Түрдүү цивилизациялардын бирдиктүү аймагы


Алгачкы доорлор
Түркиянын тарыхы 10 миң жылдык тарыхты камтыйт. Анатолия аймактары, Шумер, Вавилон жана Ассир (asur) маданияттарынын Хатты (Hatti,), Хетты (Hitit) жана Хуррилердин (Hurri'ler) жардамы аркылуу жүз жылдар бою бир-бирине таасир берип, жашап келишкен. Мындай таасир берүүнүн аркасы болсо, Батыш дүйнөсүнүн түшүнүктөрүнө жана легендаларына терең таасир эткен тендешсиз Анатолия цивилизациясынын түптөлүшүнө алып келет. Алгачкы көз карандысыз шаар-мамлекеттердин түптөлүшү байыркы коло доорго барып такалат. Борбордук жана Түштүк-Чыгыш Анатолиянын жергиликтүү хаттылары жайгашкан аймактагы бул доордун эң кооз урандылары, Грециядагы Микен (Mycenae) падыша көрүстөнү менен бир мезгилде калган Кызылырмак тегерегиндеги Алажа Хөйүк жана Кара деңиз аймагындагы Токатка жакын жерлердеги Хорозтепеге таандык.


Легендарлуу Трои аты
Трои биздин заманга чейинки 300-жылдары курулган жана коло өндүрүшү үчүн айнылгыс деп саналган тыныке (канылтыр) соода сатыгында чоң роль ойногон.


Урарту мамлекети
Б.з.ч. биринчи кылымдын башында, Урарттар, Кавказ жээктеринен Урмия көлүнө чейин созулган бирдиктүү бир мамлекетти түптөшкөн. Анын борбору азыркы Ван шаары болгон. Урарттар суу чарбачылыгын чеберчилик менен өздөштүрүшкөн жана сугат, суу аркылуу жүк ташуу, канал куруу жана жасалма көлдөрдүн куруу иштеринде чеберчилигин көргөзүшкөн. Ошондой эле, ат багуу жаатында мактоого татыган урарттар күчтүү капитандары менен дагы таанылган.


Фригиялыктар жана падыша Мидас
Фригиялыктар (Б.з.ч. 750-300-ж.) Борбордук жана Батыш Анатолияда жайгашкан Афьон-Анкара жана Эскишехирде отурукташышып, Сакарья дарыясынын жээгиндеги Гордион шаарын борбор аташкан. Фригиялыктардын цивилизациясы б.з.ч. 8-кылымда мифтерде баяндалган өзүнө эшектин кулагын алган Аппалон тарабынан басмырланган жана Дионас тарабынан колу тийген ар бир буюмду алтынга чулгаган атактуу Хан Мидас убагында өзүнүн эң жогорку чегине жеткен. Гордион б.з.ч. 550-жылдары перстерге баш ийген жана б.з.ч. 333-жылы Александр Македонский тарабынан көз карандысыздыкка жетишкен.


Лидийлер акчаны ойлоп табышты - Сардес
Измирдин чыгышында орун алган Сардесте б.з.ч. 800-жылы жана 650-жылдар арасында акчаны ойлоп тапты деп саналган Лидийлер деген калк жашаган. Б.з.ч. 6-кылымда Лидия ханы Крез (Croesus) перстер менен Анатолияны Кызылырмактан баштап экиге бөлүү тууралуу макулдашышат. Бул сүйлөшүүгө көнбөгөн жана Лидиянын аймактарын басып алууна уланткан персттер б.з.ч. 333-жылы Александр Македонскийдин келишине чейин Анатолияда өз алдынча күчтүү мамлекет болушкан.


Хеттылардын келиши
Хеттылар Анатолияга биздин заманга чейинки экинчи миң жылдыкка жакын келишкен. Вавилон маданиятынын чоң бөлүмүн өздөрүнө синирген жана темирдин Орто Азиядагы монополиясынан көп жылдар бою пайдаланышкан. Баардык бул артыкчылыктар, ошол эле учурда ат арабаларын колдонгон Хеттыларга, Египет менен Месопотомдук башка мамлекеттерине аскердик үстөмдүк кылып турган. Б.з.ч. 1590-жылдагы Вавилон менен болгон согуштагы жеңиш , биринчи Хетты цивилизациясынын жок болуу доору менен аякталып өнүгүү мезгилин баштайт. Он төртүнчү кылымдын биринчи жарымында Хетты цивилизациясы жаңыдан күч ала баштаган. Бул экинчи мезгил Ак деңиздин жээктеринен Ирандын булуңдарына чейин созулган Хетты гегемониясын далилдейт.


Анатолияда кайрадан кол башчы
алмашты - Бергама (Пергама)
Александр Македонскийдин өлүмүнөн кийин Анатолия Селевкос (Селевкид) империясынын борбору болуп калды. Бергама болсо, коңшуларына карабастан чоңойгондон чоңоюп, б.з.ч. 241-жылы Фригянын бир бөлүгүнө чейин тараган. Бул убакытта хандык болуп көрбөгөндөй байлыкка ээ болгон. Анатолия сооданын бешиги жана урмат-сыйга татыган маданий борборго айланган.