Кулак кагыш

Түркияга жолдомо уткуң келеби?


"Асман пресс" гезити менен Түркия республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин Маданият жана Маалымат Өкүлчүлүгү биргеликте эки элдин ынтымагы, биримдиги үчүн кызматташууну көздөйт. Демек, сиз ар жума сайын Түркия өлкөсүнүн, элинин тарых-таржымалын гезиттен окуп билүүгө мүмкүнчүлүк аласыз. Бул эле эмес жалпы окурмандарды конкурстук оюнга чакырабыз. Конкурста ар жума сайын үч суроо катылган купон ойнотулат. Суроону тапкан алгачкы оюнчу ар жума сайын баалуу белекке ээ болот. Сентябрь айында ушул конкурска катышкан окурмандарга лоторея ойнотулат, андагы жеңүүчү бир жумага Түркиянын кооз шаарларынын бирине эки кишиге жолдомо алат. Андыктан окурман, эки мамлекеттин достугунун бекемделишинен чыккан оюнга чамдаңыз. Конкурсту 12-беттен карагыла.