Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

Жылдын саясатчысы
Аликбек Жекшенкулов
Эки бийликте тең чыдамкайлыгын көрсөткөндүгү, канчалык көө жаап, поктошпосун өзүнүн чыныгы таза саясатчы экендигин аныктай алган позициясы үчүн, өзүнүн чыныгы уюштуруучулук сапатынын аркасында шайлоодон утулуп калган партиялардын башын бириктирип, Улуттук Конгресс, Альтернативдүү Өкмөт түзүүгө жетишип Кыргызстанда анык демократиянын цивилдүү формасын көрсөтө алгандыгы үчүн "Жылдын саясатчысы" боло алды.


Дипломат саясатчы
Равшан Жээнбеков, ЖК депутаты
ЖКнын "Ата-Мекен" партиясынан депутат Равшан Жээнбекковду "Жылдын дипломат саясатчысы" деп таптык. Себеби, Равшан Бабырбекович өзүнүн саясий позициясынан тайбаган, Парламентаризмдин принциптерин урматтаган, жеңилгенди мойнуна ала билген, баардык адамдарга дипломаттык мамиле кыла билген инсан.


Жылдын губернатору
Койсун Курманалиева, Талас облусунун губернатору
Каардуу бийлик капшатына кабылган калктын, убагында Бакиевдик режимден чыгуу азаптуу жылдар болгон. Оппозициялык күчтөр биргелешкен топ бир нече ирээт сокку уруп, жыйынтыгы натыйжасыз болуп аяктаган. Таластагы толкундун башында турган Койсун Курманалиеванын жетекчилиги алдында революция максатына жетип, ийгиликтер орундалды. Таластын губернатору бир жыл ичинде өз жетекчилик парасатын көрсөтө алды. Мыкты уюштуруучу, лидерлик жөндөмү бийик айым башкаруучу Курманалиева мыкты губернатор наамын алды!


Жылдын ректору
Төлөбек Абдырахманов, И. Арабаев атындагы КМУнун ректору
И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Төлөбек Абдырахмановду "Жылдын мыкты уюштургуч ректору" деп таптык. Себеби, Төлөбек Абыловичтин жетекчилигиндеги окуу жайы илимий иштердин аткарылуусунан тышкары, коомдук иштерге активдүү катышуусу менен башка окуу жайлардан айырмаланды. Алсак, аталган окуу жайда үзгүлтүксүз илимий жана коомдук иш-чаралар өтүп, окутуучулар жана студенттер баардык тармакта өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтө алышты. Өзгөчө, жыл сайын "Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын күнүнө" карата борборубуздагы 100гө жакын баланы чакырып, моралдык жана материалдык колдоо көрсөтүлөт, бул иш-чаранын максаты окуу жайда билим алып жаткан студенттерге, башкаларга жардам берүүгө тарбиялоо болуп саналат. Мындай иш чаралар менен И.Арабаев атындагы КМУ "Адам болуу, адис болуу" деген окуу жай иштеп чыккан концепциянын негизинде иш алып барууда.


Жаңы жылдык куттуктоо!
Жогорку Кеңештин "Ар-Намыс" фракциясынан депутат Токон Мамытов:
Урматтуу Кыргыз калкым!
Жалпыңыздарды келе жаткан Жаңы Ажыдаар жылы менен чын дилимден куттуктайм!
Өтүп бараткан жыл жемиштүү ийгиликтери менен эсибизде калаарына ишенем. Анткени, Жогорку Кеңеште алгылыктуу бир топ мыйзам долбоорлору иштелип чыгып, алдыдагы жылда толугу менен ишке ашуу жолунда турат. Депутаттар канчалык сынга кабылбасын, Кыргызстанда парламентаризмдин жакшы жактарын бир жыл ичинде көрсөтүүгө үлгүрүштү жана алгылыктуу ийгиликтерди жарата алдык деп айта алам. Көптөгөн маселелер ачыкка чыгып, мурдагыдай "бармак басты, көз кысты" деген мамиле жокко учурап, тескерисинче, "талаштан тактык жаралат" деген принципке өтүп жатканыбыз маанилүү. Биздин иш-аракеттер жалпы Кыргызстан эли үчүн ачык-айкын саясат жүргүзүп, элдин келечек тагдырына көңүл кош болбой ак дилден иштеп жана өлкөбүздүн стабилдүүлүгүнө салым кошконун далилдей алды.
Ардактуу ак калпак, ак элечек кыргыз калкым, мен сиздерге келе жаткан Жаңы Жылда бакубаттуулук, тынчтык, биримдик каалоо менен кирип келе жаткан жыл көптөгөн ийгиликтерди, экономикалык гүлдөп-өсүүнү, мамлекетибиздин тынчтыгын алып келүү менен элибиздин жүзүнө өчпөгөн кубанычтуу жылмаюу тартууласын деп чын дилимден дагы бир жолу тилек кылам!








кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
а ­е¦Є.НҐй«