менен Замир Арыкбаевдин ортосунда чыр-чатактар бар экен деп уктук эле?
- Сизден биринчи жолу угуп жатам, жакшы ушак экен. Албетте, бул жалган. Кудайдан тилейм мындай болбошун. Достугубуз түбөлүккө сакталышына толук ишенем.
Гүлнура: - Ар бир адамга бала кезинен кыял пайда болот, андан ой, ойдон максат жаралып, максатка план коюлат эмеспи. Сиздин ой-кыялдарыңыз канчалык деңгээлде аткарылды, натыйжасы кандай болду?
- Натыйжасы ушул, силердин алдыңарда отурам. Сиз айткандай ырчы болуш менин кыялым болгон. Кой кайтарып жүргөндө тоонун башына чыгып алып ырдап, элдер карап тургандай " Саламатсыздарбы!" деп. Өзүмдүн талантымды мектепте көргөзүп жүрдүм. Менин талантымды байкаган агай-эжелер ырчы болбойсуңбу- деген кеңештерин беришти. Ырчы болбойм деп башка кесипти тандап кеттим, бирок айланып келип эле ырчы болуп калдым.
Альбина: - Жубайыңыз аяш атаңыздын кызы, кайната болгондо кандай сезимде болдуңуз?
- Аяш байкемдин кызы. Эч кандай деле өзгөрүү болгон жок. Кыял деп сиз айтып кетпедиңизби. Кичинекей кезимде көрүп, ошол кезимде кыял болуп калган. Бирок, колум жетеби, жетпейби ага көзүм жеткен эмес. Анткени, мен айылда чоңойсом, ал шаарда өскөн кыз болсо. Кыргызда ушундай сөз бар го булардын жашоосу кандай, биздин жашообуз кандай деген. Бирок, буйрук экен азыр бардыгы жакшы.
Күлүмкан:- Эгер сизге жаш акын мырза же селки ырыма обон жаратып ырдап чыгыңыз десе эмнесине басым жасап тандап алат элеңиз?
- Албетте, сапаттуусун, жүрөккө жакынын тандап алмакмын.
Керемет: - Ырчылардын көп убактысы дөңгөлөк үстүндө өтөт эмеспи. Гостролдоп жүргөндөгү кызыктуу окуялардын бирин айтып берсеңиз?
- Гостролдоп жүргөндө кызыктуу окуялар көп болот. Өнөр адамдары өтө шайыр, "безкомплексный" калк болобуз. Эсимде, "Аюу" компаниясынын акциясы менен Ошко кетип бара жатканбыз, спринтерде кетип бара жатабыз, жол алыс. Айдоочубуз орус болчу. Давай баарыбыз кой болуп көрөбүз дедик. "Маа-маа" деп атабыз, чуру-чуу тим эле короо биякта калсын. Орус акырын артын карап коет.
Альбина: - Президент болсоңуз эмне кылат элеңиз?
- Жок мен президент болмок эмесмин.
Гулнура: - Бүгүнкү күндү ала турган болсок, бүгүн канча адамды кубанттыңыз?
- Ар бир аткан таңыбыз баарыбыз үчүн кубаныч. Бүгүн жетөөңөрдү кубанттым окшойт (күлүп).
Айзат: - Ушул убакка чейинки өкүнгөнүңүз жана кубанганыңыз?
- Негизи өкүнгөн бул адамдын ден соолугуна зыян экен. Колубуздан келсе баарын эле жасап албайт белек. Кубанганым: мына ушул күнгө кубанам. Ата-энемдин, бир туугандарымдын, үй-бүлөмдүн аманчылыгына, кыргыз элимдин бүтүндүгүнө кубанам.
"Назгүл: - " Көлдүк карындаш" аттуу ырдан кийин көп убакыт көрүнбөй, андан соң Кудача кыз" менен кайра эл алдына чыктыңыз. Көп мезгилге көрүнбөй калганыңызга эмне түрткү болду, балким бут тосуулар болгондур?
- Албетте, жаңы чыгып жатканда өтө оор болот экен. Сиз айткандай бут тосуулар аябай көп болду. Ошондой эле чыгармачылык жактан күйүп жардам берген байке-эжекелер да болду. "Көлдүк карындаштан" кийинки чыккан ырларымды радиодон, теледен эмнегедир колдобой коюшту. Кийин ойлонсом бут тосуулар болгон экен. Атын айтпай эле коеюн ырчылардын чоң мафиясы бут тосуу кылган экен. Бирок, талант деген бир булактын көзүн жапсаң башка жагынан чыга бергендей эле. Кудайдын буйругу менен башка ырларыбыз менен элге алынып кеттик.
Керемет: - Үнүңүз такшалган, комуз менен да ырдайсыз эмне үчүн Гүлжигит, Арсендерге окшоп эл аралык конкурстарга барбайсыз?
- Биз эмнегедир ушундай маалыматтарды укпай калабыз. Кетиптир, келиптир же биринчи турунан соң угуп калабыз. Биз айтабыз министрликтеги ушул боюнча алек болгон кызматкерлерге, алар унчугушпайт. Бирок, биз билебиз ким күчтүү, ким алсыз. А эгер күчтүү болсо алар менен атаандашып кереги жок.
Гүлзат Садырбек кызы