Камчыбек Ташиев, "Ата-Журт" партиясынан ЖК депутаты:
"Карашев 7-апрелде эл канга боелуп турганда, Акүйдүн 7-кабатынан карап турган"
"2010-жылдын апрель-июнунда республикада болуп өткөн кайгылуу окуяларга алып келген жагдайлар менен шарттарды иликтөө, изилдөө жана аларга саясий баа берүү боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын маалыматы жөнүндө" Жогорку Кеңеш токтомунун аткарылышы тууралуу маселе каралды. Биз бул боюнча ЖК депутаты Камчыбек Ташиевге кайрылдык.
- Парламент 9-июндагы токтому менен бир катар чараларды 3 айдын ичинде иштеп чыгууну өкмөткө тапшырды эле?
- Мына 8 ай өттү эч кандай чара көрүлгөн жок. 2010-жылы 7-апрелде 90 адам өлдү, эч кандай иликтөө болгон жок. Саясий жагынан дагы, мыйзамдык жагынан дагы эч ким күнөөгө тартылган жок. Июнь окуясына дагы ушундай мамиле болуп жатат. Саясий жагынан дагы мамлекетти башкарган, ошол маалда жоопкерчиликтүү болуп турган адамдар күнөөгө тартылып, жазасын алган жок. Мунун бардыгы айланып келип бумеранг болуп башына тиет.
- "Чөөнүн сааты" деген китепти кайрадан түштүктө элге таратуу болуп жатканын радиодон айтып жатышат. Муну кимдер таратышы мүмкүн, элге терс таасирин тийгизбейби?
- Азыр түштүктө улуттар аралык кырдаал өтө оор. Ошондуктан, өкмөт бүгүнкү күнү бул кырдаалды көзөмөлгө алуу керек. Бирок, бүгүнкү өкмөттүн бул кырдаалды көзөмөлгө алууга чарк-чамасы жетпейт. Өкмөттө мамлекетти башкара турган, өкмөттө ошол кырдаалдарды жөнгө салып, эл алдында репутациясы жогору, таза адамдар отурган жок. Ошондуктан биз кандайдыр бир жаман иштер болуп кетпесин деп коркуп жатабыз.
- Жазында 3-революцияга даярданган күчтөр бар экени айтылып жатат, дагы көтөрүлүш болушу мүмкүнбү?
- Эгер дагы революция боло турган болсо мурдагыдай оор болбойт, жеңил гана болуп өтөт. Бирок, мен ойлойм, бардык нерсени мыйзам чегинде аткарыш керек.
- Бекназаровдун кайрылуусу менен маалыматыңыз барбы? Аалы Карашев өңдүү эски кадрлардын бийликке келүүсү боюнча эмне айта аласыз?
- Эгер бийликке келе турган болсо, ал адамдын абийири таза болушу керек. Эгер абийири таза болбосо, мамлекеттин үстүнөн элди башкарууга моралдык укугу болбойт. Аалы Карашев боюнча ачык эле айтайын, 7-апрелде 90 адам каза болуп, эл канга боелуп турганда, Акүйдүн 7-кабатынан терезеден карап отургандардын бири. Ал адам керек болсо өзүнө-өзү мараторий жарыялап, керек болсо жакынкы 5-10 жылда бийликке кайтып келбеш керек эле. Ага карабастан бүгүнкү мамлекетти башкарып турган адамдар башкача эсептешишти, ушул өздөрүнүн кетирген кемчиликтерин тез аранын ичинде жоюш керек. Жоюшпаса, кечирилгис кесепеттерге алып келүүсү толук мүмкүн.
- Акимдерди шайлоого ичиңиз чыкпагандай, эмнеге?
- Акимдерди шайлоо коммерцияга айланып кетти. Жер-жерлерде депутаттар акимдерди коррупциялык жол менен шайлай башташты.





Асия Сасыкбаева, "Ата-Мекен" партиясынан ЖК депутаты:
"Элди карабай таштап койдук"
- Бүгүн депутаттар тарабынан Өкмөткө абдан сын айтылды, Өкмөт чын эле начар иштеп жатабы?
- Өкмөт начар иштеп жатат деп айта албайм бирок, тез арада чара көрүү керек. Мисалы, Чоң-Алайда фермерлер жабыр тартып жатат, анткени мындай катуу суукту алар күтүшкөн эмес, анын үстүнө кар бир айга эрте түштү. Акыркы 50 жылдан бери ушундай катуу кыш келди. Мал кырылып калса, фермерлердин дагы жашоосу начарлайт, эл сүт азыктарысыз калат. Ошон үчүн Өкмөт бир-эки күндүн ичинде ушундай нерселерди чечүү керек, дотация берсе дотация берип, же жемди сатып алып жүктөп жөнөтүү керек. Ошондо эл мамлекет бар экен деп көңүлү көтөрүлүп калмак. А бирок, элди бүгүнкү күнү карабай таштап койдук. Кыргызстан элинин басымдуусу тоолуу аймактарда жашайт эмеспи. Эгер элге жардам бербесек, Кытайдын сүтүн-майын жеп калабыз, ансыз деле жеп атабыз дечи, бирок, анда такыр эле көз каранды болуп калабыз. Чет жерден келген грант, жардамдарды кайра эле чет жерге берип коюп жатабыз, көмүр сатып алабыз, Кытайдан тамак-аш алып келип жатабыз. Мунун баары стратегиялык ой-жүгүртүүсү жок адистердин кесепетинен болуп жатат. Жаңы Өкмөт келди, жаш балдар бар, сергек болуш керек.


Жылдыз Жолдошева, "Ата-Журт" партиясынан ЖК депутаты:
"Бакиевдин каталарын кайталап жатасыңар"
- Азыркы учурда бийлик бутагынын кимиси кадр маселесин чечип жатат, түшүнбөй калдык. Президентпи же премьер-министрби? Бакиевдин каталарын кайталап атасыңар. Мындай айтканда, келип эле баягыл тырмоокко тийип жатасыңар. 7-апрелде революция дейбизби, төңкөрүш дейбизби салымын кошкон адамдарды кетирип, башкаларды алып келип кызматка отургуздуңар. Мисалы, Чолпонкул Арабаев кандай гана кадр кызматына тартип кылды эле! Эмгектенген. Аны алды кызмат ордунан. Эми пара берип акимдер кызматка орношуп жатса, анда эмнеге 7-апрелде ошончо адам каза болду, эмнеге июнь окуясы болду, мен ушуну түшүнбөй турам.


Алтынбек Сулайманов, "Республика" партиясынан ЖК депутаты:
"Өкмөттүн кээ бир мүчөлөрү 5 миллион долларларды алып жатышат"
- Казинолор бүгүн көмүскөгө кетти. Биздин күч органдары, финполиция, прокуратура, ИИМ жана башкалар иштебей жатат. Анысы аз келгенсип, казинонун ээлери өкмөткө кайрылып, өкмөттүн кээ бир мүчөлөрү казино боюнча мыйзамды Жогорку Кеңешке кайрадан алып келебиз деп жатышат. Ошол мыйзамды өткөрүү үчүн өкмөттүн кээ бир мүчөлөрү 5 миллиондогон долларларды алып жатышат. Жакында Парламентке мыйзам келет. Парламентке жеткенден кийин, биз өзүбүз чечебиз деген сөздөр бар. Парламенттин ичинде да депутаттар биз өткөрүп беребиз, тыйыныңарды даярдагыла деген сөздөр болуп жатат. Эгер ошол мыйзам кайра кабыл алынса, анда эмнеге кабыл алдык? Эртең Жогорку Кеңешке бул мыйзам келсе өтпөйт, өкмөт аракет кылбай эле койсун.

Бетти даярдаган Азима АКУНОВА