Кыргыздар

Адамзатын сактап калуудагы кыргыздардын орду (ролу)



Эң байыркы жомоктордо, так айтылбаган мезгилдерде кыргыз элинин калыптануусу "40 кыз, келиндери" деген сөздөн аталат. Себеби, кыргыздардын уруу башчысы пейили таза периштелер болушкан. Адамдын көңүлү жана руху - бул Асманга Жарыгы болуп саналат. Кудай көрүп тургандай, биздин кыргыз ата-бабаларыбыз биздин заманга чейин эле жашап келишкен. Биз ата-бабаларыбызды унутуп, өз жолубуздан тайып кетүүбүз үчүн кара күчтөр аракет кылып жатышат! Себеби, биз Кудай жана адамзат алдында өз парзыбызды аткаруубуз керек. Бул үчүн биз, ар бирибиз биринчи кезекте дилибизди тазалап, чынчыл, ак көңүл, кең пейил, бири-бирибизди сүйүп, урматташыбыз, улуттарга бөлбөй, бир динде экендигибизди сезе билип, ушул жоопкерчиликтерди өз моюндарыбызга милдет катары алуубуз керек. Баардык адамдарды бир гана Кудай жараткан! "Жан дүйнөңдүн таза болуусуна жетүү үчүн, өзүңдүн үстүңдөн талбагандай көп иштешиң керек болот, өзүңү-өзүң көзөмөлдөп, бул касиетиңди өзүңдүн керт башыңдын кызыкчылыгы үчүн жумшабай, жалпы адамзаттын кандайдыр бир максаты үчүн колдоонуу деңгээлине жетүүң керек болот. Ар бир адамзат жер планетасында жашоо улануусун туюп, түшүнүшү үчүн: таза жан дүйнө, ынсап, аруулук, сүйүү жана позитивдүү ой, Кудайга болгон ишеним керек, булардын баардыгы келечектин үмүтү" деп Э. Мулдашев жазат.
Адамзаттын келечеги эң сонун, а эмнеге анда Кудай бизди жаратты?
Бизге 2012-жыл кирип келди. Бул жашоонун бүтүшү эмес. Бул кезектеги өнүккөн адамзат эрасынын аяктоосу. Эгер ар бирибиз Жарык Ааламга эмне үчүн жаралганыбызды түшүнсөк жана өз милдеттерибизди так аткарсак, же адам боюнча калсак, анда биз куткарылабыз! Бул үчүн көпчүлүк эл эрте менен алтыда туруп, "Ой жарык" болуусу үчүн жакшылыктар жөнүндө ой жүгүртүүсү зарыл (эч болбосо 15 мүнөт ойлонуу зарыл). Канчалык адамдар ушундай ойлонсо жана так аткарса, жооп ошончолук тез пайда болот. Жерде убакыт ар түрдүү. Жер айланууда бирок, ушул көрүнүштөр адамзаттын жарык оюнан жаралып бир жарык бүтүндүккө куюлуп, бир түшүнүк жетилген көрүнүшкө айланат. Бир эле убакытта жарыктык жөнүндөгү ой жүгүртүү күч алып жөндөмгө айланат.
Эрнест Мулдашев уга билгендерди, түшүнгөндөрдү чакырууга далалаттанып жатат: "Азыр коом физикалык дүйнөдөн тышкары көзгө көрүнбөгөн Дүйнө (Аалам) бар экендигин талашпай калышты. Ал жерде биздин жан дүйнөбүз жашап, ал жерде өлүм болбойт. Жөн гана экинчи дүйнөгө көчүү жараяны жүрөт. Эки дүйнөнүн ортосунда паралелдүү берилет. Бирине өтүүчү байланыш болуусу керек. Бул байланыш түш. Биз уктап жатканда, биздин жаныбыз космосто эркин саякаттайт. Ыйык Шамбала жана Агарти - бул жердеги жашоо паралеллинин системасы жер жана суу түбүндө локолизацияга ээ болуп, ал адамдардын иш жүзүндө өлбөс экендигин далилдейт! Таштай козголбогон Сомати же активдүү Адептер -адамдын денесин дематериализациялоого же материализациялоого жөндөмдүү!" Шамбала менен Агартини негиздөөчүлөр болуп Лемурийлер эсептелинет. Алар Кудай түспөлүндөгү эң жогорку өнүккөн цивилизация болуп, Жер энеде Атлантидага чейин жашашкан. Лемурийлер миллион жылдар мурун бүткүл жер планетасынын аймактарын ээлешкен. Африка жана Америка кантингенти ал убакта жок болгон. Ал эми Тибет жердин түндүк полюсу болуп, мунун натыйжасында далилдесек - кыргыздар түздөн-түз Лемурийлердин урпактарыбыз деп айтсак жаңылышпайбыз. Ыйык Шамбала - Шам+бала - Нурбала, "шоола таратуучу" деп түшүндүрүлөт. Ар дайым адам жаш бала сыяктуу таза-периште болуусу зарыл. Шамбала-бул периштелердин өлкөсү. Агарти сөзү - агартуу- жарык, шоола түшүрүүчү, агартуучу деп түшүндүрүлөт. Мурда Союз учурунда Агартуу министерствосу болгон. Чыныгы билимди беришкен, билим алышкандардын көңүлү сергек болуп, билимдүү кишиге айланышкан. Ошондуктан Совет эли жеңилгис болгон! Адеп - эзотерикалык (Кудай жөнүндөгү жашыруун, сырдуу окуу) алдын ала айтып берүүчү, акылман, өнүгүүнүн эң жогорку тепкичине жеткен. Окумуштуу адам. Ал эми кыргызда - "Адептүү бол" - деп айтышат. Семь Кумар - Улуу Архангелдер адамзатын агартуу үчүн жогорку ааламдан келишкен. Алар биздин жарык жана сүйүү жөнүндө окутуучу улуу мугалимдерибиз. "Кумар" сөзүнүн мааниси атайын бурмаланып, баардык нерседен жыргал алуу түшүнүгүнө айланып калган. Жок, кумар- бул эң жогорку сүйүү! Бул боюнча Е.И. Рерих бизге чейин эле: "Ушул улуу Архангелдердин ичинен жети (семь) - Кумар эң жогоркусу" деп айтат. Ал жөнүндө чыгыш жазууларында жана Е.П. Блаватская "Жашыруу доктринасында" кеңири баяндайт. "Жогорку дүйнөдөн келгендер өздөрүн курмандыкка чалып, диндерди негиздеген. Улуулар жана хандар, философтор ж.б.у.с. Алар планетанын тарыхындагы адамзат эвалюциясын ылдамдатууга айласыз болушкан. Ошондуктан Архангел Михаил биздин жердеги тагдырыбыздын коргоочусу". Ага ушул осуят калтырылган.
Манас-байыркы кылымдарда эле Кудай тарабынан кыргыздарга жиберилген адам. Тибет храмдарында сакталып, ар бирибизге Манас сөзүн салып турат. Манас- менталдын (акыл-ойдун, духовный) башталышы, эки эвалюциялык деңгээлге ээ:
1) Төмөнкү Манас же төмөнкү акыл же акыл эс (рассудок).
2) Жогорку Манас же жогорку акыл, интеллект жана аны менен аң-сезим принциптеринин байланышы.
Н.Р.Рерих өзүнүн "Космостогу улуу жети сыр" деген китебинде мындай деп жазат: "Манас өзүн-өзү таануу жана аң-сезим"
Венера планетасында жашоо бар. Эвалюциясы жерден бир тепкич алдында. Эвалюциянын ортосунда үчүнчү расса (азыркы учурда бүткүл адамзат 5-рассага кирет). Венера планетасынан жер энеге атайын жогорку өнүккөн адамзат өкүлдөрү келишкен. Акыл улуу (Манас-Путра) - жарык жандык, өспүрүм адамзатынын Кудайы, алардын мугалими экендиги жөнүндө эскерет. Лемурийлер үчүнчү рассанын өкүлдөрү-булар жер эне бетиндеги эң жогорку өнүккөн цивилизацияга ээ болгон расса: Ал эми биз кыргыздар түздөн-түз Лемурийлердин урпактары болобуз.
Ар бир адам өлбөс жана түбөлүк жан дүйнөсүнө ээ, Кудайдын бир бөлүгүбүз. Я ЕСМЬ үч бөлүктүн турат. Эй жогорку бөлүк - бул кудайдын бөлүгү. Учкун оттуу духу, Нур абсалюттуу, чыгышта бул АТМА деп аталат. АТМА Буддхиде Кудайдын ядросу (чордону), жан дүйнөң, аң сезимиң, башкача айтканда "жүрөк менен туюга же сезүүгө ээ болуу" деп түшүнүшөт. Атма менен буддхинин байланышы "көңүл даны" (Зернодуха) көрүнүшүнө ээ болуп, ал түбөлүк Кудай Мо-надасы болуп калат. "Көңүл данынын" айланасында адамдын аң сезими чогултулат жана өсөт. Ал деген Манас же "Ойчулдук". Бул эң жогорку аң сезим, абстракту ой жүгүртүү акылы, акыл идеясы.Атма, Буддхи жана Манастын биригишине "Мен адам дегендин өлбөстүк касиетти түзөт" Мына ошентип, Манас Ата жөн жерден жоопкерчиликтүү кыйын кезеңде кыргыздарга жиберилген эместир. Муну менен бизге, биз ким болгондугубузду жана тарыхыбыз тоодон башталаары жөнүндө эскертүү берет.
Жер планетасынын негизги бөлүгүн тоолор түзүп, ал эми Кайлас тоосу жердин борбору болуп эсептелет. Ал адамдарды тазалап, күч багыштап, керектүү энергия берип турат күн нуруна окшоп. Ошол үчүн Кайлас тоосу жаралган. Ар бир тоо өзгөчө энергияга, касиетке ээ, ошолордун катарында Сулайман-Тоону атасак болот. Мына ушул асыл максаттар үчүн байыркы эң жогорку өнүккөн Атлантида цивилизациясы тарабынан Улуу Египеттеги Пирамидалар курулду.
Улуу айкөл Манас - Пайгамбар болгон (же Аватар). Ал жөнөкөй бала болуп төрөлгөн эмес. Ага далил анын эр жүрөктүүлүгү, чечкиндүүлүгү. Ошол эле учурда кең пейилдүүлүгү, Айкөлдүгү алдын ала көрөгөчтүгү. Негизгиси кудайга болгон ишеними жана сүйүүсүн айтсак болот. Манас атабыз Асман теңирине сыйынган. Туусунун символу болуп "Көк Асаба" эсептелген. Символ Асман - Теңирим же башкача айтканда "Жараткан". Мында "Кудайга ишенүү" идеологиясы жатат. Кыргыз элинин жазуусу жок деп эсептелинсе дагы Манас эпосунун жарым миллион саптары жок болбой биз менен жашап келет. Биз кыргыздар качан түшүнөт экенбиз. Манас Атанын Кудай тарабынан жиберилген Рух экендигин, Кудай тарабынан жиберилген куткаруучу, бир гана кыргыздарды эмес, бүткүл адамзат муунун куткарганга келген. Ошондуктан биз Манас атанын урпактары, Манас атанын мураскору катары бүт өмүрүбүздү, бүткүл адамзаттын тагдырына жазылган жазмышын улантуу үчүн арнообуз зарыл. Манас эпосун өткөн жылы мектеп программасына өзүнчө предмет катары "Манас таануу" сабагы деп киргизип койгону кандай жакшы болду. Аны куран китептей тутуп, этияттап окуубуз зарыл. Себеби, ал адабий мурас гана эмес, ал Кудайдын насыяты десек болот. Бул боюнча Тата Уландын "Ойгон кыргыз ырын да мисал кылсак болот. Чындыгында ойгон Кыргыз! Өлкөдөгү ушундай көйгөйлөрдү билгендерден патриот Д. Сарыгулов, М. Байжиев, А. Мадумаровду айтса болот. Себеби алар мурунтан эле мамлекеттин туусун "Көк түскө" Асман теңирим түсүнө өзгөртүү боюнча маселени көтөрүп чыгышкан. Бир жагы Кыргызстандын 90%ын тоолор түзгөндүктөн Асман түсү менен тоолор - символу бийик кудай таануу маанисин берет. Мындан тышкары тезинен гимндеги "бейкут" сөзүн алып салуу керек. Себеби, кайрадан "кут" бейкут сөзүн угуп, өз-өзүнчө ойлонсун киши. Бул эл көрүп турса да бурмаланган, элди атайын жаңылыштырууга түрткү берип турган эң негизги көйгөйдүн бири. Биз кыргыздар бүткүл элдер менен кара күчтөргө бизге "кол салба" - деп айтып, эң асыл болгон миссиябызды - Адамзатты куткаруу үчүн аракеттенүүбүз керек. Бул үчүн этникалар ортосундагы рассалык бөлүнүүлөрдү унутуп, бири-бирибизди кечиришип, ар бир адам өз жүрөгүн сүйүү менен толтуруп, Кудайга болгон үмүттү жана ишеними мол Манас атанын жолун жолдогон, ылайыктуу Президент шайлап алуубуз керек. Мындан тышкары борборубуз Бишкек шаарын Манас ата шаары деп атын өзгөртүүбүз зарыл. Ошондо Манас атанын Руху бизди колдоого алат жана биз өзүбүздү сактай алабыз. Ошону менен катар бүткүл адамзатын жер планетасындагы кырсыктардан куткара алабыз. Бизди кечириңиз эң бийиктиктеги жараткан! Жараткандын аты менен, Манас атанын аты менен, келечек адамзатынын аты менен баардыгыңыздарды ураанга чакырам!
- Манас атанын Мекени үчүн алга!
- Кыргызстан үчүн алга!
- Адамзаттын келечектеги Алтын Дооруна карай алга!
Динара Приева