Нуриза Бурханова,
жаш актриса:
Нуриза Баткен областынын Сүлүктү шаарында төрөлгөн. Бирок, Бишкек шаарында чоңойгондуктан ал жакты жашкы билбейм дейт. Жаш актриса кыргыз тасмаларына 15 жашынан баштап түшө баштаган. Бирок, эл алдына "Кызыл көйнөкчөн" тасмасындагы ролу таанытты десек туура болчудай. Жамал Сейдакматованын окуучусумун деп сыймыктанган Нуриза учурда "Талас-Бишкек 2", "Баарын кайрадан баштайлычы" тасмаларында тартылып жатат.

"Жаакка эки чапканда араң өзүмө келдим"
- Нуриза кино жаатына эрте аралашыптырсың. Үйдөгүлөрүң каршы чыкпай койбосо керек?
- Башында апам каршы болуп, "артистти аялым дебе" деген макалды эле айта берчү. Үй оокатын да карабай калдың, бул кесиптин келечеги жок дешкен эле. Мен өзүмдүкүн бербей, ар бир кишинин өзүнөн көз каранды болоорун айтып жүрдүм. Кийин "Тунгуч" театры менен Кытайга фестивалга барып, гран прини алып келдик. "Кетпечи Бугу эне" деген спектакль коюлгандан кийин маалымат жана маданият министрлигинен "Жылдын мыкты дебютанты" деген сыйлыкты алгам, анан апам унчукпай калды. Көз карашы өзгөрдү.
- Актер болуу бала кездеги кыялыңбы?
- Кичине чагымда врач-хирург болом, элди дарылайм, апа сен оорусаң даарылайм деп айта берчүмүн. Бир туруп модель болом, подиумга чыгам дечүмүн. Бара-бара кинолорго кызыгып, андагы актерлордун аткарган чеберчилигине көңүл буруп калдым. 8-классты бүтүп жатканда Жамал Сейдакматова жаш улан-кыздарды кабыл алып кастинг жарыялаган. Жамал эже "жаш экенсиң, окууну бүтүп кел" деген. Бирок, мен окуйм деп болбой калып калгам. Кудай буюрса январда бүтүп калам.
- Сьемка учурундагы кыйын болгон учурларыңды эстеп көрбөйсүңбү?
- "Кызыл көйнөкчөн" көбүнесе түнкүсүн тартылып түн менен күнүбүз алмашып калды. Күндүз уктап кечкисин сьемка болот. Түнкү саат 2-3тө тартылып аттык. Сьемкада жалгыз токойдо отурган жерим бар. Анда мени жалгыз таштап алыска кетип калышты. Коркуп араң отургам, бирөө келе калчудай болуп. Дагы бир учур, тасмада жигитимди Кызыл көйнөкчөн өлтүрүп таштайт. Ыйлай берип өзүмдүн сценам келгенде ыйлай албай калгам. Режиссер урушуп атат, менден жаш чыкпайт, күлөм. Анан кинодо терс каарманды ойногон байкени бетке чабыңыз деп суранып, ал жаакка эки чапканда араң өзүмө келип аткаргам.
- Биринчи интервьюга чакырып, көчөдөн тааный баштаганда кандай абалда болдуң?
- Биринчи гезитке чакырганда абдан сүйүнгөм. Сүрдөгөм, акырындап көнүп келе жатам. Айрымдар көчөдө таанып калганда мага боорлору ооруйт. Күйөрмандар пайда болуп, телефонума чалып калышат.
- Китеп окуганды жакшы көрөм деп калдың, кимдин чыгармалары жагат?
- Колум бошосо эле китеп окугум келет. Айрыкча Чынгыз Айтматовдун чыгармаларын окуудан тажабайм. Чыгармаларындагы аял затынын образдары, күчтүүлүгү жагат. Азыр Төлөгөн Касымбековдун "Сынган кылыч" романын окуп жатам.
- Кандай үй бүлөдө чоңойгонсуң?
- Улуу агам менен мени апам жалгыз тарбиялап өстүрдү. Байкем Чыгыш Университетинде окуйт. Апам жеке ишкер. Апам атам жок болсо да эч нерседен кем кылбай татыктуу тарбия бере алды.
- Ата мээримине муктаж болосуңбу?
- Кээде гана башкаларды көргөндө эмнеге меники андай эмес деген ой кетет. Бирок, атамдын жогун апам билгизбейт. Ар бир жетишкен ийгилигимди апама арнайм. Ак сүтүн актасам экен дейм.





Жылдын бийчиси
Атай Өмүрзаков
Кыргыз элинин желегин желбиретип, кыргыздардын атын дүйнөгө тааныткандыгы үчүн "Жылдын мыкты бийчиси" деп Атай Өмүрзаковду таптык. Өнөрүң өркүндөй берсин Атай!


Жылдын ырчысы
Гүлжигит Калыков, ырчы
Шоу-бизнеске кадам таштаганына аз гана убакыт болсо да, мукам үнү менен эл оозуна алынып калган жаш ырчылардын бири Гүлжигит Калыковду жылдын мыкты ырчысы деп таптык. Гүлжигиттин талантына биз гана эмес, коңшулаш мамлекеттер суктануу менен карап, баалап жатышат. Мындан ары да ийгилигиң арта берсин!


Жылдын тасмасы
"Мен сени сүйөм Бишкек"
Коомубуз өнүккөн сайын маданият тармагы да өз арбайын согуп келет. Аны менен бирге кино тармагы да талыкпай эмгектенип жатканы сүйүндүрөт. Муну менен катар жаш режиссерлордун келечектеги Бишкекти элестетип, эң жакшы окуяларын чагылдырып тартылган, көптөгөн көрөрмандардын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон "Мен сени сүйөм Бишкек" кинотасмасы "Жылдын мыкты тасмасынын" ээси болду.