Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

Жылдын мамлекеттик ишмери
Эмилбек Каптагаев, президенттин экс-аппарат башчысы
Экс-президент Роза Отунбаеванын ийгилигин анын аппарат башчысы Эмилбек Каптагаевдин ишмердиги деп баалап келишет. Чынында эле "вазир жакшы кан жакшы" дегендей эле. Эмилбек Саламатович президенттин аппаратын мурдагы ажолордун администрация башчыларындай одоно башкарбай, демократиялык шартта кызмат өтөдү. Өткөн президенттик шайлоодо да калыстыкты көрсөтө алды. Мурдагы бийликтегилер президенттик аппаратты интриганын чордону кылып, ажону элге жаман көрсөтүп келген. Каптагаев эскилердин изин баспай, натыйжада Отунбаева сыймыка бөлөндү. Бул кийинкилерге үлгү болуш керек.




Карагыла, Мурас келатат
Кенжалы Сарымсаков, "Мурас" партиясынын даанышмандар кеңешинин башчысы:
"Эч кимге айтпаган маселени ачыка чыгарабыз"
- 23-декабрда "Мурас" партиясынын курултайы болот экен, кандай максатта өткөргөнү жатасыздар?
- Биз алдыдагы өткөрө турган курултайда буга чейин эч убакта эч кимге айтпаган маселелерди ачыкка чыгарабыз. Өзүбүздүн иштеп жаткан идеологиябызды, иштеп чыккан стратегиялык платформаларды жана башкаларды ачык айтабыз. Биринчи жолу ачыкка чыгабыз. Биздин партияда түбөлүктүүлүк деген принцип бар, демек, биз кыла турган иш кыргыздар тирүү турганда муундан-муунга эч убакта токтобой турган иш. Биз аны өзүбүздүн доордо, өзүбүздүн заманыбызда ийине жеткирип иштеп, кийинки муунга өткөрүп берсек, муундан-муунга кете турган маселе. Биздин башка партиялардан, башка саясий күчтөрдөн айырмабыз ушул, принцип-түбөлүктүүлүк.
- Улут уюткусу болгон адамдарыбыз "Кыргыздар адашуу жолунда турабыз" деп баш оорутуп келишет, мындай кыйын кырдаалдан чыгууга болот деп ишенсек болот турбайбы анда?
- Бүгүнкү 21-кылым заманы эмне болгон заман? Эгерде биз замандын өзүн тааный билбесек, эч убакта өзүбүздүн туура жолубузду тандай албайбыз. 21- кылым биринчиден, ааламдашуу заманы, экинчиден, маалыматтык-технология абдан өнүккөн заман. Жер жүзүндөгү адамдар бул процесстен кыя өтө албайт. Таасирлер жыш, зыяндуу дагы, пайдалуу дагы таасири бар, баары аралаш. Демек, ушундай шартта кытай эли, япон эли жана еврейлер коркпойт. Анткени, алар: "Биздин өзүбүздүн бекем калыптанган өнүккөн системабыз бар, эч кандай күч бузуп өтө албайт" деп айтышат. Жапондор болсо салтуу эл.
- Кыргыз эли деле байыркы эл катары салттуу эл экенибизди тана албайбыз го?..
- Кыргыз элинин тарыхы өтө бай, салттуу элбиз, бабаларыбыздан бери мурасталган улуу дөөлөттөрүбүз бар. Ошол дөөлөттөрдү азыркы кыргыз калкына жалгап, кийинки муундарга өткөрүп берүү ишин кылбасак, биз бара-бара өзүбүздүн өзөгүбүздөн айрылып калышыбыз мүмкүн. Ушундай опурталдуу абалдабыз. "Мурас" саясий партиясы мына ушул улуу максатты көздөп, элибиздин элдигин күчөтүп, келечек түзүү максатында, мындайча айтканда, дөөлөттүү кыргыз мамлекетин куруу, кыргыз элин бактылуулукка жеткирүү деген маселени колго алууда.




Асылбек Кадырбаев, "Мурас" саясий партиясынын Жаштар канатынын мүчөсү:
"Максатыбыз жигердүү жаштардын башын бириктирүү"
- Жаштардын көйгөйү эмнеде?
- Менимче, эң алгачкы көйгөйлөрдүн бири бул - жаштардын өсүп-өнүгүүсүнө, жашоодо өз ордун табуусуна мамлекет тараптан шарттардын түзүлбөгөнү. Андыктан, учурда көп сандагы потенциалы күчтүү кыргыздын жаштары чет өлкөгө өз бактысын издеп кеткендери, сыртка чууруп жатканы айкын иш. Экинчиден, бул билим берүү системасынын сапатынын төмөндүгү, демек, жалпы жаштардын билим деңгээлинин төмөндүгү, б.а. учурдун талабына жооп бербегендиги. Жаштар арасындагы идеялык биримдиктин жоктугу, майдаланган жана чачыранды топтордун көбөйүшү. Көйгөйлөр айтып бүткүс, өзгөчө жаштар тууралуу сөз салганда.
- Бул маселелерди кантип чечүүгө болот?
- Биринчиден, мамлекет, коом жана бизнес чөйрөлөрү жаш муунду тарбиялоодо бир идеянын негизинде чогулуп, жалпы бир максатты коюсу зарыл. Ал максаттын негизинде мамлекет жаштарды өнүктүрүү жана колдоо стратегиясын иштеп чыгат, ал эми коом өз учурунда стратегиянын жүрүшүнө көзөмөл салып, өз салымын кошот. Бизнес чөйрөсү болсо, жаштарга жаңы мүмкүнчүлүктөрду жаратуусу керек.
- Партияга кандай салым кошо алам деп ойлойсуз?
- Жаш муундун өкүлү катары партиянын ишинде менин бирден бир салымым - бул жаңы идеялар, жаңы көз караштарды сунуштоо. Жаштарга тиешелүү маанилүү көйгөйлөрдү көтөрүү жана аларды чечүү. Партиянын идеологиясын жаштарга таанытуу менен партияда жаш муундун санын көбөйтүү, чыныгы эр жүрөк, жигердүү жаштардын башын жалпы бир максатка бириктирүү. Ал максат - дөөлөттүү Кыргыз Мамлектин куруу, бактылуу кыргыз элин түптөө.


Азима АКУНОВА




Бабанов Премьер-министрби?

Коалициялык көпчүлүк премьер-министрликке Өмүрбек Бабановду бирдиктүү талапкер кылып көрсөттү. Бул талапкерди Жогорку Кеңеш бүгүн, 22 декабрда Жогорку Кеңеште каралаары күтүлүүдө. Буга чейин Бабанов парламент фракцияларын өзүнүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Стабилдүүлүк жана татыктуу жашоо" аттуу Программасынын долбоорун тааныштырды. Программага көңүл бурсак, Бабанов премьер болуп калса келечекте өкмөт так аныкталган багытта иш алып барат, бул колдоого татыйт. Ар бир тармак боюнча милдеттер да, аткаруучулар да так көрсөтүлүп, өкмөт жоопкерчиликти мойнуна алат. Мындай жолду тандаган өкмөт өлкөнүн экономикасын этап-этабы менен өнүгүүгө алып чыга алат деп ишенсек болот.





кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
а ­е¦Є.НҐй«