Равшан бутунун башы менен тээп, топ Ташиевдин оң колунун үстүнөн өтүп, Жумабековдун башы канады
23-февраль - "Мекенди коргоочулардын Күнүнө" карата "Кыргызстандын тынчтыгы, стабилдүүлүгү жана биримдиги" деген ураан алдында Жогорку Кеңештин депутаттары жана Өкмөттүн командасы ортосунда футзал боюнча турнир өттү. Ага адегенде Парламентик коалициядан - "Биримдик-1", "Биримдик-2", оппозициядан "Ата-Журт" жана Өкмөттөн бир команда ойномок. Мелдешке бир күн калганда Жогорку Кеңештен бул турнирдин уюштуруучулары келип мелдеш өтүүчү залды текшерип, ар бир командага өзүнчө бөлмө бөлүштү. Ал жерди клубдун кароолчулары жакшылап кайтарыш керектиги жана аларга депутаттардын жан сакчылары жардам бере тургандыгы айтылды. Кудай сактай кө-өөр, бул жерде футбол болобу же?.. (Бала кезимде 1943-жылкы Ата Мекендик согушта курчоодо оккупацияда калган Киевде колго түшкөн "Динамонун" оюнчулары менен немистер футбол ойноп, оюн бүткөндөн биздин оюнчуларды атып салышкандыгы тууралуу "Третий тайм" деген кинону көрдүм эле, ошону элестетип жибердим). Өрт өчүргүч, врач керек деп мен да кошумчалап койдум. Сөзсүз дешти. Мени, турнирдин алып баруучусу болосуң, радио-микрофондоруң кай жерде болот, эмне деп сүйлөйсүң, кантип сүйлөйсүң, тактап ал деп чакырышыптыр, (микрофонду оюн алдында эле оңдоп алчу элем - Т.А). Ал күнү ошентип тарадык.
Эртеси турнирде үч эле команда ойной турган болду. Коалициядагылар биз бөлүнбөй, бир эле команда менен чыгабыз дешиптир. Анан да турнирдин ачылышы кичине таарыныч менен башталды. Салтанаттуу ачылышка сый коноктор- Жогорку Кеңештин спикери Асилбек Жээнбеков менен премьер-министр Өмүрбек Бабанов куттуктоо сөздөрүн айтып, анан өздөрү да ойношот деп уккам. Бирок экөө тең келбей калып, төраганын ордуна коалициянын лидери Канат Исаев, өкмөттөн вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев куттуктап, ачылыш аземи аяктаганда "Ата-Журттан" Камчыбек Ташиев келип турнирдин башкы уюштуруучусу, Жогорку Кеңештин профсоюз жетекчиси Ороз Сурановго оппозицияга эмне үчүн сөз бербейсиң деп таарынды. Ошол эле замат ары жактан "Өкмөт" командасында министрлер гана ойноп, ал эми өкмөт алдындагы агентство, департамент, ведомство дегендерден кошулбасын деген үндөр угулду. Камчыбек Ташиев да Садыр Жапаровду чакырып алып: "Судьяларга жанагылар ойнобосун деп айттыңбы",-деп сурады. - "Айттым",- деди С. Жапаров. С. Жапаров "Ата-Журт" командасынын капитаны экен.
Коалиция - Өкмөт - 5:5
Биринчи болуп оюнга Өкмөттүн командасы менен "Биримдик" чыкты. Оюнчулардын тизмесине караганда "Өкмөт" күчтүүдөй сезилди. Команданын катарында Ө. Бабанов, Т. Сариев А. Жапаров, Р. Казакбаев деп жүрөт. Бирок алар жок, команданы Жоомарт Оторбаев жетектеп чыкты. Дарбазада Төрөгул Беков, коргоочу Канат Садыков, Равшан Сабиров о.э. мамлекеттик дене-тарбия жана спорт агенттигинин жетекчиси Байгазы Кенжебаев менен Байланыш агенттигинин жетекчиси Алмаз Кадырбеков ойноду. "Биримдик" командасы майрам эмеспи, ойной беришсин дептир. Тигилер баары бир ойноп жатышат деп кейип калды оюн көрүп олтурган К.Ташиев. "Биримдикте" дарбазада Райкан Касымбеков , коргоочулар Токон Мамытов менен Канат Исаев, чабуулда Жоомарт Сапарбаев, Равшан Жээнбеков, Чыныбай Турсунбеков, Турат Мадылбеков, экинчи таймга Алтынбек Сулайманов жетип келди. Биринчи болуп эсепти "Өкмөт" ачты. Жоомарт Оторбаевдин атаандашын алдап өтүп, топту дарбазага тепкени, пас бергени да жакшы, ал абдан инттеллигенттүү футбол ойнойт экен (атактуу атасы бекеринен Москванын "Спартак", "Локомотивинде" ойноптурбу). Ошондой эле анын өнөктөрү Б.Кенжебаев менен А.Кадырбеков да жакшы ойношот экен. Анан да алар жаш оюнчулар да, тынбай чуркап, коргонууга да жетишип, чабуулга да чыгып жатышты. "Биримдикте" жаштар Канат Исаев, Равшан Жээнбеков жана Жоомарт Сапарбаев үчөө тең жакшы ойношту. Алтымышка чыгып калган Токон Мамытов алардан кем калбайт экен. Генерал коргонуу чебине атаандаштарын жолотпой кандай гана болбосун тосуп, кадимкидей "подкат" жасап топту аутка чыгарып жатты. Көп узабай "Биримдик" эсепти теңеп анан алдыга да чыгышты. К.Исаевдин алыстан жакшы тээп, өнөктөрү Равшан менен Жоомарт "технярлар" экен. Алар атаандаштарынын баштарын айлантып чимирилтип жатышты. Иши кылып соонун оюн башталды. "Өкмөт" кайрадан алдыга чыгат, "Биримдик" эсепти теңейт. Эки дарбазага тең голдор кооз кирип жатат. Бирок Төрөгул Беков да, Райкан Касымбеков да бир-нече жолу дарбазасын сактап калышты. Экинчи таймда Канат, Равшан, Жоомарттар гол киргизип алдыга чыгышты. Эми алар көп эле чабуулга чыга бербей, арт жагын карашса болмок. Бирок экинчи таймда оюнга кошулган Алтынбек Сулайманов артты карабайт экен, ал алдыда ойногонду жакшы көрөт тура. Ал эми алдыда Равшан менен Жоомарт бар да? "Өкмөттө" Байгазы менен Алмаз ары-бери атаандаштарынын дарбазасына эки гол киргизип эсепти теңеп кетишти. Артта жалгыз калган Т.Мадылбеков жалгыз эч нерсе кыла алган жок. Анан да полковник Мадылбеков генерал Т.Мамытовдой ойной албайт экен. Мен Камчыбек Ташиевдин жанында туруп оюндун жүрүшүн көкбөрүдөгүдөй "живьем" алып барып жаткам. Ал эки команданын оюнчуларын байкап көрүп, биз буларды жөн эле утабыз, буларды Садыр менен Дастан экөө эле тынчытып коет деп өзүнчө кобурады. Көп өтпөй "Биримдик" кайрадан алдыга чыкты. Оюн бүтөрүнө да аз калды. Эми артты жакшылап караш керек. Жок, алар дагы бир жолу тактикалык ката кетирип, оюнга Алтынбекти киргизди. Ал алдыны карай чуркап жөнөдү. Анан контрчабуул, гол. Ошентип, биринчи оюн өтө кызыктуу болуп, 5:5 эсебинде аяктады.
Оппозиция - Өкмөт - 11:4
Эми оюнга "Ата-Журт" чыкты. Алар "Өкмөт" менен ойношту. "Ата-Журтта" Мыктыбек Абдылдаев менен Акмат Келдибеков келбегени менен Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Нариман Түлеев, Азиз Суракматов, Жаныш Кудайбергенов, Токтогул Туманов, Талант Мамытов, Жыргалбек Саматов... сыяктуу оюнчулары бар. Оюн башталары менен эле голдор "Өкмөттүн" дарбазасына кире баштады. Айткандай эле "Ата-Журттун" капитаны Садыр Жапаров жакшы ойнойт экен. Ага жардам берип алдыда Дастан Жумабеков экөө ары бери эсепти көбөйтө башташты. Артта Азиз Суракматов менен Нариман Тулеев да футбол ойноп жүрүшкөндүгү көрүнүп турат. Ал эми дарбазачы Камчыбек Ташиев топту кадимки профессионалдардай тосуп, же кагып жиберип, топту жыгылып тоссо да курсагы менен жыгылбай, ыгы менен, капталдап жыгылып жатты. Негизи "Ата-Журт" ар дайым ойноп жүргөн команда экен. Анан да ар бир оюнчунун футболкасынын артында аттары жазылган. Команда деген ушундай болуш керек. "Ата-Журттун" күйөрмандары да залга толуп келип (депутаттардын айдочулары, жардамчылары болсо керек), желектерин көтөрүп командасын сүрөп жатышты. Ал эми "Өкмөттүн" күйөрмандары жок экен. Биринчи оюндун жарымында ИИМдин министри З.Ырсалиев келип эмне болуп жатат деп кичине көрүп кеткен. Ойнобойсуңбу деп сурашса, травма деп койду дешти. Бир маалда карасам жанымда турган Жогорку Кеңештин депутаты, "Республика" партиясынын мүчөсү Чолпон Султанбекова "Ата-Журт" гол киргизсе деле кубанып, "Өкмөт" чабуулга чыкса аларга күйүп-бышып, "Давай-давай" деп эле жатат. "Сиз кайсы командага болеть этип жатасыз" деп сурасам, - "Я за спорт" деди. Биринчи тайм 7:2 эсебинде "Ата-Журттун" жеңиши менен аяктады. Садыр Жапаров катары менен үч гол, анан өзүнүн төртүнчү, көп узабай бешинчи голун киргизип, оюндагы жалпы голдорду эмес эле, анын голдорун санай баштадык. Экинчи таймда Нариман Тулеев чабуулга чыгып, ал да гол киргизе баштады. Акыры тынбай ойногон "Өкмөттүн" негизги беш оюнчусу да чарчады. Акыры оюн 11:4 эсебинде аяктады. "Ата-Журтта" Садыр Жапаров сегиз голдун автору болду.
Чечүүчү оюнда "Ата-Журт" менен "Биримдик" беттешти. Оюн алдында Камчыбек Ташиев Канат Исаевге жеңишти бизге эле берип койгула, баары бир утуласыңар деп тамашалады. "Биримдикке" чемпион болуш үчүн сөзсүз жеңиш керек эле, ал эми "Ата-Журтка" тең чыкса деле болмок. Жаңы эле ойноп чыккан "Ата-Журтка" эс алууга он мүнөт берилген. Эс алып жаткан К.Ташиев машыгып жаткан "Биримдиктен" жаңы оюнчуну көрүп калып: "Тээ-тиги ким, ал депутат эмес окшойт",- деп жанындагылардан сурап, - чоочун болсо ойнобошу керек,- деди. "Биримдиктеги" жаңы оюнчуну эч ким билбейт экен. "Чынын айтсам мен да депутаттардын жарымын тааныбайм" деди, Ташиев (тигил жаңы оюнчу Сокулук районуна жаңы аким болуп барган Касым Кубатов болчу). Анан келгиле, терибиз кургай электе ойной берели деп беш мүнөттөн кийин командасын ортого чыгарды. Командалар ортодо бири-бирине салам айтышып учурашып, Ташиев бардыгы менен учурашып, жаңы оюнчу менен эски таанышындай кучакташып көрүштү. Ошентип, чечүүчү оюн башталды.
"Ата-Журт" - "Биримдик" - 7:5
Оюн башталары менен эле баягы Садыр Жапаров өнөктөрү менен эки гол киргизип, "Ата-Журт" дагы алдыга чыкты. Анан алар "Биримдикти" да жөн эле утат экенбиз дештиби, айтор "немношко расслабились". Мыкты оюнчулары эс алып, ортого запастагы оюнчулары чыга башташты. Дарбазачы Ташиев да оюн башталбай жатып анын бүтүшүн күтүп тургансып, ошол замат анын дарбазасына эки гол кирип кетти. Экөөнү тең Канат Исаев алыстан тээп киргизди. Ташиев кичине "серьезныйраак" болгондо мындай голдорду киргизбейт болчу. Себеби биринчи оюнда чындап эле жакшы дарбазачы экендигин көрсөткөн. Ошентип, эсеп 2:2 болду эле, көп узабай Садыр Жапаров өзүнүн өнөктөрү менен кайрадан командасын эки топ алдыга чыгарды. Жоомарт Сапарбаев менен Равшан кайрадан эсепти теңешти. Өзгөчө, Равшандын бутунун башы менен тепкен тобу Ташиевдин оң колунун үстүнөн ок учкандай, "шу-уу" этип өткөндө, эмне болгонун өзү да түшүнбөй калды окшойт. равшан АКШда жүргөндө да аларга "Соккер" ойногонду көрсөтсө керек. Эми "Биримдиктин" күйөрмандарынын үндөрү чыга баштады. Карасам, артымда "Республиканын" желегин көтөрүп бир-эки жаш кыйкырып жатат. Экинчи тайм дагы кызып, "Ата-Журттун" желегин көтөрүп команданын башкы фанаты Иманкадыр Ырсалиев залдын четинде ары-бери басып, улам-улам бизден убакытты сурап жүрөт. Экинчи таймда "Ата-Журтта" Нариман Тулеев менен Садыр Жапаров алдыда ал эми артта Азиз Суракматов, Жаныш Кудайбергенов жана Токтогул Туманов бири-бирин алмаштырып жакшы оюн көрсөтө башташты. "Биримдикте" Канат Исаев артта, Жоомарт менен Равшан алдыда. "Биримдик" экинчи оюнда да кайра-кайра эсепти теңеп, өзү алдыга чыга албайт жатат. Анан да алардын оюнчулары азайа баштады. "Железный" защитник Токон Мамытов чолоңдоп жүрөт. Нариман Тулеевдин голуна Касым Кубатов өзүнүн голу менен жооп берди. Анан Азиз Суракматовдун алыстан тепкен тобун Райкан Касымбеков тосо албай калды. Жаныш Кудайбергенов да алыстан коркунуч туудуруп, "Ата-Журт" кайрадан эки топ алдыга чыгып, 7:5 эсебинде ута баштады. "Биримдикте" оюнга жылмайып Алтынбек Сулайманов чыкты. Алтынбектин жүзүнөн жылмаюу кетпейт экен. Ал чабуулга чыгып "ызы-чуу" кылып жүрөт. Анын алдына чыккандардын бардыгы эле жыгылып жатат. Бир маалда Дастан Жумабеков дарбазанын артындагы торго чалынып жыгылып, башы менен темирге урунду. Анын чекесинен кан кетип, тез жардамга кетти. Бирок анда Алтынбектин эч кандай тиешеси жок, Дастан өзү жыгылды. Кийин Дастан башын таңдырып келип, башы канаса да топту кайта-кайта башы менен сүзүп жатты. Оюндан кийин карасам анын башындагы кан согушта "ранин" болгондой бинттин сыртына чыгып кетиптир. Бирок Алтынбек топту тосуп калган Ташиев менен кагышып калды. Алтынбек уялгансып жылмайып койду "Эч нерсе эмес" дегендей Камчыбек Алтынбекти кучактап, анан топту оюнга кошту. Негизи депутаттар оюнду таза ойношот экен, бир да талаш-тартыш жок, бири-бирин сыйлап, судьянын айтканын угуп, ал эми тыныгуу учурунда атаандаштар бири-бири менен тамашалашып... (парламентте айтышкандарын көрүп чочуй берем, ал жөн эле "шоу" окшойт). Бир гана Токтогул Туманов менен Равшан Жээнбеков оюндун аягында профессионал боксчулар мелдеш алдында бири-бирин жеп жиберчүдөй болуп тиктешет го, ошондой болуп төштөрү тийишип барып токтошту. Көп узабай оюн да бүтүп, "Ата-Журт" командасы бул турнирдин чемпиону катары баш байге - чоң кубокко ээ болуп, биринчи даражадагы диплом жана алтын медаль менен сыйланышты. Экинчи орунду "Биримдик" (орточо кубок диплом, медаль), Өкмөт үчүнчү орунду (кичине кубок, диплом медаль) ээледи. Турнирде жеке оюнчулар да сыйланып, Мыкты дарбазачы - К.Ташиев ("Ата-Журт"), мыкты коргоочу - Жоомарт Оторбаев ("Өкмөт"), мыкты чабуулчу - Равшан Жээнбеков, мыкты бомбардир - Садыр Жапаров - (10 гол) жана турнирдин мыкты оюнчусу деп Канат Исаев ("Биримдик) таанылды. Мелдештен кийин оюнчулар сый тамак ичип, бири-бирин "Мекенди коргоочулар Күнү" менен куттукташты. Анда чемпион болуп маанай жарык олтурган Камчыбек Ташиевдин оюн алдындагы таарынычы жазылыптыр деп уктум.
Табылды Асыгалиев