Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

Жаңы төрага баяны
Жээнбеков Асылбек Шарипович
2011-жылдын 21-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагалык кызмат ордуна шайланган Жээнбеков Асылбек Шарипович 1963-жылдын 27-августунда Ош облусундагы Кара-Кулжа районунун Биймырза айылында туулган.
Улуту: кыргыз
Үй бүлөлүк абалы: үй бүлөлү, 6 балынын атасы
Асылбек Жээнбеков Сауд Аравиясындагы КРнын толук ыйгарым укуктуу элчиси Жусупбек Шариповдун жана Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбековдун бир тууганы.
Кайсыл тилдерди билет: Кыргыз, орус тилдеринде эркин сүйлөйт.
Жогорку билимдүү:
1985-жылы К.И. Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чараба институтун;
1991-жылы Кыргыз жер иштетүү илим изилдөө институтунун аспирантурасын;
2002-жылы Экономика жана ишкердик университетин бүтүргөн.
Эмгек жолун 1985-жылы Ош облусунун Өзгөн районундагы "Ак-Жар" совхозунда агроном кесибинен баштаган.
1987-1992-жылдары Кыргыз пахтачылык жана түштүк айыл чарбасы боюнча тажрыйба станциясында илимий кызматкер болуп иштеген.
1992-1996-жылдары "Шариф", 1996-2002-жылдары "Искен" жоопкерчилиги чектелген коомдордун директору, 2002-2007-жылдары "Агрозооветсервис" ишканасынын башкы директору болуп турган.
2002-2007-жылдары - "Жер азыгы" Кыргызстан агробизнесчилер ассоциациясынын Директорлор кеңешинин төрагасы.
2007-2010-жылдары - IV чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.
2010-жылы Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын тизмеси аркылуу V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланып, Жогорку Кеңеш Төрагасынын орунбасары болгон.




"Мага добуш бергенге караганда, партиялаштарым "кимди колдоду?"
деген маселе маанилүү"
- Сиздин Өкмөт башына талапкерлигиңизге партиялаш-тарыңыздын аз добуш берүүсүн, алардын сизге ишеним көрсөтпөөсү деп түшүнсөк болобу?
- Туура, себеби добуш бербегенден кийин ишеним көрсөтпөйт дегендин, партиянын ичинде да кандайдыр карама-каршылыктар бар дегендин белгиси. Бирок, менин оюмча маанилүү ал эмес. Эгерде партиянын ичинде мени 5 адам колдосо, бул деле жаман эмес. Бул идеологиялык көз караш. Мен европалаштырууга аракет кылган, реформага, мамлекетибизде либералдуу-экономикага аракет кылган адаммын. А мүмкүн биздин партиянын көпчүлүгү башка көз караш менен караган адамдардыр. Маселе мага канча добуш бергенде эмес, маселе алар кимди колдогонунда. Кечээги идеологиялык каршылашы Түлеевдиби, же кечээ эле дүйнө жүзүнө "жаман адам" деп массалык маалымат каражаттары аркылуу айтып, фракцияларды өткөрүп, жамандап жаткан Бабановду колдогонубу? Бул биздин фракциянын бир топ депутаттарынын жүзүн көрсөткөнү. Менин оюмча, мага добуш бергенге караганда, "кимди колдоду?" деген маселе абдан маанилүү болуп эсептелет.
- Асылбек Жээнбеков кандай себептер менен төрагалыкка шайлануу шансына ээ болду деп ойлойсуз?
- Эми бул адамдын күчтүү жеке сапаттарынан эмес, Асылбек Жээнбековдун фракциясынын сунуш кылып жатканынан. Андан да көбүрөөк айта турган болсок, президент Атамбаевдин лоялдык мамилесинен болуп жатат. Анан башка фракциялар бул талапкерди колдоону чечти. Ошондуктан, бул жерде адамдын кандайдыр бир жеке сапаттарынан эмес, көбүнесе ушул убактагы туура, так келип калган ар кандай обьективдүү жана субьективдүү себептерден улам болду.
- Буга чейин деле азыркы Конституцияны өзгөртөбүз дегендер болгон. Сиз ЖКнын жыйынында А. Жээнбековго "Ар кандай саясий күчтөр Конституцияны өзгөртүүгө кызыкдар болсо, сиз колдойсузбу?" деп суроо бердиңиз, негизи ушундай саясий күчтөрдөн Конституцияны кантип сактап калууга болот?
- Эми мен бекеринен ал суроону берген жокмун, себеби, бүгүнкү күнү Конституцияны, Парламенттик мамлекетти өзгөртүүгө болгон аракеттер абдан көп, бул тышкы күчтөрдүн аракети. Ошол тышкы күчтөргө кошоматчылык кылган биздин ички саясатчыларыбыз, саясий топтор көп учурда жагыныш үчүн дагы мамлекеттик кызыкчылыктарды дагы алмашып жибергенге даяр. Келечекке Конституцияны, мамлекеттеги саясий режимди өзгөртүүгө тобокелчилик абдан көп. Ошон үчүн алдын ала төрагадан сурап койдум, келечекте эгерде көз карашын, позициясын бат-бат өзгөртө турган болсо анын айтылган сөздөрүн биз инструмент катарында элдин алдында айтып, уят кылганга аракет кылам деген ойдо ушундай суроолорду бердим.
- Айрым пикирлерге караганда, жазында Жогорку Кеңеш тарайт дешет. Парламентти таркап кетүүсү мүмкүнбү?
- Парламентке дагы, парламенттик түзүлүшкө дагы бир топ коркунучтар бар. Ошонун бири бизде дайым эле мурдагы президенттер күч катарында, азыркы убакта көп айтылып келаткан "торпеда" катарында кандайдыр бир күчтөрдү пайдаланат, бул элдин толкуну. Кайсы бир саясий күчтөрдү, саясий топту, депутаттарды пайдаланат. Депутаттардын ичинде эле өздөрүнүн позициясы жок, алсыз депутаттар эртең маселе көтөрүп чыгышы мүмкүн, "Биз партиялык парламентти таратып, жакшы парламент алып келишибиз керек" деп. А мунун чыныгы себебин аны иликтеген, түшүнгөн адамдар өздөрү талдап-билип алат. Же болбосо кайсы бир көчөдөн митингдерди уюштуруп, анын артында "Парламентти тараткыла" деген команда берип, бийлик өзү турушу мүмкүн. Бирок, биз 20 жылдык тарыхыбызда башыбыздан көп нерсени өткөрдүк, ак менен караны талдап алууга күчүбүз, акылыбыз жетет. Ошон үчүн кандай болсо дагы, ким жасап жатат, эмне үчүн жасалып жатат, аны биз коомчулукка так айтып беребиз. Бирок, бүгүнкү күнү Парламентти таратыш, саясий режимди кайрадан авторитаризмге өзгөртүү менин оюмча өтө кыйын болот.
Маектешкен Азима АКУНОВА







кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
а ­е¦Є.НҐй«