Кайрылуу
Урматтуу президент Алмазбек Шаршенович
Урматтуу премьер министр Өмүрбек Токтогулович
Урматтуу төрага Асылбек Шарипович
Кыргыз эли байыркы эл экенин тарых тактап берди. Салт-санаабыз, үрп-адатыбыз, улуттук уңгубуз, калтырган мурасыбыз бар экенин баарыбыз билебиз. Кыргызга күйгөн жакшы адамдар бешене терин агызып, кыргыздын ким экенин тактаган, тааныткан далай эмгектерин жазышты. Ал тургай улуу Манас атабызды да тагдыр, тарых бизге жеткирди. "Башканы коюп Манасты айт" демекчи, менин Сиздерге кайрылуум да Манас атабыз тууралуу. Кыргызстан эгемендик алгандын бери 20 жылдын жүзү болду. Өкүнүчтүүсү мурдагы жетекчилер тарыхка из калчу бир иш жасабай, же бир имарат курбай кетишти. Ушул кезге чейин мамлекет тарабынан Манас эпосунун үчилтигин, кол жазмаларын, эмгектерин аздектеп коюп койчу зор имаратты мындай кой, бир китеп текчеси жоктугуна ич ачышып келет. Илимдер академиясында "Кол жазмалар фонду" деген бар, не бир керемет кол жазмалар жер төлөөдө саргарып жок болуу алдында турат. Мунун да али бактысы ачыла элек. Ошол эле учурда борбор калаада бир канча китепкана, заңгыраган имараттар турат. Бир да жетекчи Манасты аздектөөнү, ага имарат (үй) берүүнү эстебеди. Манастын жеринде, Манастын элинде бүтүндөй Манас атабызга, улутубузга таандык бир керемет үй жоктугу өкүнүчтүү эмей эмине. Биздин гезит жыл бою "Манас атабыздын үйүн курсак болобу?" деген сурамжылоону элге узатып, жооп алып жарыялап келдик. Бактыга жараша дээрлик көпчүлүк кыргызстандыктар Манас атабыздын үйүн курууну кош колдоп колдоорун жана ал үй кандай багытта, максатта курулса жакшы болоорун да ортого салышты. Ал тургай өз колдорунан келишинче каражат берүүнү каалагандар да четтен табылат. Биз жогорудагыдай суроону элге берип, эл Манас ата үчүн эч нерсесин аябасын түшүндүк. Башында китепкананын деңгээлиндеги Манас үйүн куруу болсо, эми ал оюбуздан баш тартып, дүйнөнү Манас кандай таң калтырса, ошондой жогору деңгээлдеги үй (ордо же храм дейлиби, кандай аталса да мейли) курулса дейбиз. Жыл бою биздин гезит көтөргөн "Манас атабыздын үйүн курсак болобу?" деген суроонун негизги жообун алдык деп ойлойм.
Манас атабыздын үйүн куруунун максатын, түзүлүшүн, керемет жайга айланышы үчүн эмне кылыш, кандай куруш керектигинин негизги багытын окурмандар айтып коюшкан (анын айрымдарын гезит бетине жарыяладык. 4-бетти караңыз). Кудай буйруса Сиздер менен жолугушуу буйруп, бул маселе мамлекеттик деңгээлде талкууланса көзмө-көз отуруп айтып беребиз.

Урматтуу Алмаз Шаршенович
Урматтуу Өмүрбек Токтогулович
Урматтуу Асылбек Шарипович
Манас атабыздын үйүн курууга борбор калаадан ыңгайлуу жер бөлүп берип, мамлекеттик деңгээлде эл менен бирге өлкөбүздүн келечеги үчүн билек түрүнө курулушка киришсеңиздер деп суранат элем. Дегеним, биз көтөргөн бул маселе мамлекеттик деңгээлде көтөрүлүп ишке ашса дейм. Манастан улук, Манастан бийик бизде эмнебиз бар? Борбор калаабызга жана Ош шаарына Манас атабыздын айкели тургузулганы да алкоого аларлык. Биз эңсеген элде жок, тарыхта керемет аталып кала турган Манас атабыздын үйүн куруу бактысы да Сиздердин бийлик башында турган мезгилине туш келгени да бекеринен эместир. Элимдин тилегин берип быйыл ылайым Манас атабыздын жылы болсо экен.


Сиздерди терең урматтап, кабыл алууңуздарды суранган Кыргыз Республикасынын жараны, "Асман пресс" гезитинин башкы редактору
Керим
Айдаров




Мурас
Манастын үйү, аруулуктун үйү

Бир жыл бою "Асман пресс" гезити "Манас Атабыздын үйүн курсак болобу? Аттуу сурамжылоо жүргүздү. Сурамжылоого жашы карысы, атактуусу, жөнөкөйү манасчысы айтор, бары катышты. Канча адам болсо ошончо ойлор айтылды. Албетте, көпчүлүк Манас Атабызга арналган үй болуш керек дешти. Ар кандай ой тилектер, ар кандай сунуштар айтылды. Бирок, бир да адам ал үй жандүйнөнүн храмы болсо деп айткан жок. Мен бир дагы динге каршы эмесмин. Бардык дин кудайга алпаруучу жол. Манас- Жогорку аң сезим болсо, демек Манас диндер пайда болгонго чейин эле бар болгон да. Ошондуктан эгерде Манас атабызга арналып үй салына турган болсо демек ал улутуна, диний көз карашына, социалдык абалына, жынысына карап бөлбөгөн, бардык адамзат үчүн бирдей кызмат кыла турган жандүйнө храмы болуш керек. Үй бул образдуу айтылган нерсе. Жок адамга үй тургузуунун кандай кажети бар, Манас деген жомок дегендер да бар. Тилекке каршы кээ бирлер Манас Атабызды арбак, же уламыш жомок катары кабыл алып келе жатышат. Чындыгында Манас кыргыз элинин байыркы көчмөн эл экенин, адамзат жаралгандан берки бардык эволюциялык өзгөрүү, өнүгүү жолдорду басып келе жатканын тастыктап турган бирден бир далил. Мисалы, Манасты сүрөттөгөндө ал сүрөттөөнү апыртылып айтылган деп жүрөбүз. Апыртылбай эле алгачкы адамзаты жаралганда бойлору бир нече метр болгон болсочу? Ошол Манас атабызды апыртылган сүрөттөөлөр аркылуу кыргыз элинин алгачкы жаралган адам экенин айтып жатсачы? Дүйнөнүн көпчүлүк жеринде Манастын аты коюлган шаарлар, тоолор, суулар, көлдөр, көчөлөр, парктар бар. Мисалы, Индиянын Дели шаарында Манас паркы, Путтапарти шаарында Манас көчөсү бар. Гималайдагы тоо Улуу Манас тоосу деп аталган. Кытайда Манас көлү бар экенин билем. Бул мен көргөндөр гана. "Асман пресс" гезити 2010-жылы америкалык окумуштуу Ричарддын Манас эпосундагы каармандардын аты, окуялардын окшоштуктарын ыйык китептеги окуяларга салыштырган макаланы сандан-санга жарыялаган эле. Манас эпосу транс абалында гана Жогорку күчтөр аркылуу берилээрин, кыргыз эли байыркы көчмөн калк экенин эске алсак, демек Манас эпосу алгачкы ыйык китеп болуп, калган ыйык китептер Манас эпосунан алынган болот да. Демек, Манас Атабызга арналган "ыйык үй" дейбизби, "ордо" дейбизби, "храм" же "ашрам" дейбизби айтор, жандүйнөгө азык алган, бардык адамзатын улутка, динге бөлбөй биримдикке апкелген, жандүйнөнү агартып аруулаган комплекс борборубузга салынса жакшы болмок. Ал комплекстин эшигинен төрүнө чейин кыргыздын рухун, духун, маданиятын, каада-салтын көргөзүп, кыргыздын ким экенин билдирип турса кандай сонун. Мен көп жылдан бери Индия жергесиндеги көп храмдарды көрүп, ага дүйнө жүзүнүн эли агылып ар тараптан келип атышын, Индия элинин салт-санаасы ушул заманга чейин бузулбай сакталганына байланыштырдым. Мындай улуттун тарыхы, маданияты, үрп адаттары сакталган храмдар адамзатты өзүнө тартып кызыгуу жаратаары бышык. Ар бир мамлекет өзүнүн өзгөчө курулуштары менен дүйнө элин өзүнө тартат. Мисалы, Францияга Эйфел мунарасын, Египетке пирамидаларды, Астанага Байтеректи көргөнү барышат. Ал эми бизгечи? Керексизов акебиздин кереметтүү "Аалам Ордосу" да аягына чыкпай турганы жүрөк оорутат. Дели шаарындагы "Лотос", "Таджмахал", "Золотой храм" сыяктуу бизде да кыргыз жыттанган, кыргыз элинин улуулугун, байыркылыгын баса көрсөтүп турган Манас Атабызга арнап жандүйнө храмын курсак болбойбу. Канчалаган байларыбыз кара жиндер башкарган казино, оюн автоматтарын курганча, адамга материалдык байлык эмес, духовный байлык берүүчү адамзат аруулана турган жайды салса, элдин каргышын эмес, кудайдан сооп алышпайт беле. Өткөөл доордо жашап жатып ар бир адам руханий байлык топтоого аракет кылбаса, материалдык байлыкты кудай кылам десе бир секундда жок кылганга кудурети жетет. Андайдан кудай сактасын. Бирок, кудай сактанганды сактайм деген.
Лариса Асанбекова