Жатакана студенттин үйүндөй

Вахтерша, жардамчы шейшеп жана чайнекте бышкан манты


" Студенттик күн азбы, көппү, кандай сонун күндөр өттү" деп кайсы бир ырчы ырдагандай жаштыктын эң баалуу, кол жеткис мезгили студенттик курак. Андан да кызыгы жатаканада өткөргөн күндөр. Биздин алгачкы сапарыбыз И. Арабаев атындагы окуу жайдын №1 жатаканасы болду. Жатакананын ичи өзүнчө бир дүйнө. Киргенде эле чачын ак баскан вахтерша эже тосуп алды. Эже менен маектешип турганыбызда " Эже карызга нан берип туруңузчу" деп бир жигит терезеден баш бакты. " Мына ушинтип карызга алышат, кийин өзүм унутуп калам" деп күлдү. Анда эмесе студенттердин жашоосу менен таанышалы.

Чолпонбек Дүйшеев, 2-курстун студенти:
- Жашаганыңа канча болду?
- Жашаганыбызга эки жыл болду. Мындайча айтканда " местный" болуп калдык.
- Кандай кызыктуу күндөр өтөт?
- Нормально, ой эже кызыктуу күндүн баары ушул жакта да. Ар бир күн биз үчүн кызыктуу. Биз да кечиккен учурда мына бул терезеден киребиз. Өзүбүз спортсменбиз, көнгөнбүз дегендей. Кулап кетебиз деп коркпойбуз, кудай сактасын.


Сония апа , вахтерша:
- Менин бул жатаканада иштеп жатканыма 13 жылдын жүзү болду. Каменданттар менен эч кандай конфликт жок иштеп келе жатам. Студенттердин жакшы, жаманы менен аралашып келе жатабыз. Жаштар жашагандан кийин ар кандай жагдайлар болот. Кээ бирин тартипке салып кеп-кеңешимди берсем, кээ бирин көрмөксөнгө салып, көзүбүз көрбөй коет (күлүп). Бардыгы жакшы, өзүм да акжолтой деп эсептейм. Ар кандай себептер менен түнгө калып калгандар да болот. Аларды киргизбей коюп, тынч жата албайм, жүрөгүм чыдабайт. Киргизип, эскертүү берип, экинчи мындай кайталанбайт дедиртип убадасын алам. Азыр баардык нерсени түшүнүү менен кабыл алуу керек. Мисалы, балдарды балдар сабап кетет, кыздардыкы ар кандай болуп калат. Эми заман ар кандай дегендей. Андай учурда колумдан келген жардамымды берип келем. Бирок, мен иштегени андай деле чоң жамандык боло элек, кудай сактасын. Бул жатаканада көп жетишкендиктер болуп келе жатат. Турмушка чыккан кыздар, үйлөнгөн балдар болот. Алардын жакшылыгына барып катышып, күбө болгонбуз. Азыр 63 жаштамын, кудай ден соолук берсе дагы да иштей берем деген үмүттөмүн.


Самат Бактыбеков, 3-курстун студенти:
- Бул жакта мен 1-курстан бери жашайм. Ар кандай мелдештер болот №2 жатакана менен биз дайыма ийгиликтерге жетишип келебиз. Былтыр 2-курс кезимде свет өчүп калган эле. Акырын кыздардын бөлмөсүнө бардым дагы эшикти каккыладым. Эшикти ачкан маалда бетине бир чакка сууну чачып салдым, качып жөнөдүм. Ошол бойдон билбей калган ал кыз. Эртеси ашкана жактан кыздарга айтып берип жатканын уктум.


Айгерим Майрамбек кызы , 2-курстун студенти:
- Жатаканада жашаган кандай?
- Жатаканада жашаган жакшы, көңүлдүү, кызыктуу. Мисалы, үйгө кеткенде жатакананы кадимкидей сагынам. Баарыбыз бир туугандай болуп калдык, көптөгөн кызыктуу окуялар болот. Балкондон конокторду киргизген күндөр болот. Өткөндө туулган күнүмдү өткөрүп, бул жактагы эжелерден сурансам уруксат бербей коюшкан болчу. Досторумду шейшептин жардамы менен балкондон киргизип, эртең менен таң атпай кетишти. Биз үчүн шейшептин ролу аябай чоң.
- Кармалып калам деп коркпойсуңбу?
- Жо-ок, эшикти илип алабыз да.


Данияр Саякбаев: 5-курстун студенти:
- Ашкананын жанында №400 бөлмө бар. Кыздардын тамагын аңдып отуруп бышкан кезде алып качышат. Кыздар байкап калышкан экен, артынан барышат. Ал учурда эшикте балдар футбол ойноп аткан экен. Бир маалда темирдин жерге катуу тийгени угулат. Көрсө, кыздар артынан келгенде эмне кылаарын билбей терезеден казанды ыргытып жиберген экен.
- Тамак уурдаган күндөр далай эле болду. Биринчи уурдап бир жерге катып коюп, ызы-чуу басылгандан кийин гана алып чыгып ичип алабыз. Кээде кармалып калчубуз. Бышпай калган тамакты да уурдап алып, кайра бышырабыз. Бир күнү ашканада манты бышып атты эле. Акырын бош чайнекти көтөрүп бардык да, чайнекке мантынын баарын салып, кыздардын жанынан спокойно өтүп кеттик.

Гүлзат
САДЫРБЕК кызы