Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Жылдын депутаты
Өмүрбек Текебаев, "Ата-Мекен" фракция лидери
Чындыкты айтыш керек, Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери Текебаевдин алдына чыккан тың, мыйзамчы депутат чыккан жок. Азыркы Конституциянын да атасы болду. Бүгүнкү парламенте да "Ата-Мекен" азчылык болсо да Текебаевдин тыңдыгы менен көпчүлүк депутаттарды мыйзам менен тизе бүктүрүп келет. Кечээги төрага Келдибековду ээрден эңшерип түшүүдө да Текебаев негизги ролду ойноп берди. Түштүк эли каарданып, бузуку жарлыгы тагылып, "Текебаевге өлүм" деген пикетчилер турса да, рейтинги төмөн түшсө да, принцип, мыйзамдуулукту көрсөтүп, мындан ары мамлекеттик жогорку бийликтеги адамдар түз жүрүү керек экенин сабак катары көрсөтө алды. Ар дайым мыйзамчы катары өз ишмердүүлүгүн, мыктылыгын көрсөтүп келет.




Адамзатта аты улук, Манастап ураан чакырдык
- Манас Атабыздын үйүн курсак болобу?
Эгемендик алганыбызга 20 жыл өтсө да улутубуздун уңгусу, сыймыгы болгон Манас атабызга алгылыктуу мамиле, сый-урмат кыла албаганыбызга өкүнүп келебиз. Эмгиче борбор калаабызда Манас атабызга арналган үй жок экенине, куралбаганыбызга аттиң дейбиз. Эми да кеч эмес. Андыктан редакторубуз Керим Айдаровдун сунушу менен "Асман пресс" гезити ушул маселени көтөрүүнү чечти. Адегенде коомчулуктун оюн билели дедик.
Андан соң максатыбыздын пайдубалын түзүүгө аракет болоор.


Венера Ахматова, филология илимдеринин кандидаты:
"Акаевдин китепканасын "Манас үйү" кылышыбыз керек"
- Бул көтөрүп жаткан демилгеңер жакшы экен, колдош керек. Негизинен "Манас үйү" бизге керек. Биринчиден салыныш ордуна токтоло кетсем, Акаевдин президенттик китепканасы деген имарат бар эмеспи мына ошол имарат ылайыктуу. Анткени ал жаңы технология менен курулуп бүтүп калды. Азыр эмне болуп башы ачылганы, кимге тиешелүү экени белгисиз бирок, ошол жерге " Манас үйү" курулса сонун болоор эле. Ал эми экинчиден ал жер улуттук этнографиялык, улуттун баалуулуктарын, рухий дөөлөттөрдү чагылдырган борбор болушу керек деп ойлойм. Чет жактан коноктор келгенде сыймыктанып көрсөтө турган жерибиз болушу абзел. Мисалы, коңшулаш казак элин алалы, аларда "Бай терек" деген бийик имарат салып, улуттук борборлору бар. Бул жерде дагы бир маселе бар финансылык жагын мамлекет колго алса. Бардык нерсени эле элден чыгаргыла, элден топтогула дей берген болбойт, туура эмес. Эл арасындагы бизнесмендер, каражаты бар адамдар кааласа жардам ирээтинде каражат жагынан жардам кошсо жакшы. Ал эми имараттын ичинде сөзсүз түрдө "Манас" эпосунун варианттары болушу керек, андан сырткары кыргызга эмне тиешелүү кандай дөөлөттөрү бар. Мына ушулардын баарын "Манас үйүнөн" көрө алгыдай болсок жакшы болмок. Ошондой эле сөзсүз түрдө Ч. Айтматов болушу керек. Себеби, баардык дүйнө жүзү алакандай кыргыз журтун "Манас" эпосу жана Айтматов менен тааныйт эмеспи. Албетте, бул демилгени колдойм.

Айжан Косумбаева, студент:
" Көпчүлүк жарандарыбыздын "Манас" эпосу жөнүндө
түшүнүгү да жок
- Биздин улуу, залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов "Манас" эпосун кыргыз элинин эңсиклопе-диясы деп айткан. Баарыбыз билгендей эпосто кыргыз элинин салт-санаасы, үрп-адаты, жашоо-турмушу, мамлекет башкаруудагы системасы жана башкалар бардыгы камтылган. Кыргыз болгон соң ар бир кыргыз атууулу "Манас" эпосун билиши керек. Бирок, азыркы тапта көпчүлүк жарандарыбыздын "Манас" эпосу жөнүндө түшүнүгү да жок. Ал гана эмес жогору жактагы адамдарыбыздын да "Манас рекет болгон" деген да сөздөрү айтылды. Бул эмне деген гана ойго келгис ыплас сөз. Муну мындай таштайлы дегендей, "Манас үйүн" куруу идеасына келсек, мен чын дилимден колдойм. Бул бизге керек. Чет жакадан келген коноктор ал үй аркылуу бизди жакындан, тереңден тааныр эле. "Манас үйү" курулса кандай гана сыймыктанаар бирден-бир жай болоор эле. Ал үйдө негизинен эпостун бардык варианттары болуусу керек, илимий изилдөөлөр, сүрөтчүлөрдүн эмгектери орун алса. Салыныш орду борбордук аянттын тегерек четинде болгону дурус болот го дейм. Эмнеге дегенде сырттан келген конокторго көрсөтүүгө ылайыктуу жана шаардын көркүнө көрк да кошуп турат.





кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??