Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

2012 -жыл өзүбүзгө жараша өзгөчө жыл
Академик, парапсихолог Лариса Асанбекова

Адамзатты ар кыл ойго салган 2012-жыл да босогодо турат. Чындыгында келе жаткан жыл өзгөчө жыл. Себеби, адамзат "темир доор" деп аталган доордун бүтүп, "алтын доор" деп аталган доорго өтүп жаткан, өткөөл мезгилде жашап жатабыз. Башкача айтканда "бешинчи күн" аттуу бир циклдин бүтүп, "алтынчы күн" цикли башталаар мезгилде турабыз. Эки доордун жашоосуна күбө болуп, тарыхий мезгилде жашап жаткандыгыбыздын өзү эле кандай укмуш.

Жалпы эл билгендей келе жаткан жыл чыгыш жыл санагы боюнча ажыдаар жыл, ал 23- январда өз өкүмүн жүргүзөт. Болгондо да кара ажыдаар! Кудай эле сактасын! Негизинен ажыдаар байлыктын, жакшылыктын, узак жашоонун, гармониянын жана өзгөрүүнүн символу болуп эсептелет. Бир жагынан сюрпризге бай жыл болот. Ажыдаар адамзат үчүн даярдаган сюрприздердин жакшы же жаман болушу ар бир адамдын өзүнө байланыштуу. Кара ажыдаар жылына өткөөл мезгилдин туш болушу, 2012-жылга планеталар парадынын болушу, Күн системасындагы өзгөрүүлөр, Жер планетасынын магнит талаасы күн санап өзгөрүп жатканы ойлондурбай койбойт.

Адамзат материалдык кызыкчылыктары үчүн кызыл чеке болуп кызмат талашып, байлык үчүн баш кесип, жер бетинде түбөлүк жашоочудай, дегеле жерге Адам болуп эмнеге жаралганын, кандай максатта жерге келгенин билбей кырылышып, көбүнүн эртеңки күндөн кабарлары жок. Адамзат өз эгосунун талабын аткаруу менен алектенип жаткан кезде Адам эмес ааламды жараткан Теңир, жер планетабызды ааламдын жогорку мейкиндигине өткөрүп, адамзаттын аң сезимин жогорку катмарга көтөрүп жатат. Бирок, адамзаттын баары эле жогорку сапаттуу фатон энергиясынын агымына туруштук бере албайт. Жер бетинен адамзат бир топ азайып, географиялык өзгөрүүнүн астында турабыз. Демек, ар кандай табийгый кырсыктар, оору- сыркоолор, өлүм- житимдердин көп болушу күтүлөт. Ошондуктан "Акыр заман" болот экен деген сөздүн кандайдыр бир мааниде чындыгы бар. Акыр заман жандүйнө энергиясы төмөндөр үчүн чындап эле акыры болуп, жер планетабыз каралыктан, терс энергиядан тазаланат. Ошентип, адамзат дагы бир эволюциялык өзгөрүү жолунда турат. Азыр биздин аң сезимибиз үч катмар ченемде болсо, келе жаткан доордо төрт катмар ченемге өтөбүз. Ошентип, 2012-жыл өзгөрүүнүн жылы. Жаңы доордогу өзгөрүү материалдык пландан астралдык планга өтүп, материалдык кызыкчылыктан аң сезимдин аруулугун жогору койгон жаңы жашоого өткөнү турабыз. Мындай өзгөрүү же тазалануу 2012-жылдан 2014-жылга чейин созулуп, 2015-жылдан баштап, аман -эсен жаңы доорго өткөндөр үчүн жомоктогудай жаңы жашоо башталат. Азыр канчалык техниканын, илим-билимдин өнүккөн заманы болуп турса да келе жаткан жаңы доордун Космостук жаңы энергиясына адамзат толугу менен даяр эмес . Жер планетабызда да географиялык өзгөрүүгө туш болуп, тазалануу жүрөт. Көпчүлүк адамзат мындай маалымат менен тааныш болсо да, алаамат аны айланып өтөөрүнө ишенип, же болбосо болуп жаткан өзгөрүүгө анын тиешеси жоктой кайдыгер мамиле жасап жатышат. "Бизде эч нерсе болбойт, башка жакта болсо боло берсин, бизди кудай сактасын" деп олтура берген менен адамзат ички жандүйнө энергиясын өзгөртмөйүнчө көйгөй чечилбейт . Аалам менен адамзат бири-бири менен тыгыз байланышта болгондуктан жер планетасындагы болуп жаткан өзгөрүүгө адамзаттын түздөн -түз тиешеси бар. Ошондуктан адамзат өзгөрүүнү өзүнөн башташы керек. Өтүп бараткан доорго тиешелүү кара күчтөр башкарган карөзгөйлөрдүн, амалкөй алдамчылардын, бийлик менен байлыктан башка баалуулугу жоктордун заманы бүтүп, адамкерчиликтин, айкөлдүктүн, аруулуктун, биримдиктин, сүйүүнүн доору келатат. Башкача айтканда аватар Багаван айткандай, жаңы доорго аман эсен өткөндөрдү жердеги бейиш жашоо күтүп жатат. Жакында Кыргызстандан үч адам өткөөл мезгилден адамзаттын аң сезимин трансформациялап алып өтүүгө даярдоо программасын Индияга барып окуп келдик. Буйруса ал тууралуу "Асман пресс" гезитине сандан санга жазып турам.

Эмесе урматтуу Кыргызстандыктар, сиздерди келе жаткан тарыхий өзгөчө жаңы жылыңыздар жана жаңы дооруңуздар менен куттуктайм. Жаңы доорго эч жоготуусуз жалпы баарыбыз түгөл өтөлү. Кудай дагы сактанганды сактайм деген. Кудай барыбызды сактасын! Акыр замандан аруулук гана сактайт деп бир нече жолу гезитке жазгам. Барыңыздарга жакшылык, ийгилик, ден соолук, ырыскы, ыйман каалайм. Ылайым жараткан барыбызга жардамын берип, алтын доордун бейишинде өмүр сүрөлү. Кудай: "Менин сеникинен башка колум жок" деген. Демек, ар бир адам колу менен жасаганын мойну менен тартаары эсиңиздерде болсун. Дагы бир жолу жаңы жылыңыздар жана жаңы дооруңуздар менен куттуктайм.
P.S. Урматтуу окурман, Кыргызстандын стабилдүүлүгү жана гүлдөп өсүшү үчүн жана президент А.Атамбаевге аватар Шри Багавандын бата бергени, "Манас кыргыздын кудайы" экени, Кудай тууралуу түшүнүк, менин "кудайым" мен каалаган убакта нөшөрлөгөн жамгырды кандайча токтотконун, бейиштин багына жана космоско кантип саякат жасаганыбызды, адамзат арууланса акыр заман болбосу, 2012-жыл өзгөчө жыл болоору, Кыргызстандын келечеги кандай болоорун көргөнүбүздү, жердеги бейиштей жашоого жашаш үчүн эмнеге көңүл буруш керек экенин жана Индиядагы жомок сыяктуу өткөргөн күндөр тууралуу билгиңиз келсе, "Асман пресс" гезитинин ар бир санын калтырбай окуңуздар.





Жыл адамы
Роза Отунбаева, КР экс-президенти
Быйылкы жыл экс-президент Роза Отунбаеванын жылы болду. Роза Исаковна Орто Азиядагы алгачкы аял президент болуп, оор акыбалда өлкө башкаргандыгы үчүн кыргыздар эмес чет өлкөлүктөр сыйлык беришти. Өлкөдөгү президенттик шайлоону тынч өткөрдү. Бүгүнкү күнү кайда барса да мартабасы көтөрүлүп, сыйлыкка да, сыймыкка да ээ болуп турган кези. Нобель сыйлыгына да көрсөтүлдү. Ажо айымдын дагы бир эрдиги, мурдагы башкармалардай болуп бийлике тырмышпай, Кыргызстан бийлигинде болуп келген салтты бузуп, өз ыктыяры менен бийликти өткөзүп бергендигинде. Мындай жөрөлгө көп адамга жагып, Отунбаевага болгон сый-урматын көрсөтүшүп келишет. Бул кийинки бийлик тагдырына, тарыхына сабак болот деген ишенимдебиз.





Кожойкелердин эсине
Дастарконду кантип
даярдоо керек
Жаңы жылдык дасторкондо канчалык тамак-аштын түрү коюлуп, столуңуз ийилип турса ошончолук жакшы болот. Салаттарды жасоодо ачуу салаттарга көбүрөөк басым жасасаңыз жаңылышпайсыз. Ажыдаар жылы болгондуктан дасторконуңузда балыктан жасалган тамактар сөзсүз болушу абзел. Мындан тышкары эт азыктары менен жасалган тамактар да жок болбосун. Келе жаткан жылдын ээси отту сүйгөндүктөн стол үстүнө шам жагып койсоңуз жакшы болот. Башка жылдардан айырмаланып ажыдаар шаан-шөкөттү жактырат. Андыктан музыканы бийигирээк чыгарып, ыр бий менен шаңдуу тоссоңуз сиз үчүн ийгиликтүү жылдардан болот. Бул майрамды тосууда кийимге да өзгөчө көңүл бурулат. Ажыдаар баардыгынан бийик болгондуктан кымбат баалуу нерселерди кийишиңиз керек. Кара түстөгү же болбосо суунун өңүндөй түстөргө басым жасаңыз.






Биле жүр
Ажыдаар жылында болгон алааматтар
Үрөй учурган жер силкинүүлөрдүн көбү ажыдаар жылында катталган. Алардын эң эле катаалы Аляскадагы болгон 9,2 баллдык жер титирөө десек болот. Андагы жаратылыш кырсыгынан 250 000 киши каза тапкан.
1952-жыл 21-июль, Калифорния 7,5 балл
4-ноябрь, Камчатка 8,25 балл
1964-жыл 27-март, Аляска 9,2 балл
16-июнь, Ниигата 7,6 балл
1976-жыл 28-июль, Тянь-Шань 7,8 балл
1988-жыл 21-август, Непал 6,6 балл
7-декабрь, Ленинакан 6,9 балл
2000-жыл 25-ноябрь, Азербайжан 7 балл
4-июнь, Суматра 7,9 балл





кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
а ­е¦Є.НҐй«