Сүйүү кары жашка карабайт
Менчик ысык махабаты бар Садыр менен Перизат
Турмуш ар кандай жагынан адамга сыноо берет эмеспи. Бир турумушунан бакыт таба албаса, экинчи турмушунан баар таап бакыт кушун кармап, түтүн булатып, жаш өзгөчөлүгүнө карабай жашап жатышкандар да жок эмес. Мына ошондой бактылуулардын катарын толуктаган Садыр Сагынбаев жана жаш жубайы Перизат Эрманбетова менен маек курдук:

Перизат Эрманбетова, ырчы, кино актриса:
"Жашы улуу болгондуктан көбү ишенишпейт"
- Айтсаңыз эже, жолдошуңуз менен чыгармачылыкта да эриш-аркак ээрчишип жүрөт экенсиздер, көптөр үй-бүлө экениңиздерге ишенбесе керек?
- Ортодогу айырмачылыгыбыз жыйырма жаш болгондуктан чынында көп адамдар ишене беришпейт. Чыгармачылыкта да дайыма чогуу жүрөбүз. Өткөндө Нарын шаарында "Курманжан кароо сынагы" болуп өттү. Мен үй-бүлөм менен барып катыштым. Менин жанымда улуу адам турса алгач эч ким ишенбеди. Программанын башындагы саламдашууда:
Ысымым айтсам Перизат,
32 жаш курагым.
Маанайым шайдоот убагым,
Бакдөөлөт конуп туурума,
Кут кылсын муну кудайым.
Датка энекем барктаган,
Сүйүүсүн ачык даңктаган.
Мен дагы коргоп келемин,
Жаштыгым асыл куракта.
Махабат дастан айтышып,
Жолдошум менен жар салам.
Эки кызым бактылуу,
Үй-бүлөм менен даңктанам -деп айтып чыкканда жанымдагы улуу адам менин өмүрүлүк жолдошум экенин түшүнүштү окшойт, залдагы эл колдоп кол чаап калышты, бирок калыстар курамы ишене беришпей эки кызымдан "чын эле атаңарбы?" -деген көптөгөн суроолорду беришти. Мен кудайга миң мертебе шүгүр келтирем. Чыгармачылыкта да дайыма бир-бирибизге колдоо көрсөтүп дайыма чогуу жүрөбүз. Жашоодогу ийгиликтерибизге, үзүбүздүн чексиз бактыбызга шүгүрчүлүк келтирем.
- Кантип таанышып калдыңыз эле?
- Бир чөйрөдө иштеп жүрүп таанышып калганбыз. Экөөбүздү табыштырган балетмейстер Казыбек Көкүнов агай эле, ал адамды өкүл ата коюп алганбыз.
- Казан-аяк кагылышканда ким биринчи жазылат?
- Менин чоң энем айтып калчу эле, "Бир колуңду өйдө көтөрүп сүйлөгөндө, экинчи колуңду түшүрүп сүйлө, экөө тең бирдей көтөрүлсө шака-шука деген үндөр чыгып кетет" деп. Анын сыңарындай кээде казан аяк кагылышканда ачык мүнөзүм көк беттикке жол бербейт, көңүлүн ачууга аракет кылам. Негизи менин мүнөзүм ачык, ал эми жолдошумдуку (күлүп) келбетине жараша тоң моюндугу бар.
- Нарындын кызы болот экенсиз, Ошко келин болуп барганыңызда алар кандай кабыл алышты?
- Экөөбүздүн ата-тегибизди сураштыра келсең моңолдор уруусунун урпактарыбыз. Алгач мен Ошко барганда сын көз караштар менен карашып, кандай келин болоор экен дешсе, азыр болсо баарыбыз бир үй-бүлөдөй болуп жакшыбыз.
- Жашы улуу адамдарга турмушка чаккандардын көбүн акчасына, байлыгына же бийлигине карап турмушка чакты дешет, сиз буга кандай карайсыз?
- Ар кимдин жашоосу өзүндө го. Эгер ортолорунда бир-бирине деген жакшы сезими болсо, анда акчасына, бийлигине карабай бактылуу жашап кетишет. Ошонл үчүн сүйүү кары-жашка карабайт деген кеп калган. А эгер жөн гана бийлиги үчүн же байлык үчүн турмуш кургандар болсо, анда ал көпкө узабайт деп ойлойм. Мисалы, биздин үйүбүз жок, машинабыз жок, болгону бизде бир-бирибизге деген менчик ысык махабатыбыз бар. Мына биздин болгон байлыгыбыз.




Садыр Сагынбаев, сүрөтчү:
"Мени Жантай деп эркелетип калат"
- Келинчегиңиздин жаштыгынан башка кайсы мүнөзү сизди арбап алды?
- Мен чынында жаштыгына жана кебетесине деле караган жокмун. Мага түшүнүктүүлүгү, адамкерчилиги жана жаш болсо дагы өзү тендүүлөрдөн алда канча акылдуулугу менен арбап алды. Анын ар бир мүнөзүн жактырдым, жада калса мага жаман айтса да ал мага жакшы көрүнүп туруп алды. Ошондон улам менин жүрөгүм издеп жүргөн адам Перизат экенин түшүндүм. Менимче жашоо турмуш, жактыруу кары-жашка карабаса керек. Азыр мени Жантай деп эркелетип калат, мен болсо аны Акмөөрүм деп калам.
- Жаш деп кызганган учуруңуз болобу?
- Чыгармачыл адам болгон соң андай нерседен алыс эле болгон жакшы. Жаш өтүп калгандыктанбы айтор, акыл токтотуп иш кылып калат экенсиң. Эгер мен жаш болсом балким башкача болуп кетмек.
- Мурдагы үй-бүлөңүзгө кандай көз карашта?
- Мурдагы жашоомдон үч балам бар. Улуусу менен өзгөчө жакшы мамиледе, кийинки уулум башында көнө албай жүргөн, азыр сый учурашып калышат. Кичинекей кызым балалык кызганыч кылат. Турмуш экен, баарын атайын жасабайт экенсиң, балдарым да бара-бара баарын түшүнөт го деп ойлойм. А келинчегим жаш болсо да баарына бирдей мамиле кылат.

Маектешкен
Жаз-Айым Айдекова