Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

- Жаңы-Жылда эсте калган окуя
Назгүл Насиева, продюсер:
- Бир жылы атабыз ресторанда иштеп үйдө жок болду. Уулум Улан экөөбүз стол даярдап тосконбуз. 12де балконго чыгып жардыргычтарды аттырганбыз. Балкондо жууркан жасай турган пахта, төшөк, жайкы кийимдер бар болчу. Биз атып, атып анан уктап жатып алганбыз. Көрсө жардыргычтан түшкөн чоктор пахтага түшүп, ал тутанып жалынга айланыптыр. өрт чыгып атканын орус жетим бала өтүп бара жатып көрүп, өрт кызматына чалып, үйгө чуркап келип эшикти тарсылдатканда анан ойгонгом. Көзүмдү ачсам балкон жалындап өрттөнүп атат. Кошуналар ызы чуу болуп, өрт өчүргүчтөр өрттү өчүрүп айтор, кымгуут болгонбуз. Бир канча убакыт өткөндөн кийин түрмөгө концерт коюп барсам баягы бала түрмөдө отуруптур. Келип учурашып, мен сизди сактап калбадым беле деп айтат. Анан эстедим. Ошондон кийин түрмөдөн чыккыча ошол баланы бактым.




Наргиза Солпиева
Ош шаарынын тургуну. 10 жашынан бери ыр жазат. Төмөндөгү ыр кайгылуу Ош окуясынан соң, Москвада окуп, иштеп жүргөндө сагынычтан жаралган.

Сагынуу
Күн санайм, мааниси жок бекер күндөр,
Сагынам айылымды, үзбөйм күдөр.
Жүрөм жалгыз, бөтөн жерде сумсайып,
Адашкан аркар сымал, ...бирок бүтөөр.

Күтө берем, эмнегедир күндү санайм,
Эч себепсиз буулугуп саатты карайм.
Үшкүрүнөм терең гана айласыздан,
Бөтөн жерде жанчылып, мынча чарчайм.

Сагындым эрте апамдын ойготконун,
Эркелетип чакырган атамдын асыл үнүн.
Сагындым, сагынычым айта албаймын,
Инилерим үй жаңыртып күлгөндөрүн.

Кыйналдым, бирок муну эч ким сезбейт,
Кыйналдым деп ыйлактап жаткым келбейт.
Тардыкта жарылгым бар эх, арман жашоо,
Кеңдикти каалайм бирок, эч ким бербейт!..

Абдурасул Анарбаев
1936-жылы Ноокат районунун Өсөр айылында туулган. 1991-жылдан бери ыр жазып жүрөт. 2001-жылы Ноокат районундагы "Ноокат таануу" гезитинде иштеген. Учурда ардактуу эс алууда.
Сүрөтүңү ыр менен тарткым келет
Кубат алам сүйлөгөн сөздөрүңөн,
Нур төгүлчү чачырап көздөрүңөн.
Көрбөй сени көп күндөр өтүп кетти,
Азыр мүмкүн мүнөзүң өзгөрүлгөн.

Сени эстесем тура албай баскым келет,
Сүрөтүңдү ыр менен тарткым келет.
Терезенин үстүнө илип коюп,
Сени тиктеп уктабай жаткым келет.

Сага арнап ырларды жазгым келет,
Сагынганда алдыңа баргым келет.
Саламат ойноп-күлүп жүрө бергин,
Садага ден соолугуң бизге керек.

ЭНЕМЕ
Кубанамын энеме,
Кубат берген денеме.
Энекемдин эмгегин,
Эч нерсеге теңебейм.

Аябастан сүт берген,
Чоңойсун деп күч берген.
Балдарына энелер,
Бар тапканын бүт берген.

Ак бешикке бөлөгөн,
Жыгытпастан жөлөгөн.
Тогуз ай тынбай көтөрүп,
Толгоо тартып төрөгөн.

Уктабай таңды атырган,
Алдейлеп күндү ашырган.
Молдолорго жаздырып,
Моюнга тумар тактырган.

Ыссык өтүп кетет деп,
Көлөкө жерге бактырган.
Шилтесе буту, кубанып,
Жетелеп колдон бастырган.

Айга, күнгө тең эле,
Айланса болот энеге.
Эненин кылган эмгегин,
Акылың жетпейт ченебе.

Дүйшөнаалы Жунусов
1962-жылы 3-майда Нарын областына караштуу Ат-Башы районундагы Казыбек айылында туулган. Нарындагы айыл-чарба техникумун аяктаган. Учурда Казыбек айылындагы "Жеткинчек" балдар бакчасында чарба башчысы болуп эмгектенет.

Энеке
Бырыштар орун алып бетиңизди,
Энеке чыгыптырсыз жетимишке.
Балдарым адам болуп чоңойсун деп,
Түйшүктү көп тарттыңыз кезиңизде.

Тынчтык болуп ар дайым элибизде,
Береке кут төгүлсүн жерибизге.
Небере, чөбөрөнүн жытын искеп,
Дем кошулсун энеке демиңизге.

Бел болоюн эңкейгенде белиңизге,
Дем болоюн демиккенде демиңизге.
Төшөк салам калыңдап төрдө олтур,
Түбөлүк берген эмес сени бизге.

Күзгү менен сүйлөшүү
Өтүп барып, туруп калдым чакчайып,
Өңү тааныш бирөө турат саксайып.
Салам айтып ылдый кылсам башымды,
Ал да башын ылдый кылды акшыйып.

Тиши да жок, ырайы суук пендесиң,
Арбаксыңбы? Адамсыңбы? Эмнесиң?
Карап алып өзүм экенин билгенде,
Төрт кайталап айтып ийдим келмесин.

Уйпаланган чачтарымды тарадым,
Сакал-мурут алганга араң жарадым.
Капилиттен көрүнбөсөм күзгүгө,
Түбүмө сен жетмексиң го арагым!

Мурат Бостонов
1989-жылы 31-майда Баткен районуна караштуу Ак-Сай айылында туулган. Б.Хожоев атындагы мектепти 2006-жылы аяктаган. Учурда Бишкек Гуманитардык Университетинин мамлекеттик мунципиялдык башкаруу факультетинин 3-курсунда окуйт.


Сага жомок, мендеги аруу сезим!
Сага күлкү, мендеги тунук сезим,
Түшүнөм шылдың кылып турган кезиң.
Адашкан жүрөгүмдү кыя албай,
Арзуу менен алышып кайгы жедим.

Сага жалган, мендеги чындык сезим,
Билемин, ал эмнеге алжыйт дейсиң.
А мен болсо жүрөгүмдүн бакыты үчүн,
Ааламда сага гана сөз издеймин.

Сага алсыз, мендеги күчтүү сезим,
Байкасам, бул оюңду эскиртпейсиң.
Дагы эле жаш жүрөгүм сени көздөйт,
Дартыма ошондуктан дары издеймин.

Сага жомок, мендеги сырдуу сезим,
Көрүшкөндө көңүлүң суз баш ийкейсиң.
Муштумдай жүрөгүмө боорум ооруп,
Айла жок мен да сага баш ийкеймин.

Сага кара, мендеги аппак сезим,
Ак сезимди кара кылып боёй бердиң.
Кайырчыдай кап көтөргөн жүрөгүмдүн,
Капчыгына ыр толтуруп жардам бергин.

Бетти даярдаган
Гүлзат САДЫРБЕК кызы





Жылдын сайты
"Мекендештер"
Чачырап, ааламдын ар бурчуна тараган кыргыздын башын интернет айдыңында бириктирүүгө бел байлап, изги ийгиликтери менен бирге олуттуу жоопкерчиликти аркалап жаңыдан маалымат майданына кадам таштаган Дайырбек Орунбеков жетектеген www.mekendeshter.kg сайты мыкты деп табылды.





Текечер
Текечерлер үчүн жыл бир калыпта тынч өтөт. 2012-жыл мамилелерди мыйзамдаштырууга ыңгайлуу жылдардан болот. Жеке бюджетиңиз мурунку жылга салыштырмалуу туруктуу болооруна ишениңиз. Капиталыңызды көбөйтүүнү кааласаңыз эмитен аракет кылыңыз. Ойлонбой сүйлөп алуунун кесепетинен негативдүү нерселер болуп кетиши мүмкүн. Мындай нерселердин болушун каалабасаңыз сизге жакпаган адамдар менен мамиле куруудан алыс болууңузду жылдызыңыз эскертет.



кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
а ­е¦Є.НҐй«