СМС маек



Урматтуу окурман, жашоонун оң-терс күндөлүгү болот эмеспи. Эгер сиз:
o Дос күтүп, сүйүүңүздү тапкыңыз келсе, кубанычыңыз койнуңузга батпай турса же көңүл өйүгөн көйгөй болсо же жакындарыңызга куттуктоо айткыңыз келсе,
o Сиз жашаган аймактагы (район, шаар, айыл) жаңылыктарды жазгыңыз келсе (эгер жакшы жаңылык болсо гезитке өзүнчө чыгат. Анда гонорарына бирдик салып беребиз),
o Саясатчыларга, шоу бизнес өкүлдөрүнө же сиз кызыккан ар кандай суроолорду бергиңиз келсе, Анда 1032 кыска номерине "А" деген тамгадан баштап же болбосо 0777840152 телефонуна смс жазыңыз. Эскерте кетчү нерсе жерлигиңизди, аты-жөнүңүздү толук жазууну унутпаңыз.

А-71 Ар убак ыймандуу болгула кыздар. Кыздар силер балдардын жанында эч убакта жыртаңдап күлбөгүлө, эгер анте турган болсоңор анда силер бир пулсуңар балдардын жанында. Ажар 1998-жыл. Тел: 0770258819
А-72 Урматтуу Алмазбек Шаршенович сизге кайрылуумдун себеби Кыргызстанга керексиз закондор чыга баштады. Мисалы , алсак бир кишиге эки паспорт. Бул законго туура келбейт. Азыркы учурда паспортко жетпеген кыргыз жарандары көп. Эки паспортту ак үйдө иштеген депутаттар алдын -ала өзүнө кам көрүү деп эсептесек болот. Жолдо жөө жүргөн кыргыз жарандары жол эрежесин бузса мыйзамдуу түрдө айып төлөйт деп телевизордон көрдүм. Муну тактап карап көрсөңүз бул Кыргызстандын законуна туура келбейт жана биз андай уровенге жетелекпиз жана Кыргызстандын бюджетине акча түшөөрүнө көзүм жетпейт. Бул жөн эле кыргызды кыйнай турган закон. Эгерде чынын айтсак кыргызстан алдыга кадам таштабай тескерисинче артка кадам таштап жатабыз. Сизди урматтап жана сыйлап жазган Бишкектин тургуну Тынчтык Жолдошев. Тел: 0779222202
А-73 Бизге "День Валентин" дегендин эмне кереги бар эле дейм да. Кыргыз үчүн майрамдар көп, ушул эле жетпей жаткан эле. Негизи алып карай келгенде кыргызда орозо жана курман айт деген эле эки майрам бар . Сүйүшкөндөр күнү деп атып кургуйга түшүп кетпегиле. Патриотка.
А-74 КУУда акча менен гана окушат. Качанга чейин ушундай боло берет билбейм. Тел: 0773778307
А-75 Бийликтегилер эмне эле болуп бара жатат билбейм. Келдибековдун, Бабановдун айткандарын иш жүзүнө ашырышса гана, эми көрө жатаарбыз. Акыл Асаналиев
А-76 Өткөндө шаарыбыздагы кафелердин бирине кирип калдым. Официант кызды чакырып тамак-ашка заказ кылдым. Аңгыча ары жактан дагы бир официант кыз келип "Эгер сен эч нерсе албасаң мага акча берип турчу, мен бойфрентиме подарка алып беришим керек, эртең день валентина да сенин жигитиң жок го" деп экөө быжы-быжы болуп ары көздөй кетишти. Ойлонуп мен да отуруп калдым. Бойфренти эмне деп. Өмүрү мындай деген сөздү укпапмын. Арадан көп убакыт өтүп кетти. Менин заказым кана деп кыйкырып атып араң алдырдым. Уялбастан аялыман келип сурасам, ал каткырды. Ээ... көрсө жаштар сүйүшкөндөр күнү деп, сүйгөн жигиттерин бойфрент деп эркелетет тура. Нурбек Бишкек шаарынан.
А-77 Жазында дагы төңкөрүш чыгабы? Тел: 0773877230
А-78 Гүлнур Сатылганова эжеге таң калдым, ушунча таанымал адамыбыз мен эми жаштардын текшерүүсүнөн өтүп анан концерт беремби дейт. Албетте бул азыркы мезгил талабы, "Өзүңдү эр ойлосоң, өзгөнү шер ойло" жаштар келечектин түзүүчүсү, асыл заттар. Кана, Кочкор району, 10.03. 1980жыл. Тел: 0552011887
А-79 Салам "Асман пресс" гезити, салам смсчилер мен силерге бир табышмак айтайын тапкылачы гана. Кудай адамдарга эки нерсени берет экен. Үчүнчүсүн адамдар өзүлөрү сатып алат экен. Адамдарга эң керектүү нерсе. Жообун күтөм. Тел: 0773577381
А-80 Салам! Менин атым Умка. Тел: 0773220885
А-81 Субанкулов Нурлан байкени 15-февраль туулган күнү менен куттуктайбыз Сизге кааларыбыз чын денсоолук иштериңизге албан-албан ийгиликтерди каалайбыз, үй-бүлөңүз менен аман болуңуз. Кесиптештериңиздин атынан Гүлзат, Мээрим.
А-82 Айылдык балдар менен таанышам, жашым 17де. Тел: 0559190589, 0778952562
А-83 Түптүн Талды-Суудагы Урубаев Арунакун! Каткырыкты калың кылып жүрөсүңбү, дарегиңди билдир. Тел: 0777163197 ???...
А-84 Ысык-Көл областынын Ак-Суу районунун Теплоключенка айылындагы М. Мамакеев орто мектебинин 11-Л классынын 2009-жылы бүтүргөн классташтарыма салам айтам. Мен силерди сагындым жана жакшы көрөм .Ошондой эле ушул мектепте эмгектенген мугалимдер жамаатына өзгөчө Дунганаева Күлүйпа эжей менен Кыдыкова Гүльнара эжейге. Биз силерге миң мертебе ыраазыбыз, бар болгула! Аалиева Айжан.
А-85 Талас районундагы Бакай-Ата айылында таза суу жок. Абдан кыйналдык, ошол эле кудуктан адамдар да суу алат, айбандар да суу ичет жана башка ит кушу да бар. "Таза суу" программасы киргизилген эмес. Элдин денсоолугун ойлогон бирөө да жок. Бийлик төбөлдөрү каякты карап атышат билбейм. Таластык жигит.
А-86 Салам "Асман пресс" гезити жана смсчилери келгиле смс аркылуу маек куралы, сырдашалы, достошолу. Менин силерге бир суроом бар. Кыргызстандын келечеги жаштар деп эле теледен болобу, гезит-журналдардан болобу айтып жатышат. Бирок, ошол жаштарга таалим-тарбия берчү, өрнөк болчу улуу муундарыбыз бизге эмне деген ыплас иштерди жасап, көрсөтүп жатышат. Эч түшүнүп болбойт го аларга. Сапарбек.
А-87 Президент Алмазбек Атамбаев коррупцияга каршы-күрөшөм деп чоң казатка аттанып отурат. Бул кылганы абдан жакшы, бирок аягына чыкса болду. 20 жылдан бери тамырын кенен жайган бул илдетти жок кылуу жеңил эмес. Кандай болгон күндө да жалпыбыз "Бөрүлөргө" каршы турсак жеңебиз деген чоң үмүттөмүн. Асанаалы, Кара-Шоро айылы.
А-88 Дима байкемди 14-февраль туулган күнү менен куттуктайм. Сизге кааларым биринчиден чын денсоолук, узун өмүр, ишиңизге ийгиликтерди каалайм. Альбина жеңем экөөңүздөр уул-кыздарыңыздардын урмат-сыйын көрүп бар болуңуздар. Асемай жакшы кыздардан болуп чоңое берсин. Карындашыңыз Гүлзат.
А-89 Фонограмма менен ырдоого тыю салганы жакшы болду. Жаш ырчыларыбыз эми жанталашып окуп билим алып, духу жетпегендери ырчылыкты ташташат жөн гана ырчынын санын көбөйтүп жүрө бербей. Акмат
А-90 Телефон аркылуу деле түгөй тапса болооруна ишенем. Бирок жолугушуп көрүш керек экен сүйлөшүп эле жүрө бербей. Максат, Жумгал району. Тел: 0777060756
А-91 Ийгиликтердин ток этер жери бейишке чыгуу деп бир аалым айткан экен. Максат
А-92 Саламатсыздар! Мен ыймандуу, түшүнүктүү кыздар менен таанышып жолуккум келет. Менин атым Жакшылык, жашым 38де үйлөнө элекмин, Жумгалда жашайм. Тел: 0779979573, 0557017825
А-93 Лейлек районунун Жаштык айылындагы атам Толубаев Кудайберди, апам Толубаева Буузияга салам жолдойм. Сагындым айылымды ата-энемди,/ Учурган уясынан мектебимди./ Салкын аба мол түшүм, жашыл талаа,/ Сагындым кичи мекен туулган жерди. /Сагындым куш ысымдуу Лейлегимди. Зуура
А-94 Аллах куранда " Мен адам менен жинди бир өзүмө сыйынуулары үчүн гана жараттым" деген. Тел: 0777060756
А-95 Эгер Кочкор районунда агентке кирүүчүлөр болсо менин логиним, Kyrgyzstanis @mail.ru, атым Ильяз Исакеевский
А-96 Гулго толсун ар бир баскан кадамыныз
Нурга толуп жанып турсун жамалыныз
Сизди суйуп туболукко бир болсун
Журок суйгон кадырлаган адамыныз
Майрамыныздар менен жаштар! Миржан