Сандан-санга
Анарбек Усупбаев
КЫРГЫЗ ЭЛИ МЕНЕН ТҮРК (ТҮРҮК) ЭЛДЕРИНИН ОРТОСУНДАГЫ АЙЫРМА
Генетика илими бул R1а1(эркектик) сыпаттаманы 15000 жыл мурун өзгөчө бөлүнүп, калыптанганын далилдейт. 52 кыргыздын эркегинин канын изилдегенде R1a1 63% гаплогруппа хромосому аныкталган. Бул жерде брахман менен Ходженттик тажиктердин % жогору болгондугун кыргыздар менен салыштырганда, алардын изилденген адамдары 2-3 эсе аз болгондугуна да. Биздин доордун башында биздин сегиз уруунун бабалары, Кушан деген мамлекетти азыркы Индия, Пакистан, Афганистан мамлекеттеринин ордунда кургандыгы тууралуу тарыхый маалыматтарда бар экендигинде, борбору азыркы Кытай мамлекетинин Синьзян автономиялык округунун ордунда болгон. Мына ушул себептен брахмандардын түп атасы айланып келип эле биздин бабаларга такалат.Казак менен түркмөн элдеринин канынын түзүмүнүн негизинде, алар кийинки элдер экендиги бул маалыматтан көрүнүп турат.Тажик элинин чыгышы тууралуу Л.Гумилев өзүнүн "Конец и вновь начало" деген китебинин 101-б.перстердин сөзү менен "халифтердин" башындагы баш кийимин "таажы"ал эми таажыны кийген "халифти"кайтарган аскерди "тажик" деген деп, тажиктердин аталары араб, апалары перстер, VIII кылымда пайда болгон эл деп жазыптыр. Ушул маалыматтардын негизинде Каныкей апабыз тажик элинин өкүлү эместиги көрүнүп турат. Себеби Манас бабабыз, колону биздин ата-бабалар өндүргөн убакытта, аталык доордун башталышында б.з.ч 5000-6000ж. болгондугунда. Бул жерден окурмандардын эсине салып кетейин Египеттин биринчи фараону (көчмөндөрдүн бийи) б.з.ч.3200ж. илгери болгондугу жана анын ысымы Менес (англис тилинде окуганда Манас деп эле окулат экен) экендигин. Илгери Египетти Айгоптас (айдай көп таш) деп аташчу экен. Ал эми биринчи борбору Мемфисти Анх-тау (Ак-тоо) деп аташчу экен. (Майкл Хааг "История Египта" 18 Глава 14Ок.30000-2160гг.до н.э). Өйдөңкү маалыматтардын далилин мен өзүмдүн мурунку эмгегимде "Кыргыздын сол канатынын кытай уруусунун нукура тарыхында" жазган элем. Буларды жазып жатканымдын себеби кийинчерек түрк (түрүк) тайпасынын кайдан чыкканы тууралуу жазганда кайрадан ушул мисалга кайрылам. Өйдөңкү окумуштуулардын эмгектеринин негизинде эң байыркы элдерге каны биринчи группадагы адамдар кирет экен. Кандын кийинки группалары жашоо шартка, аба-ырайынын өзгөрүшүнө (климатка) байланыштуу кийин пайда болгон экен. Ушуга байланыштуу мен өзүмдүн кытай (тарыхта дунху, кидань, сянби, мурунку монголдор, табгачтар, гунн деген ысымдары менен аталган) уруумдун 100гө жакын урпактарынын кандарынын группасын изилдегенимде (сураганымда) 95% биринчи группа болуп чыкты. Айрыкча мени таң калтырганы, кыргыздын сол канатынын башка урууларынын урпактарынын кандарынын көпчүлүгү да биринчи группа экендиги.
Кыргыздын негизин, кыргыздын сол канатынын сегиз уруусу түзө тургандыгын тарыхый булактарга таянып, далилдеп берүүгө аракет жасайын. Мурунку эмгегимде кыргыздын энелик доордо пайда болгонун, атасы динлиндер (угор-фин группасы) экенин, апасы гунндар экенин(гунндардын тикелей урпактары Кидандарь экенин), көптөгөн тарыхый булактардан, кыргыздын макал-ылакаптарынан, айрыкча кыргыздын мыкты окумуштуусунун бири, биолог А.Алдашев менен Франция мамлекетинин окумуштууларынын биргелешип кыргыздын канынын түзүмүн изилдөөлөрүнүн негизинде чыгарган эмгектерине таянып далилдегем.