Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

Жылдын саясатчысы
Алмазбек Атамбаев, КР президенти
Алмаз Шаршенович талыкпаган саясатчы катары өзүн көрсөтө алды. Премер-министр кезинде мурда болбогон жакшы жөрөлгөнү ишке ашырды. Бул социалдык кызматкерлердин айлык маянасын көтөргөндүгү. Элге өлкө эртеңки күнү өнүгөрүн, жылыш барын, иштесе болорун көрсөтө алды. Президенттик шайлоодо атаандаштарын мурдагы бийликтегидей күч менен, коркутуу менен эмес, саясий күрөш менен утуп чыкты. Ар көз караштагы партиялар бириккен коалициялык өкмөттө тил табуу менен иш алып баргандыгы үчүн мыкты саясатчы катары көрө алдык. Учурда президент катары жаңы өкмөт курамын курууда да ынтымактык жол табалганын да кубаттоого болот.




Парламенттеги базар, спикер шайлоо жана Турсунбек Акунду тукуруу
Бөдөш Мамырова,
ЖК депутаты:
- КСДПдан спикер шайланышы бийликтин узурпациясыбы?
- Чындыгында узурпация деген сөздүн мааниси абдан терең. Бүгүн узурпация деген сөз айтылып атат, анткени президент дагы КСДП фракциясынан, эми спикер дагы дал ошол партиядан болуп атат. Канчалык таза иштейм, биз бири-бирибизге байланышпайбыз, президенттен эч кандай көз каранды болбойм деген күндө дагы, биздин тарыхта, практикада көрсөтүп атат. Бары бир бирине бири таасир тийгизет. Мына ошол жактан алганда мыйзамды сөзсүз эле бир колго же бир туугандарга эмес, керек болсо санаалаш, пикирлеш бири-бирин колдогон адамдарга да бийлик бербеш керек экенин Кыргызстандын тарыхы көрсөтүп атат. Биз ошондон качалы, акыйкаттык болсун, бири-бири менен жуурулушуп отуруп алып элди унутуп калбайлы, бийлик элге кызмат кылсын деп эки ирет бийлик алмаштырдык. Ошого карабастан дагы да бул жолго түшүп жатканыбыз туура эмес. Негизи Асылбек Жээнбековго персонал катары да, ишмердүүлүгүнө да эч нерсе дей албайм.

Мыктыбек Абдылдаев,
ЖК депутаты:
- Сиздер көрсөтүп чыккан талапкер Курманбек Осмонов бир кезде сот системасын талкалаган дешет…
- Бүгүн Кыргызстанда мен тазамын деген жетекчи жок. Ар бир жетекчиге ар кандай калдарканды байлай берсе болот. Сен сот бийлигин талкалагансың, сен аткаруу бийлигин талкалагансың ж.б деп азыр баарыбызга доомат кое берсе болот. Ошондуктан антип айткан туура эмес. Ар бир адам убагында колунан келген аракетин жасап, ошол системада иштеген. Анын баарын жокко чыгарып мына талкалады деп айтып атпайбы дегенибиз болбойт. Бүгүн бийлик эмес, бутак эмес Кыргызстан талкаланып турбайбы.
- Жыл аяктап баратат, эл үчүн парламент эмне иш аткардыңар?
- Биринчиден биз стабилдүүлүктү сактап калдык. Бул эң чоң маселе, экинчиден бийликтин бутактарына жакшы шарт түзүүгө аракет кылдык. Үсүнчүсү президенттик шайлоону тынч стабилдүү түрдө өткөрүп бергенге парламенттин салымы абдан чоң болду. Ошонун негизинде бүгүнкү күндө парламенттин дагы Кыргыз мамлекетине жасаган эмгеги аз эмес.

Каныбек Иманалиев,
ЖК депутаты:
- КСДПдан спикер чыгышы бийликтин узурпациясы деп жатышат.
- Узурпация бир адамдын Конституциялык жол менен эмес, зордук зомбулук жолу менен бийликтин баарын басып алышы. Бул жакта бардык демократиялык процедураларды сактоо жолу менен кетип жатпайбы. Бирок, бир эле негиз бар. Ал негиз баары бир партиядан болбосун деген. Ал жагын ойлоно билишибиз керек. Коалициялык өкмөт, коалициялык парламент болгондон кийин бүт бийлик органдарында коалиция утуп чыккан партиянын өкүлдөрү болуш керек. Бул жагынан алганда туура болуп жатат.
- Ар-Намыстан 10 депутат бөлүнүп кеттиңиздер эле. Эми кайра биригип атканыңыздарды кандай түшүндүрөсүз?
- Ал мындай болгон, ушул жылдын апрель айында коалиция таркайт болуп жаткан. Жаңы өкмөт түптөлүп, эми иш баштап жатса коалиция таркап, өкмөт таркап кетиши Кыргызстанга керек эмес болчу. Ошол учурда премьер-министр Атамбаевди колдойбуз деп билдирүү жасаганбыз. Ал учурда биз официалдуу түрдө коалицияга кирген эмеспиз. Бирок, коалицияны колдойбуз деген билдирүү жасаганбыз. Мына азыр деле оппозициялык партия "Ата Журт" болуп атат. Ал жерде да айрым депутаттар коалицияны колдойбуз деп билдирүү жасап жатышат. Бул жерде депутаттын да өзүнүн укугу болуш керек.

Надира Нарматова,
ЖК депутаты:
- Ширин Айтматова сизди жана бир катар депутат айымдарды төрагадан акча алган деп айтып чыкты эле. Бул маалымат канчалык деңгээлде чындыкка жатат?
- Бул кезектеги шоу. "Ата-Мекен" фракциясынын мүчөсү Ширин Айтматованын сүйлөгөн сөзү негизсиз. Анын аныкталбаган, такталбаган материалдар боюнча акчага байланыштырып берген маалыматы жалаа жапкандык болуп эсептелет. Чындыгында биз парламенттен акча алып туруп кийинбейбиз. Мен өзүм өмүр бою иштеп, өзүм эмгек менен табитиме жараша кийим сатып алып кийинип жүргөн аялмын. Ширин Айтматованын айтканы боюнча ЖКнын төрагасынын фондунан Бөдөш Мамырова, Жылдыз Жолдошева, мен жардам иретинде, болгондо да кийимге же жөн эле материалдык жардам катары акча алыптырбыз. Биз эч кандай материалдык жардам алган эмеспиз. Алгыбыз да келбейт, баарыбыз элүү жаштан өтүп калган аялдарбыз. Баарыбыз өз жолубузда кийинип-ичинип жан багып жүргөн адамдарбыз. Тескерисинче биздин парламенттен арыз жазып алган кыздар бар экен. Ширин Айтматова айтып чыккандан кийин бухгалтериядан кызыгып материалдарды каратсак иш башкармалыктын печаты менен бухгалтериянын колу коюлган кагазда Камила Талиева 50 миң сом, командировкага барып келгенден кийин акчам жетпей калды деп Асия Сасыкпаева 100 миңден ашыгыраак алган экен. Гүлнара Жамгырчиева 100 миң, Ыргал Кадыралиева 80 миң алган экен. Анан жебеген самсага акча төлөдү болуп эле "Ата-Журт" жөнүндө пиар жасаш керек болсо эле биздин түштүктүн кыздарына асылганы туура эмес да.
- "Ата-Журттан" депутаттардын бөлүнүп кетүүсүн кандай түшүндүрө аласыз?
- "Ата Журттун" ичинде эч кандай бөлүнүү болгон жок. Түлеевдин "Ата-Журттан" кетпейм, "Ата-Журтту" сатпайм деп трибунадан сүйлөгөн сөзү бар. Бул деген 22 депутат бирдиктүү эле бир пикирде дегенди билдирет. Ошондуктан ЖКнын төрагалыгына оппозициялык фракция катары өзүбүздүн кандидатыбызды көрсөттүк. "Ата-Журт" фракциясы күчтүү оппозиция болооруна ишенем. Себеби фракцияда башкаларга салыштырмалуу турмуштук тажрыйбасы көп, такшалган депутаттар көп. Бөлүнүп жарылды дегенге негиз жок. Болгону 4 депутат коалициялык Кеңешмени колдоп кол коюшкан, Түлеев менен Айдаров өздөрү кол койгон эмес. Демилгечи болгон Түлеев өзү кол койбогону "Ата-Журт" менен калып атканы.

Турсунбек Акун,
КРнын акыйкатчысы:
- Сизди жыйындан чыксын, калсын деген талаш болду. Мыйзамдык негизи кандай?
- Акыйкатчы жыйынга катышууга укуктуу экени регламентте жазылган. КР акыйкатчысынын законунун 8-статьясында да КР акыйкатчысы өкмөттүн жыйынына, парламенттин сессиясына, президент өткөргөн жыйынга эч тоскоолдуксуз катышууга укугу бар деп жазылып турат. Ал эми Конституциянын 8-статьясында да акыйкатчы эч чакыруусуз катышууга укугу бар деп жазылып турат. Булар эми жаңы регламент кабыл алып министрлер сыяктуу эле акыйкатчы чакыруу менен келип катышса болот деп коюптур. Регламенттен мыйзам жогору турат. Ал үчүн биздин мыйзамды өзгөртүш керек.
- Сизди жыйындан чыгып кетиңиз деп чыкканын Бакыт Төрөбаевдин адамгерчиликсиздиги десек болобу?
- Бул жерде Төрөбаев Акматбек Келдибековдон да төмөндүгүн көрсөттү. Келдибеков да бай бачадай болуп "эй, охрана тетигини колдон кармап чыгарып койгулачы" деген. Бул да "чыгып кетиңиз" деп айтып атат. Бул жерде депутаттардын жетекчилеринин деңгээли көрүнүп жатат. Мына алардын адам укугуна кылган мамилеси. Мени сыйлабай эле коюшсун акыйкатчы деген кызматты сыйлашсын. Акыйкатчы, скпикер, президент, премьер деген бирдей кызмат, булар министр эмес. Мен жинине тийип атайы келип атам, чыгып кет деп айтаарын билгем бирок, чыккан жокмун, чыгара да албайт. Акыйкатчы спикер, премьердей эле кызмат экенин билиши керек, булар аны такыр тааныгысы келбейт. Андай эмес, парламент кандай болсо акыйкатчы андан кем эмес орган. Спикер кандай болсо, мен да андан кем эмес кызматтамын.
- Өткөн аптада абактагылар ачарчылык жарыялап чыгышты эле. Анын акыры эмне менен аяктады?
- 3000ден ашуун абактагылар ачарчылык жарыялап чыгышкан. Алардын эң негизги талабы 61-статьяда түрмөдө жаткандар үй-бүлөсү, жакын адамдары ж.б менен жолукканга акылуу деп турат. Жана башкаларга сойкулар да кирип кетет деп Байзаков ошолор менен жолукпасын деп тыю салыптыр. Мен ошол буйрукту артка кайтардым. Ал сойкубу, аялыбы алар негизгиси барат 3-4 күн жатат өзүлөрүн канааттандырат, тамак-аш алып барып берет. Ошол сырттан келгендердин тамагы менен жашашат. Үч ирет тамак аш бергенге тойбойт, алар чоң адамдар. Абактагыларды сырткы дүйнө менен болгон байланыштан чектеп койгон болбойт. Түрмөгө барып сүйлөштүм, өткөн 5-күнү ачкачылык токтотулду.
- Жаңы-жыл келип калды, кыргыз элине каалооңуз?
- Жаңы өкмөт, жаңы спикер менен баратабыз. Чоң улуу жолго чыктык. Мына казактарда козголоң болуп, Россияда митинг болуп атат. Кыргыздар өткөн революциянын жолуна булар эми түшүп атышат. Булар бизден 20-30-жыл артта калышкан. Кыргыз эл улуу жолго түштү. Ушул жолду барктап калалы. Кыргыз элине акыйкаттыкты, калыстыкты тилейм. Бийликти көзөмөлгө алып, саясий жактан аң сезими жогорулай берсин, үй-бүлөлүк бакубат турмуш каалайм.

Мээрим Айталиева






кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
а ­е¦Є.НҐй«