Адамзатта аты улук, Манастап ураан чакырдык
- Манас Атабыздын үйүн курсак болобу?
Эгемендик алганыбызга 20 жыл өтсө да улутубуздун уңгусу, сыймыгы болгон Манас атабызга алгылыктуу мамиле, сый-урмат кыла албаганыбызга өкүнүп келебиз. Эмгиче борбор калаабызда Манас атабызга арналган үй жок экенине, куралбаганыбызга аттиң дейбиз. Эми да кеч эмес. Андыктан редакторубуз Керим Айдаровдун сунушу менен "Асман пресс" гезити ушул маселени көтөрүүнү чечти. Адегенде коомчулуктун оюн билели дедик.
Андан соң максатыбыздын пайдубалын түзүүгө аракет болоор.

Жоомарт Кадыралиев, сүрөтчү:
- Тилегиңерди Кудайым кабыл кылсын! Биринчиден шаардын атын Манас кылышыбыз керек. Бишкек деген бул бир уруунун аты, ал эми Манас бүтүндөй кыргыз мамлекетин куруп жатпайбы. Чындыгында бул ыйык адам, бөлөкчө төрөлгөн. Шаардын атын которсок деми дагы, күчү, багыты, тилеги дагы бийик болот эле. Айылдан шаарга барарда "Каякка бара жатасың?" десе "Манаска баратам, Манаста иштерим бар эле" деген сөздүн өзү эле кандай керемет. Шаардын атын коюп алсак атабыз Манастын үйүн куруш оңой болот. "Манастын үйүн" долбоорлоп, бир жыл, эки жылдап жарыялап, мыкты архитекторлорго конкурс кылыш керек. Жана алар дүйнөлүк ажайыпканаларды көрүп андан жаңы үлгүлөрдү иштеп чыгуулары керек. Манас храмы, башкача айтканда ажайып бир үй курулушу керек. Ал эми ичине киргенде атабыз Манаска байланыштуу сүрөттөр болушу керек. Манас атабыздын дооруна байланыштуу топчу да таба албай калбадыкпы, туурабы? Ошол доорго байланыштуу курал-жарактар, кийим-кечелер, илимий түшүнүктөр коюлат. "Манас" эпосунда география, астрономия, философия, медицина кыскасы ал жерде кыргыз баласынын интелектисин көрсөтүп турган табылгалар болушу керек. Ошону менен жаңы экспонаттар да болот жана монименталдык сүрөт өнөрүнүн иши да болот. Манас эпосунун багыты боюнча 20 жылдан бери иштеп келе жатам, өзүмдүн түшүнүгүм, долбоорлорум бар. Ал эми акча маселесине келе турган болсок, атабыз Манастын коомдук башталыштагы фондусун түзүшүбүз керек. Фондусун түзгөн соң элге кайрылса эл өзү эле акыл кошуп, акча кошуп, дем-күч кошуп берет. Тилегиңер орундалсын, мен колдойм жана колуман келишинче жардам берем.

Азамат Сатиев, окутуучу:
- Бул ишти боштоодон мурда биз абдан терең ойлонуп, талдап чыгышыбыз керек. Албетте, мен каршымын же каршы эмесмин деп айта албайм. Экөөнүн тең туура жагы бар. Себеби, бардыгыбызга белгилүү болгондой эле бул иш-чарага абдан көп каражат керек. Мына ошол каражатты биз кайдан табабыз деген суроо туулат. Эгер үйдү тургуза турган болсо, анда биз дүйнөлүк деңгээлде тургандай кылып тургузуубуз кажет. Тагыраак айтканда дүйнө эли кызыгып, Манас атабыздын үйүнө келип, ушундай карт тарыхы бар кыргыз деген эл бар экендигин таанып, билгидей болушу керек. Ал үйдүн ичинде кыргыздын бүтүндөй жашоосу сөз менен эмес, кандайдыр бир ички сезим менен туюп түшүнүүчү сүрөттөр менен берилиши керек. Эпосто эмне деген курал-жарактардын аттары камтылган болсо, мына ошол ар бир жарак мыктыланып жасалып үйдүн өзүнчө бир бурчун ээлеши керек. Ошондой эле зоот кийимдер тигилип, токулуп илинип турушу шарт. Жада калса мына минип жүргөн аттар да өз алдынча көркөмдөлүп үйдөн оорун алса. Андан сырткары ар бир манасчынын сүрөттөрү, изилдөөчүлөрдүн эмгектери да так, даана көрсөтүлүшү керек. "Манас үйү"десе жөн гана бир имаратты тургузуп коюнун кажети жок. Комплекстүү болуп, элдин жогорку деңгээлдеги кызыгуусун жаратып имараттын алдынан эл үзүлбөй келип турса кандай жакшы болоор эле. "Манас" эпосу бизге ооздон оозго өтүп келип жетти. Эми андай болбоосу керек. Бизден кийинки муун "Миң уккандан бир көргөн артык" деген макал сыяктуу ар бир жаран ал жерден духуна, рухуна касиетти түбөлүккө сиңирип кетүүсү керек. Азыркы учурда Манаска образ жарата албаган жаштарыбызды көрүп жүрөгүм ооруп, жандүйнөм кысылат. "Манас" эпосу океандай терең, түбү жок деп келебиз. "Манас үйү" да мына ошол океан сымал имарат болушу абзел. Эгерде жогоруда айтылып кеткен ойлордун бардыгы тең камтыла турган болсо анда чоң кубаныч менен колдош керек. Жок, андай болбой башка "үйлөрүбүз" сыяктуу темир тор менен тосулуп киши кирип чыкпай чаң басып, бир адамдын кызыкчылыгын көздөй турган болсо анда куруп кереги жок. Бул менин жекече оюм болду. Эң негизгиси элимде тынччылык, ынтымак, биримдик болуп, көралбастык өңдүү жаман сапаттардан оолак болсок бизде бардыгы болот деген ишеничтемин.


Асан Жакшылыков, жазуучу:
- Биз өткөндөгү курултайда дагы айттык жана эпостор боюнча дүйнөлүк фестивалда дагы айтып кеттик. 2012-жылды Манас жылы деп жарыялоо маселесин. Эгер биз Манас жылы деп жарыяласак биринчиден, 2012-жылы чоң бир табиятта өзгөрүштөр болот деп жатпайбы ошону менен кыргыз эли Манас атабыздын энергетикасы менен сактанууга жагдай түзүлөт. Ошондуктан урааным Манас, улутум кыргыз, кыргыз куттуу эл, кыргыз касиеттүү эл деген формуланы киргизип, кыргыз журту өзүнүн улуттук матрицасын, улуттук менталитетин күчтөнтүүгө аракет кылышыбыз керек. Чоң өзгөрүүдөн аман чыгышыбыз үчүн. Экинчиден, ошол Манас жылы деп жарыялоо менен Манастын үй энергетикасына ар бир кыргыз жараны отурганга аракет кылышуубуз абзел. Ошону менен катар Манаска байланышкан иш-чаралар өтүлүшү керек. Келечекте колдон келсе 7 дубанга тең "Манас төр" деп кең ат менен өзүңөр айтып жаткан "Манас үйлөрү" курулушу керек. Мына бул монастр деген сөз "Манас төр" деген сөздөн чыккан. Бул иштерди кыргыз эли канчалык эрте баштаса, кыргыз эли ошончолук эрте күчтөнөт. Бирдиктүү ааламдан энергия алып келе турган Уузкандан бери келе жаткан биздин боз үй формасында болушу абзел. Илгерки кыргыздын касиетин, кутун кармай турган үйлөргө айланышы керек. Ички жасалышы да бардык дубанда бирдей жана архитектурасы да бирдей болуусу керек. Аны менен катар Бакай, Манас аталарыбыздын эстеликтери, жазуулары жана башкалары, кыскасы ал жөн гана курулуп калган үй эмес, кыргыз элинин энергиясын, кутун уюткан үй болушу абзел. Кыргыздын улуттук каада-салты, маданияты, кыргыз өнөрлөрү мүнүшкөр, саяпкерден баштап Манас айтууга чейинки өнөрлөрдүн бардыгы болуп, Кыргыз маданиятынын туристерге көргөзө турган борбору болушу керек. Ал жерде чоң, жогорку деңгээлдеги илимий иштерди жүргүзгөндөй болуусу керек. "Төр"деген сөздүн өзү эле касиеттүү, ыйык сөз. Ал жерге келген ар бир адам айбыгып, сүрдөп тургандай болуусу кажет. "Манас төр" бул илгертеден келе жаткан сөз болгондон кийин мына ушундай кылып аталса дээр элем.


Айбек Кудайкулов, БГУнун жаштар иштери боюнча төрагасы:
- "Манас үйүн" куруу жөнүндөгү идеа буга чейин менин оюма келбептир. Жакшы идеа көтөргөн экенсиңер. Эгемендүлүктүн 20-жылдыгынан берки тарбияны алган жаштар руханий байлыкты эмес, материялдык байлыктын кулу болуп, ошонун жүгүн аркалап жатабыз. Жогоруда биз "Айкөл Манастын" айкелин тургуздук. Албетте, бул да аздык кылат. Азыркы күндө дагы руханий мурастарыбызды ички жан туюмубуз менен сезбей, жүрөгүбүз менен кабыл албай келебиз. Буга азыркы жаштар күнөөлүү деп айтуудан алысмын. Коомдун агымы, замандын агымы ошого алып барып жатат. Мына бул шаарыбыздын жогору жагында "Манас ордосу" турат, Манас атабыздын эстеликтери тургузулган, андан тышкары Талас жергесине Манастын айылы бар. Алтай, Африка жергесинде дагы Манас комплекстери бар сакталып калган. Өткөндө Америкадан досторум келип ал жакта дагы "Манас айылы" бар экенин айтышты. Ушул нерселердин баардыгын көрүп, билип туруп эмне үчүн биз шаарыбызга "Манас үйүн" курбашыбыз керек. Эң жакшы идеа, албетте колдойм. Бирок, биз ал жерди мечит, церковтой кылып сыйынуучу жай кылбашыбыз керек. Ал жерге кирген ар бир адам өзүнүн жан дүйнөсүнө кандайдыр бир күчтү, касиетти сиңирип алышы керек. Бул үй биз үчүн, кийинки муун үчүн табылгыс жай, мектеп болоор эле. Салыныш ордун менин жеке пикиримде филармониядан баштап ЦУМга чейинки аралыкта б.а. Чүй көчөсүнүн тегерегинде болсо жакшы болот. Акча меселесине токтолсок, кыргыз элине байыртадан келе жаткан салт, ашар деген болгон. Ал эми азыркы мезгилде кандайдыр бир жогорку деңгээлдеги иш-чараны ишке ашырабыз дегенде эле марафон деген нерсени таап алганбыз. Азыр дагы "Манас үйүн" куруу долбоорун марафон жолу менен, ошону менен катар жогору жактагы бийлик төбөлдөрү дагы кайдыгер карабай өз салымдарын кошсо. Буга эч ким каршы болбойт. Колунан келген жардамдарын берет деп ойлойм.


Мирлан САМЫЙКОЖО, акын, "Кыргыз" радиосунун башкы редактору:
- Негизи эле "Манастын үйүн" куруу деген өзүнчө бир чоң иш. Деги эле Манас деген өтө абайлап сүйлөй турган, абайлап айта турган сөз экен деп түшүнөм. Бирок, кийинки күндөрү Манас деген ат өтө майдаланып, арактарда, пиволордо, коньяктарда ар кандай нерселерге аты коюлуп кетпедиби. Манас менен көпчүлүк учурларда "Тозок менен коркутуп, бейиш менен соороткон" сыяктуу көп нерселерди бүгүнкү күндө модага айландырып алгандай, Манасты да көп эле жерлерде колдонуп, бир нерсе десе эле манас айтуу, манасчылар, манастын дооруу, манастын учуру деген нерселер көп боло баштады. Үй куруу маселесине келсек, үй курулса ал кандай үй болот, ал жерде эмне болот, "Манастын үйү" дегенден кийин эртеңки күнү ал саясаттын үйүнө айланып калбайбы же болбосо Манастын үйү рухтун үйү эмес жөнөкөй эле майда -чүйдө маселелер, ушак-айыңдар чечиле турган же болор-болбос нерселерди сүйлөшө турган жайга айланып калбайбы? Бул ыйык жер катары , анын зоболосун көтөрүү ирээтинде курулуп аткандан киийн ал жерде маанилүү маселелер же болбосо Манас ал жерден башка жерге айтылбай тургандай, ошол жерден Манастан башка үн угулбай тургандай болушу керек. Ким куруп аткан болсо да эң негизги алдыга койгон максаттары, коомчулукка сала турган планы болуш керек деп ойлойм. Ошону менен катар эле пикиримде "Манастын үйүн" курчап турган кырк чоро болбосо дагы, аны курчап турган абийир, курчап турган намыс болушу керек. Эгерде намыс, абийир болбосо эртең эле офиске же кандайдыр бир саясий кеңешке айланып калат. Финансы маселесине келсек, куруп жаткан кишилер биринчиден акча жаатын чечип алып анан куруусу керек. Эгер ал жагы чечилбей туруп көтөрүп алса бул иш чийки болуп калат. "Баягы, баягы койчунун жаман таягы" дегендей барып баары эле акчага келип такалат. Эгерде баштаган ишти аягына чыгарам деген адам болсо, "Жолборс жолунан кайтпайт" деген мырзалардан болушу керек.

( Уландысы 12-бетте)

Р.S Ушундай өңүттөгү ой-пикирлер биздин гезитке жыл бою чыгып турду.