"Дордой" клубуна -


15жыл


Чемпиондор
байгелерин алышты
Кыргызстандын футбол боюнча өткөн 2011-жылкы чемпионатында "Дордой" клубу жогорку лигада да, биринчи лигада да биринчиликти жеңип алганын билесиздер. Бирок командалар былтыркы сезон аяктап эс алууга кетишкендигине байланыштуу аларга сыйлыктар бериле элек эле. Мына эми "Дордой" клубу эки айлык эс алуудан кийин кайрадан чогулуп, "Ээси келсе, бээсин бер" дегендей, борборубуздагы "Ала-Тоо кино-театрында чемпиондорго сыйлыктарды тапшыруу аземи өттү. Ал эми аземдин "Дордой" ФКнун 15 жылдыгына туш келиши, өзүнчө символикалуу көрүнүш болду.
Салтанатты "Дордой" Ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков ачып, ал Союз тарагандан соң Кыргызстан өз алдынча мамлекет болгону саясий жана экономикалык кыйынчылыктарды башынан өткөргөндүгүн, ал кыргыз спортуна да залакасын тийгизгендигин белгилеп кетти. Бирок ошого карабай 1997-жылы ФК "Дордой" түзүлүп, кыска убакыттын ичинде өз өлкөбүздө гана эмес, эл аралык аренада да бир топ ийгиликтерге жетишкендигин айтты. Ал эми былтыр бир жылдан кийин клубдун кайрадан өлкө чемпиону болуп, ал эми "Дордой-2" командасынын биринчи лиганы жеңиши футболисттердин "Дордой" Ассоциациясынын 20 жылдык салтанаттуу тоюна болгон чоң белеги болду деп, учурда "Дордой" футболдук академиясы учурда Бразилиянын "Оле-Бразил" футболдук мектеби менен тыгыз байланышта болуп, ал жактан бизге, бизден аларга оюнчулар, тренерлер келип тажрыйба алмашып жатышат,- деди Аскар Мааткабылович.
Ооба, "Дордой" клубу учурда күйөрмандардын сүймөнчүгүнө айланган, Кыргызстандагы эң күчтүү команда болуп эсептелет. Өлкөбүздүн жети жолку чемпиону, АФК "Президенттик кубогунун" эки жолку жеңүүчүсү "Дордой" клубу быйыл да алдыда чоң максаттарды коюуда.
Кечеде, Кыргызстан Футбол Федерациясынын вице-президенти Өмүрбек Кутуев, Генералдык секретары Нуртазин Жетыбаев чемпиондорго сыйлыктарды тапшырып, "Дордойдун" оюнчулары алтын медаль тагынып, дарбазачы Павел Матяш, коргоочу Даниэль Тэго, жарым коргоочу Вильям Андерсон жана чабуулчу Каюмжан Шарипов сыяктуу жеке оюнчулар менен башкы машыктыруучу Сергей Дворянков клубдун жетекчилери тарабынан баалуу жана акчалай сыйлыктар менен да сыйланышты. Ал эми командага кошкон көп жылдык салымы үчүн Кыргызстандын эң атактуу оюнчусу, "Дордой" командасынын капитаны жана ветераны Руслан Сыдыковго "Мерседес" автомобилинин ачкычы ыйгарылды. Айтмакчы, жакында Руслан Бразилияга барып тренерлик курстан окуп келген, бирок ал азырынча футболду таштабай ойной берерин билдирген.
Ал эми биринчи лигада биринчи орунду ээлеген "Дордой-2" командасы кичине алтын медалдар менен сыйланып, алардан да "мыкты оюнчулар" - дарбазачы Максим Зинченко, коргоочу Адыл Бекболотов, жарым коргоочу Авазбек Откеев, чабуулчу Евгений Дорогинский жана команданын тренери Замирбек Жумагулов диплом жана акчалай сыйлыктарга ээ болушту.
Ошондой эле Кыргызстандагы WWW."Спорт kg" интернет-сайты да төрт айга жакын сурамжылоо жүргүзүп, 2011-өлкө чемпионатынын эң мыкты оюнчуларын аныктады.