Садыр Жапаров, "Ата-Журт" фракциясынын депутаты:

"Кумтөр кыргызга 10 жылдан кийин орду толгус кайгы алып келет"


Кечээ Жогорку Кеңеште Казакстандан алынып келинген радиоактивдүү көмүр боюнча маселе каралды. Бул радиоактивдүү көмүрдүн зыяндуулугу тууралуу "Ата-Мекен" партиясынан депутат Райкан Төлөгөнов мындан бир канча убакыт мурда айтып чыккан. Ал маалыматка ылайык ЖКнын мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков дагы бул маселеге кийлигиши бар болушу мүмкүн деген сөздөр тараган.

- Кечээ "Кумтөр" алтын кени боюнча маселе көтөрүп, экологиянын бузулуп атканын жар салдыңыз. Комиссия түздүңүздөр, мурда да түзүлүп жыйынтык чыккан эмес. Ар бир барган жумушчу топтун оозун жап кылып, пара берип кайра жиберишкени маалым. Сиздердин комиссия кандай айырмаланат?
- 2005-жылы депутат болуп келгенимде, "Кумтөр" боюнча бүт документтерди депутаттарга таратып бергемин. Бакиев президент, Кулов премьер-министр болчу, аларга да бирден берип, "Кумтөр" маселесин көтөргөнгө демилгечи болгомун. Жети-Өгүздөн шайланган депутат катары Кубанычбек Исабеков ал маселени колго алып, бүгүнкү күнгө чейин иштеп келди. Ага чейин дагы бир топ комиссиялар түзүлүп, тилекке каршы жеке кызыкчылыктарына алдырып, соодалашуу жолу менен унчукпай калышкан. Бул тууралуу толук маалыматтар да бар. Түзүлгөн топтор, же текшергендер тууган-уругун ошол жакка жумушка киргизип, же акча бер деген талаптарды коюп, жеке максаттарын гана ишке ашырган.
- "Кумтөрдү2 изилдеп атабыз деген топтордун саны канчага жетти?
- Буга чейин 30га жакын текшерүү, иликтөө топтору, комиссиялар түзүлгөн.
Ар кандай деңгээлде түзүлүп текшерүүгө алган. Буга чейинки бүт комиссиялар жеке кызыкчылыктарына гана иштеген. Бири да көзгө басарлык көрүнүктү эч жыйынтык чыгарышкан жок.
- Сиздер түзгөн комиссия деле мурдагы комиссиянын жолун басат болушу керек же кандайдыр өзгөчөлүгү барбы?
- Биздин түзгөн комиссия бир дагы "Кумтөр" алтын ишканасынын жетекчилиги, канадалыктар менен сүйлөшпөйбүз. Өзүбүз текшерип, изилдеп жыйынтык, чечим чыгарабыз. Болгонун болгондой текшерип, Жогорку Кеңешке алып келебиз. Булар биздин тоо болуп жаткан мөңгүлөрүбүздү жок кылышты. Анын ордунда түздөлүп, казылып бозоргон боз топурак калды. Эл аралык келишимдер, нормативдер боюнча казылып алынган алтын кендеринин ордун кайра толтурушу керек. Казылып алынган чуңкурлар кайрадан толукталып туруусу каралган.
- Кыргызстан-Канада ортосунда түзүлгөн келишимде ал нормалар каралганбы?
- Ал келишим бар болобу, жок болобу мааниге ээ эмес. Анткени БУУга мүчө мамлекеттер ортосунда мындай нормативдер киргизилип, кол коюлган. Андай казылып алынган, жок болуп кеткен аймактарды толтурууга миллиарддаган долларлар талап кылынат. Эгер андай толтуруулар болбосо, экологияга абдан зыяны тийет. Негизги максатыбыз ошону изилдеп, тактап чыгабыз. Ысык-Көлдүн экологиясы жабыркап, Кыргызстанга, бүтүндөй Орто Азияга терс таасирин тийгизип, коркунуч туудурат. Демек, "Кумтөр" жеке бизге гана эмес, Орто Азияга тиешелүү көйгөй. Бүгүнкү күндө эң коркунучтуу болуп атканы, иштетүүдөн бөлүнүп чыккан уулу, зыяндуу калдыктарды сактоочу жай жылып кеткен. Уулу заттарды сактоочу жай тоонун этегинде жайгашкан. Ал эми тоонун үстүндө Петровка көлү толуп-ташып ашайын деп турат. Эгер ал көл ашып кетчү болсо, уулуу заттарды каптап, чоң коркунучка дуушар болобуз. Өзүбүз комиссия түзүп коопсуздугубузду карабасак, эч ким бизге кылып бербейт.
- Өкмөт дагы комиссия түздү эле, алар эмнени карап жүрүшөт?
- Өкмөт өткөн жылдын сентябрь айында комиссия түзүшкөн. Учурда бир дагы барак справка көрсөтүшө элек. 5-октябрга чейин корутундусун бергиле деген тапшырма болгон экен, эч нерсе алган жокпуз.
- Жогорку Кеңеште Райхан Төлөгөнов башында турган комиссия түзүлгөнүнө көп эле болду, алар кандай жыйынтык чыгарышты?
- Комиссиялардын ар кандай түрлөрү болот. Жаңы комиссия эң күчтүү, Жогорку Кеңеш тарабынан түзүлдү. Райхан Төлөгөнов түзгөн комиссия ал комитеттин деңгээлинде жумушчу топ. Иманкожоева башында туруп алып, "начальник отдел", "начальник управления" дегендерди ачышты. Ачыгын айтып коеюн канадалыктар анысын тоготмок түгүл, алар менен туалетке да чогуу барып койбойт. Жогорку Кеңештин комиссиясы алардын куйруктарын бурап, ордуна коюп коебуз.
- Башкаларды тоготпой койду дедиңиз. Сиздердин текшерүүңүздөрдү дагы четке какса эмне кыла аласыздар?
- Биз майда-чүйдө, жөн эле барып "Кумтөрдүн" эшигин сагалап, киргизбей койсо баса бергидей комиссия эмеспиз. Бул жалпы элдин, мамлекеттин комиссиясы деп эсептей берсеңиз болот. Профсоюзун тукуруп, "атажуртчулар" комиссия түзүп келатыптыр, каршы тургула. Мамлекетке өтүп кетсе, анда жумушчулар аз айлык алып каласыңар деп канадалыктар ошол жерде иштеген кыргыздарды бизге каршы үгүттөп атыптыр. Андай кыла турган болушса, автоматтык түрдө "Кумтөр" жабылат. Баардык жагын жаптырып коюп анан текшерүү жүргүзөбүз. Кумтөрдө иштеп аткан 3 миңдей адамдын көңүлү, айлык акыларын караган менен бүтүндөй кыргыз элине 10 жылдан кийин орду толгус кайгыны башына үйүп алабыз.
- Экология жагын айтып атасыздар, киреше жагын кайрадан бөлүштүрүүнү да эске аласыздарбы?
- Убагында келишимдер мыйзамды бузу жолдору менен болуп, Кыргызстандын кызыкчылыгы каралган эмес. Кайсы бир чиновниктин гана чөнтөгүнө чоң суммадагы акчалар агып кирип турган. Ал убакта мыйзам иштеп турган. Мыйзамды бузуп келишим түзгөн канадалыктар менен кайсы бир чиновниктердин күнөөсү болгон. Мыйзамдын чегинде, экономикалык негиздемелердин рамкасынын чыкпай туруп киреше жагын дагы карап, текшерип чыгабыз. 20 жыл аралыгында "Кумтөр" Кыргызстанга канча зыян алып келгендигин эсептеп чыгабыз.


Азамат Жетишбаев