"Ата-Мекен" сессияга эң аз катышат


Кечээ Жогорку Кеңештин отурумунда, сессияга пассивдүү катышкан фракциялар сынга алынды. Депутаттары аз катышып, отурумда активдүү болбогон, кааласа келип, кааласа келбей койгон "Ата-Мекен" фракциясы эң акыркы орунда калды. Ал эми, "Республикачы" депутаттар эң мыкты көрсөткүчтү алып, ар дайым толугу менен сессияга катышкандыгы үчүн алкыш алышты. Мектептегидей эле бекен? Журналда "НБсы" көп физик мугалим Өмүрбек агайдын балдары тура…


Жарык баасы көтөрүлбөйт!


"Свет аке" Аскар Шадиевдин жарыкка болгон бааны көтөрөт имиш деген уу-дууларын тизгиндөө мыйзамы кабыл алынчудай болуп атыр. Республикачы Урмат Аманбаева, министрлик каалаган учурда бааны көтөрүп, түшүрбөө үчүн иликтенип келген натыйжа, жүйө ЖоКеде каралып чыгып, депутаттардын кароосунан кийин гана жыйынтык чыгарылсын деген мааниде мыйзам сунуштап атыр. Ал мыйзам өтүп калса, Свет акенин тилеги тескери кетип, жарыкка болгон баа ордунда калат деп кудуңдап турабыз.


Ким кимдин душманы?


2010-жылдын июнь айындагы улут аралык кандуу кагылышуулардын күнөөкөрү катары издөө жарыялаган Жалалидин Салахудинов Бишкек аэропортунан Ташкенге учаарда коопсуздук кызматкерлерине колго түшүп, камакка алынган. Анан Ошко камалып, тергелип жаткан жеринен Башкы прокуратура Бишкекке чакырып алып, эркиндикке кое бергени да маалым. Бирок, мунун артында ким турганы жана эмне себептен бошоткону табышмак болучу. Көрсө, июнь окуяларынан кийин качып кете албай калган жер семирткич бизнесинин магнаты. Ж.Салахудиновдун Ошто калышы өтө кооптуу болгондуктан, достору Бишкекке алып келип катышат. Анан бүт партиялар Оштогу өзбек шайлоочуларынын добушун алыш үчүн жанталаша баштаганда "Республика" партиясынын тизмесине киргизет. Ал эми өзү Ө.Бабановдун суранычы боюнча Ташкенге барып, өзбек бийликтери менен Оштогу өзбек шайлоочуларына таасир берүү маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзмөк болот. Кара басып Бишкектен Ташкенге учаарда УККга колго түшүп калат. Ошондо өткөөл мезгилдин президенти болуп турган Роза Отунбаева менен мамилеси жакшы Ө.Бабанов эжекеге кирип Ж.Салахудиновду чыгарып берүүнү суранып, А.Бекназаровго жана Баш прокуратурага телефон чалдырат. Баш прокуратура Ж.Салахудиновду Оштон алдырат да, бир нече сааттык макулдашуулардан кийин бошотуп жиберет. Ташкенге жетип алган Салахудинов телефондон Бабановго катуу таарынат "Мен сенин тапшырмаң менен келатып колго түшсөм, сен мени чыгарыш үчүн 500 миң доллар акчамды алдың, мен сага ишенбейм" деп. Ошентип ал шайлоодо Оштогу өзбек шайлоочулары "Республикага" эмес "Ар-Намыска" ооп кетишет. Эми бул жерде маселени нравалык жагы - кыргыз-өзбекти канга боёгон, кыргыз мамлекеттүүлүгүн бүтүндүгүнө шек келтирген мамлекеттик кылмышкер Ж.Салахудиновду түрмөдөн чыгарып жиберген ошондогу жетекчилер эмне кыргыздын душманыбы (?) деген ойго аргасыз келесиң. Бабанов жөнүндө кызыктуу кептер кызый-кызый чыга баштады. Кызыгы эмкиде болот.


Кайсар кимдердин кабинетинен чыкпайт?


Акыркы күндөрү кыргыз өкмөтүнүн "серый кардиналы", "кадрлар бөлүмү", "лицензияларды бөлүштүрүүчүсү", "премьер-министрдин оң колу" деген аттарга коно баштаган казак жараны Кайсар Абылкасымовдун аты дүңгүрөй баштады. Казак бийлиги тараптан экономикалык кылмыштарга айыпталган Кайсар тууган кыргыз мамлекетинде эч бир кызматы жок эле өтө таасирдүү фигурага айланып, Ак үйдө тим эле балык сууда сүзгөндөй эркин жүрөт дешет. Айрым билермандардын айтуусунда, Кайсар Абылкасымов Өкмөттүн аппарат башчысы Төрөгул Беков менен Президенттин Администрация башчысынын орун басары Икромжан Илмияновдун кабинетинен чыкпайт экен. Эмне маселе чечээрин биз билбейбиз, бирок, Өкмөт башчы Ө.Бабановго караганда анын оң колу болгон Кайсар Абылкасымовго кирип-чыккандардын саны алда канча арбын болуп жатыптыр. Кайсар Казак курал ишканасын жетектеп, коррупциялык иштери менен камалып чыккан деген кептер да бар.


Ө.Бабанов:

"Менин атымды жамынгандарды өзгөчө текшергиле"



Бизде жогорку кызматтагы адамдардын илик-чатышы сөзсүз түрдө айтылган, айтылбаган жеңилдиктерден пайдаланышы кадыресе көрүнүшкө айланган эмеспи. Мамлекеттик кызматтагы туугандарынын атына жамынып, көрүнө да, көмүскө да ишин жайгарып келген учурлар аз эмес.
Жакында премьер-министр Өмүрбек Бабанов салыкчылар менен жолугушууда азыркы кыргыз коомун таңгалдырган сөз айтты. "Өлкөдө кол тийгис болгон кишилер менен ишканалар жок. Андыктан, ким болбосун, менин жакын тууганым болобу же досум болобу, атымды жамынган адамдарды дагы тереңирээк казып, тереңирээк текшергиле ",-деди салык кызматкерлерине кайрылып.
Андыктан, мындай маанайдагы мамиле албетте, биздин кыргыз чиновниктерине да жайылса, жаман болбос эле...


Сманбеков кош бойлуу аялды сабады


Биздин өлкөдө кайсы бийлик бутагына келген адам болбосун өзүнүн кол алдында иштеген жаш кыздарды тузагына илээри бышык эмеспи. Өзбек байыса там салат, Кыргыз байыса катын алат,-дегендей эле. Бир креслого ээ болуп, бир жерди башкарып калган эркектер өзүлөрүнөн бир топ жаш аял алганы аз келгенсип, алган аялдарды кордоп, маралдык жактан тепселеп, ал гана эмес өз жумушунан пайдаланып ага кордук көргөзүп, жумуштан кубалаганы жакаңды карматат. Маданияттын каймагынын катарын толуктаган Мамлекеттик куурчак театрдын директору, кыргыз элине эмгек сиңирген артист Темирлан Сманбеков кол астында иштеген өзүнөн 25 жаш кичүү кыздан Теңир аттуу уулду болду деген кеп желдей тараган эле. Кечээ жакында ошол кыздын кош бойлуу экенине карабай өз кабинетинен аны кордоп кол көтөрүп, сабагандыгы туурасында кабар жетти. Эсин жоготкон кызга тез жардам чакырылып республикалык улуттук госпиталга алынып келинген. Өз креслосунан айрылбаштын амалын ойлогон директор "Менин кабинетиме келип уруш чыгарды" -деген доомат коюп жумуштан кетириптир. "Оозу кыйшык болсо да байдын уулу сүйлөсүн заман" ушу турбайбы. Баягыдан да баласы эки жашка толо элек, кош бойлуу кыздын күнү эмне болоор экен? Кордук көрүп жумушунан айрылып кала береби же буга кандайдыр бир чара көрүлөт болду бекен.
Биздин айланабызда мындай көрүнүштөр четтен чыгат. Кап десең, башкасы башка, элде жакшы аты бар Сманбеков аялга теңелбей (күнөө кимден кетсе да), урбай-сөкпөй, алдап-соолап акылдуулук кылса болмок экен деп калдык. Абийирдин төгүлүшү көз ачып жумганча эле да.


Батукаев Чеченстанга кетеби?


Ушундай кеп тарады, түрмөнүн "башкармасы" Батукаев кыргыздын болгон ырыскысын жеп бүтүп, тумшугуна эч нерсе илинбей калганда киндик каны тамган Чеченстанга кетүүнү самаган көрүнөт. Тагыраак айтсак, 9-февраль күнү "Манас" Эл аралык аэропортуна белгисиз самолёт келип конгон. Самолёт конгону менен андан жан адам сыртка чыккан эмес. Бирок, самолётко кыргыз тараптан бараандуу адам "бадаркесин" (анын ичинде өрүк, мейиз, көйнөк көнчөк, чепкен, калпак) көтөрүп барып, учактын ичинде узакка эзиле сүйлөшүп чыкканы айкын болуп отурат. Көрсө, ал учактын ичинде Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровдун ишенимдүү кишиси, оң колу болуп жүргөн Адам аттуу киши болгон. Анын бул жакка келишинин максаты, Батукаевди түрмөдөн сууруп чыгып, батыраак Чеченстанга алып кетүүдө экен. Ал эми ага башын ийип барып, кол куушуруп учурашкан, учурдагы бакыйган баш бакан экендиги тууралуу каңшаар тарап жатат. "Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт" дечү эле акылман элибиз. Эгер ушул чын болсо, Бабанов тигил чеченстандык мырза менен эмнелер тууралуу сүйлөштү? Кандай соода жүргүзүп, келишим-тыянакка келди. Ошол эле узун кулактар бир-эки жумада Батукаевди чечендерге өткөзүп берет экен, ал үчүн оңбогондой баа бычылыптыр дешүүдө. Андай болсо Батукаевиң мындан ары тынч уктайт деп ким кепилдик берет? Ал жакта жатып алып, бул жактагы куйруктарынын, желдеттеринин баарын ишке салып, калган-каткан көкжалдарыбыздын канын дайрадай агызууга далалат кылып жүрбөсүн? Уккан кулакта жазык жок. Бирок, мунун баары чындык болсо, анда Бабанов кыргызга күйбөйт деп Камчыбек Ташиевдин айтканы туура чыгып калабы… Таң калычтуу, анчалык атак күткөн Адам деген ким? Биздин УКМК эмнени карап жүрүшөт? Бул тууралуу билбей калышы мүмкүн эмес эле. Себеби учак катардагы учуп жүргөн чымын эмес да… УКМК укпаса укпасын, бирок, жамы кыргыз эли, эми Батукаевдин мындан аркы тагдыры кандай болооруна көзөмөл салалы. "Ишенген кожолор сууга агып жатса, алды-артыбыздан тал кармайлы". Баса, президент Атамбаев да өзүн жабалактап жапа тырмак шайлап берген эл тарапта болот деп ишенели. Ал эми айтылчуу кеп али алдыда.