Үндөр, үндөр, үндөр ай, фонограмма менен жылдыз болгон күндөр ай!...


Тааныш издеп "Танка", мыйзамдан кийин "маңка" болгон ырчылар


Өткөн жумадагы болгон Жогорку Кеңештин отурумунда бир катар мыйзам долбоорлору талкууланып, анын ичинде Исмаил Исаков демилгелеген "Музыкалык чыгармаларды аткарууда фонограммаларды пайдаланууну чектөө жөнүндө" мыйзамдын долбоору II окууда каралып, Каныбек Осмоналиев баяндама жасаган. Мыйзам долбоору концерттерде ырдалган ырлар фоногрмма менен эмес нукура үндөр менен ырдалуусун шарттоого багытталган. Муну менен угуучулардын укугун коргоо максаты коюлган. Мыйзам долбоору 1-окууда сунушталганда ырчылардын фонограмма менен ырдоосуна толугу менен тыюу салынган. 1-окуудагы талкууда көптөгөн депутаттардын, маданият ишмерлеринин, ырчылардын, аткаруучулардын, музыканттардын сунуш-пикирлери эске алынып, кайра кароо зарылчылыгы чыкты. Натыйжада, 2-окууда мамлекеттин казынасынан акча бөлүнүп, уюштурулган концерттерде фонограммага тыюу салуу каралып, калган жеке концерттерине уруксат берилген. Нооруз, Эгемендик майрамдары сындуу республикалык иш-чараларда фонограмма колдонулат. Себеби, алар атайын сценарийдин негизинде өткөрүлөт. Ал эми жеке концерттерде фонограмма болоор-болбосу афишаларында көрсөтүлүшү керектиги киргизилген. Демек, карапайым эл афишасында белгиленгендей концертке барар-барбастыгын өздөрү чечишет.


Демилгечилер акыркы убакта жасалма үн менен ырдап аткан ырчылардын санын азайтуу, маданият деңгээлин көтөрүүнү максат кылышып чыгышты. Фонограмма менен ырдоону токтотуу керек экенин белгилеген депутаттардын бири Урмат Аманбаева, "Азыр ырчы болууну жөн гана жеке пиар, жеке кадыр баркын көтөрүү, атын таанытып алуу үчүн гана максат кылып калышты. Мисалы учурунда чыныгы таланттардын чыгармалары эч кандай жасалмасыз, жан дүйнөдөн чыккан азык болчу. Ошол себептен бүгүнкү күнгө чейин өчпөй ырдалып жатат. Чыныгы талант өзү келет, кудайдан берилет. "Звезда" болойун деп, продюсер жалдоонун да кереги жок. Ошондуктан маданияттын келечегин ойлосок чыныгы таланттардын өсүп чыгышына шарт түзүшүбүз керек" деген оюн билдирди. Талкуу учурунда ар кайсы пикирди айтып чыккан депутаттардын көпчүлүгү депутат Роза Акназарованын сунушун жактырышты. Депутат айым "фонограмманы такыр эле алып салып, тыю салганга да болбойт. Концерт берүү учурунда илинген афишаларында, таратылган билеттеринде концерт жандуу үн менен өтөбү же фонограмма колдонулабы, ошону жазып көрсөтүп коюшу керек. Каалагандар келип, өз тандоосу менен катыша беришсин" деген сунушун киргизди. Алтынбек Сулайманов, коллегаларынын сунуштарына, мыйзам долбооруна карама-каршы чыгып, мындай мыйзам иштебейт, иштесе дагы туура эмес экенин ортого салды. "Ырчылар азыр мамлекеттен каражат сурабай, өз оокаттарын кылып атышат. Аларга эмнеге тоскоол болуп атабыз, аларды жөн койгула, тиричилигин кыла беришсин. Же мамлекеттен акча сурап атыппы?! Фонограмма менен ырдаса эч нерсе болбойт. Менин билишимче, аранжировканы гана өзгөртсө болот, үндү жасай албайсың" деп, учурдагы ырчылардын укугун коргоп, аларга колдоо кылды. Сулаймановдун бул пикири коомчулукта, ошол эле Ак үй ичинде күбүр-шыбыр жаратты. Эл арасында айтылып жүргөндөй Алтынбек мырза айрым шоу-бизнестеги айымдар менен мамилеси бар экенин, жан тартып аткан себебинин төркүнү ушунда экенин божурашты. Адам менен адам мамиле кылат, депутат мырза ырчыларга колдоо кылып, стимул берип жүрбөйбү, мамиле кылса эмне экен деп койдук. "Республикачы" дагы бир депутат Бакыт Төрөбаев, "аппаратуралардын сапаты начар, жандуу үн менен ырдаганга шарт жок. Ал үчүн заманбап, жаңы аппаратураларды колдонушу керек" деп айтты. Буга комментарий берген коллегалары, Рыспай Абдыкадыров, Асанкалый Керимбаев баш болгон таланттуу инсандарды эч кандай заманбап техникалары жок эле элдин жүрөгүнөн орун тапканын мисал келтиришти. Ал ортодо маданият министрлиги комиссия түзүп, өздөрүнчө мыйзам кабыл алып жиберишти. Ырдоо гана эмес, кийинүү эрежеси, сахнага джинсы шым, жыртык көйнөк модасындагы ырчыларды сахнадан кубалап түшүү керектигин белгилешти. Мына кызыктын бары ушул жерде башталчудай болуп туру. Мыйзамды Өкмөт же Жогорку Кеңеш гана чыгара алат, ал эми министрликте мыйзам токуй калчу укук берилген эмес. Бул не деген артистизм деп депутаттар санын чапкылап атыр.

К
ыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө мыйзамдын, 5-беренесинде, ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга (чыгарууга) ченем жаратуучу Президент, Өкмөт, Жогорку Кеңеш, Улуттук Банк органдары гана укуктуу деп көрсөтүлгөн. Бул нормалардын башын аттаган Маданият министрлиги ырчылар өз алдынча ырчылардын ычкырына жармашып, шымын чечебиз деп аткан учуру. Фонограмманы колдонууга каршы мыйзам кабыл алгандан кийин аны ким көзөмөлдөп, кандай чара колдонушу белгилене элек. Эгерде мыйзамда көрсөтүлгөндөй нормалар сакталбай, ырчылар билет, афишаларында концерттин кандай өтүшүн көрсөтпөй, жандуу үн деп, жасалма үн колдоно турган болсо көрүүчүлөрдүн укугу кандай сакталат? Көзөмөлдөй турган орган кайсы министрликке табышталары да кызуу талаш жаратууда. Себеби, көрүүчүлөрдүн укугу бузулса ИИМ иликтейби, же маданияттын нормасы сакталбай калды деп Маданият министрлиги көзөмөлгө алабы. Эгерде көз боемочулук фактысы аныкталган кезде айып пулу салынабы же сахнадан кетиреби бул да азырынча так эмес.

С
урамжылоолордо фоноргаммабы же жандуу үнбү концерт убагында көрүүчүлөр айырмалап билиши кыйын. Ага атайын адистер дайындалып, маданият министрлигинен кошумча штаттар, кызматтар каралышы шарт. Премьер Өмүрбек Бабанов кызматтарды кыскартып атканда, бир жагынан кошумча штаттарды кошу зарылчылыгы чыгып атат. Быкылдап арты-артынан жазылган мыйзамдардын аткарылышы да арсар кеп. Учурдун уу-дуусу болуп аткан бул мыйзамдын да шар иштеп кетишине кепилдик жок. Фонограмма маселеси өзүнчө, кийинүү эрежесине чектөө кою көп талаш жаратары бышык. Жыртык шымчан ырчыларыбыз Ак үй алдына пикет кылып чыгышы да мүмкүн. Анткени акыркы кезде ырчылардын басымдуу бөлүгү батыштын ырчыларын туурап, үнүн, тамагын кысып ырдап калганы аз келгенсип, аласы жыртык шымды алда качан кийип калышкан. Асанкайгы ырдагандай, аласы жок, шымы жок, Добр байкуш кантти экен дейбизби же…


Ушундай уу-дуу болгон депутаттардын талашынан кийин, биз да жыйынтык чыгардык. Тиричилик, оокат табууну кыргыз - көр оокат деп коет. Ал эми маданият, жан дүйнөдөгү оргуштаган талант, мамлекеттик маданий саясат көр оокат табуу эмес. Демек, азыр ак-карасы, ала-сарысы аралашкан ырчы болумуштарды иргеп алуу эч качан жаман жыйынтык алып келбеши бышык. Жогорудагы Сулайманов менен Төрабаев мырзалардын айткан ою маданиятты сыйлабастык жана кайдыгерлик деген тараптар көп. Эгерде маданиятка дагы ушундай кайдыгер мамиле кылып, ырдап тиричилик кылгыла деп мыйзам чыгаруучулар айтса, анда талант өчүп, ырдала турган ыр да калбай калышы алыс эмес. Таланты жок жасалма ырчылар, мурдагы, азыркы таланттуу ырчы инсандардын ырларын бузуп ырдап, бура ырдап, түпкү маңызын, уңгусун жоготушу боло турган иш. Андыктан жасалма үн менен ырдоо "маданиятынан" жакынкы күндө арылбасак, арты караңгы, маданияты жакыр жашоодо, кулактын кужурун алган үнү жок, көкүрөгү бош ырчылардын курчоосунда калабыз.