Ой комузчу, комузчу
Азиза Рыскул кызы:

"Чайкаманы бир күндө жаттагам"


Редакциябыздын коногу тогуз жаштагы кечинекей комузчу Азиза таттуу тили менен биздин берген сурообузга кызыктуу жооп узатты.

- Азиза, канча жашыңдан бери комуз чертесиң?
- Алты жашымдан бери.
- Комуз черткенди сага ким үйрөткөн?
- Атам, "Ой-Тобо" тобунда комуздан сабак берип эмгектенет. Кичинекей кезимде мени үйгө таштаганга эч ким жок болчу. Анан атамды ээрчип мектепке барчумун. Атам окуучуларына комуз үйрөтүп жатканда, аларды карап үйрөнө баштадым. Бир күнү үйдөгүлөргө "комуз чертип берейинби" дедим. Чертсем атам: "Сен дагы черте алат турбайсыңбы" деп мага комуз үйрөтө баштады.
- Кайсыл жакта окуйсуң?
- Абдыраев атындагы музыкалык мектепте фортепиано бүлүмүндө окуйм.
- Комуздан кайсы күүлөргө жетип калдың?
- Чайкамадан өтүп калдым.
- Колдоруң комуз черткенге жетеби?
- Ооба. Алты жашымда анча эмес болчу. Азыр жетип калды.
- Бош убактыңда эмне кыласың?
- Фортепианодо ойнойм, комуз чертем.
- Куурчактарың менен ойногонго убактың барбы?
- Куурчактарым бар. Комуздан чарчаганда ойнойм. Музыкалык окуу жайымда бүт баардыгы бар.
- Комуз менен ырдай аласыңбы?
- Комуз менен "Энекем" деген ырды ырдайм.
- Бир күүнү канча убакытта үйрөнө аласың?
- Бир күндө үйрөнө алам. Чайкаманы бир күндө жаттагам. Атам мага ал күүнү үйрөткөн эмес. Бирге окуган кыздар, балдардын черткенин карап, үйрөнүп алган болчумун.
- Комуз, пианинодон башка кайсы аспаптарга кызыгасың?
- Кыл кыякка кызыгам. Бирок баардык аспаптарда ойносом деп тилек кылам.
- Чет мамлекеттерге бардыңбы?
- Жок. Апрель айларында конкурстар болот. Аларга катышканга даярданып жатам. Фортепианодон да эл аралык конкурстарга катышам.
- Эң биринчи кайсы күүнү черттиң эле?
- "Кербезим" деген күүнү черткем.
- Канча күү билесиң?
- Чоң күүлөрдөн онду билем.
- Пионинодон канча чыгарманы ойной аласың?
- Андан көп эле. Мугалимим бир бергенде экиден же үчтөн чыгарманы берет. Ошонун баарын үйрөнгөнгө аракет кылам.
- Кайсы чоң комузчудай болгуң келет.
- Комузчулардан Нурак Абдырахмановдой болгум келет. Самара Токтакунова эжеден да сабак алсам дейм.
Барчын Аскарова



"Бизде 19 Кыргыз


Эл сүрөтчүсү бар"


Кыргыз эли негизинен өнөр баккан, өнөрдү аздектеген калк эмеспи. Алардын бири сүрөтчүлөр. Сүрөтчүлөр булар табигый таланттар. Алар өзүнүн ички туюмун сүрөт аркылуу билдирет. Алардын тарткан сүрөттөрүн карап олтуруп, жандүйнөңө башкача бир эргүү аласың. Азыркы тапта Кыргыз Мамлекеттик С.А. Чуйков атындагы көркөм-сүрөт окуу жайында дагы кыргыз элинин маданиятын дүйнө элине таанытабыз деген аруу тилектери бар жаш кыл калем чеберлери билим алып жатышат. Келечектен көптү үмүттөндүргөн жаш сүрөтчүлөрдү жана окуу жайдын директорун сөзгө тарттык.

Болоткан Абдиев, С. А. Чүйков атындагы көркөм- сүрөт окуу жайынын директору:

- Болоткан Мусаевич, окуу жай качан негизделген?
- Окуу жайдын түзүлгөнүнө 70 жылдан ашты. 1939-жылы ачылган. Ушул окуу жайды бүткөн жана иштеп жаткан 19 кыргыз эл сүрөтчүлөрү , 48 кыргыз элинин маданиятына эмгек сиңирген ишмерлери чыккан . Андан тышкары 300дөн ашууну сүрөтчүлөр союзуна мүчө. Окуу жайдын негиздөөчүлөрү сүрөтчүлөр Гапар Айтиев, Абрацов , Чүйков десек болот.
- Кандай бөлүмдөр бар, шарт кандай?
- Декаративные-прикладное искусство, башкача айтканда тери менен ээр, камчы жана кыргыз элинин нукура колдонгон буюмдарын жараткан бөлүм бар. Андан соң керамика бөлүмү, ал жерде ар кандай түрдүү скульптуралык чыгармаларды жаратышат, андан сырткары дизайнь бар, башкача айтканда аформител деп коет, айлана-чөйрөнү көркөмдөө жана сүрөтчүлүк бөлүмү бар. Ал жерде портрет, пейзаж, этют жана башкалар менен иштешет. Бул жерде 3 жыл 10 ай окушат. Мына ушул убакыт аралыгында орто билим алып чыгышат. Бюджеттик негизде окушат, жатаканабыз жакынкы эки жылдын аралыгында евро ремонт болду.
Элмирбек Ажыбек уулу, 3-курстун студенти:
"Бизге деле акындардай илхом келет"
- Акындар кандайдыр бир нерседен таасирленип ыр жазышат. А сүрөтчүлөргө кандай учурда илхом келет?
- Андай нерсе ар кандай учурда болот. Кээде айлана-чөйрөнү карап, кээде кичинекей нерсени көрүп таасирленип чоң бир нерсе жаралып кетиши мүмкүн. Илхом болсо ар кандай учурда ар кандай болот. Илхом келген учурда көңүлгө толоорлук чыгармалар жаралат.
- Сулуу нерсени көрүп калсаң, көзүңө сактап калып тартасыңбы же көрүп тартасыңбы?
- Эгер ал көргөн нерсе аябай катуу таасир калтырса келип тартса болот. Көбүнчөсүн көрүп тартабыз. Азыр биздики окуу процесси болгондуктан көбүнчө көрүп тартабыз.
- Урмат Серең уулу, 3-курстун студенти:
"Адамдардын ички дүйнөсүн ачып бергенге аракет кылам"
- Сөрүтчүнүн милдети эмне, аныктама бере аласыңбы?
- Сүрөтчүлүк бул адамдарга, жаратылышка, айлана-чөйрөгө болгон сүйүүдөн жаралып, ошол сүйүүңдү ачып беришиң керек, башкача айтканда ошол учурда илхом келет. Кандай гана нерсе болбосун ошол нерсенин сулуулугун ачып берүү биздин милдет.
- Сүрөтчүлүк кимден өткөн?
- Таекелеримде бар сүрөтчүлүк өнөр, ошолордон өткөн талант болсо керек. Кудайым буюрса жогорку билим алып, кыргыздын тарыхын, калоритин дүйнөгө ачып берсек деген тилектер бар. Биз азыр орто окуу жай болгондуктан баардыгын бирдей эле окуп жатабыз. Кийин өзүбүздүн шыгыбызга карата тандап алабыз.
- А сенин жандүйнөңө кайсыл жагы жакын?
- Мен чыгарма жаратууга жакынмын. Ойлоп таап, жаңы нерсени жаратуу. Жазуучулар акындар сыяктуу эле, жаңы чыгарма жаратуу. Ошондой эле адамдын ички дүйнөсүн ачып бергенге аракет кылам.
Гүлзат
САДЫРБЕК кызы