Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

Денсоолук
Көз адамдын чырагы
- Ар кандай оору адамдын ден соолугуна тескери таасирин тийгизбей койбойт. Көз оорулары адис эмес кишиге аз санда сыяктуу сезилет жана учурунда кайрылышпаса адамды майып болуп калууга алып келет. Өзгөчө элет жеринде жашаган атуулдарыбыз аталган дарт тууралуу түшүнүгү жок жана дарыгер да жетишпейт эмеспи.
Эгер акыркы 3 жылкы маалыматка көз чаптырсак (ВОЗ) Дүйнөлүк ден соолук борборунун билдирүүсүнө караганда глаукома оорусуна чалдыккандардын саны 70-10 млн. адамга жетет. Иликтөөлөргө карасак бир минутанын ичинде аталган оорудан бир адам сокур болсо, дүйнө жүзүндө ар бир он минутада бир жаш наристе жабыркайт.

Глаукома кандай оору?
- Бул көздүн бири-бирине жукпаган өнөкөт дарт. Көздүн ичинде басымдын жогорулап кетишинен пайда болот. 40-50 жаштан кийин адамдын денесинде картаю процесси жүрө баштайт. Көздүн ичинин алдыңкы бөлүгүндө суюктук көздү айланып турат. Суюктукта витаминдер, көздүн ичиндеги катмарларга керектүү заттар бар. Ошол суюктук өтө турган жолдор жабылып, кысыла баштайт. Натыйжада басым пайда болуп, көздүн көрүү нерви жабыр тартат. Аны учурунда дарылабаса соолуп, көздү азиздикке алып келет.

Дарттын себептери
Биринчиден жаштын улгайусу (40 жаштан өйдө)
Укум-тукумунда көз оорусу барлар
Жүрөк оорусу менен жабыркагандар
Кан басымы жогору болгондор
Кан басымы төмөндөгөндөр
Кант диабети оорусуна чалдыгуу
Мээдеги кан айлануусу начар болгондор
Шакый менен ооругандар
Көпкө дейре гормон алган оорулар ж.б.


Жашка карай бөлсөк
1. Тубаса (вражденный) 3 жашка чейин
2. Жаштарда (юношский) 11ден 35 жашка чейин
3. Чоң адамдарда 35 жаштан өйдө
Тубаса глаукома- бала түйүлдүк кезинде энеси ар кандай ооруларга чалдыккан болсо, төрөлгөн соң наристеде оорунун белгилери байкалат. Көздүн уялышы, жаш куюлуп, көз өз өлчөмүнөн чоңураак болот. Айрым наристелер тубаса азиз болуп төрөлүшөт. Биздин райондо акыркы 3 жыл ичинде тилекке каршы 2 жаш наристе ушул оору менен төрөлдү.


Глаукома оорусу 2 түргө бөлүнөт
1. Ачык бурчтуу глаукома
2. Жабык бурчтуу глаукома
Ачык бурчтуу - глаукома менен 80%зы ооруйт. Бул түрү менен жабыркагандарга башталышында байкалбайт. Кээ бир учурларда гана орулуулар көздүн салмактануусун, көздүн каректеринин ооруксунтканын сезет. Көпчүлүк учурларда оорулуулар муну этибар албай жүрө беришет.
Жабык бурчтуу - глаукома өтө тез арада кармап калышы мүмкүн. Бул түрү көбүнчө нерв тамырлары начарлаган учурда пайда болот. Мисалы, өтө корккондо, кайгырганда, катуу ооруганда, мээ өтө катуу чарчаганда, спирт ичимдиктерин көп колдонгондо ж.б. Аталган ооруга мүнөздүү белгилер: көздүн чанагынын өтө оорусу, баштын өтө катуу оорусу, көздү түтүн басып калганда, ачык өңдөрдүн көрүнүшү (өзгөчө жашыл, сыя түстөр), жүрөгү айланып, кускусу келүүсү, алынын кетиши сезилет. Бул жагдайлар бир канча саатка, бир нече күнгө чейин созулат. Бара-бара көздүн көрүүсү начарлайт.

Бейтаптарга күмүш сырга
- Бейтап адам өз дарыгеринин көзөмөлүндө болуп, берген дарыларды өз учурунда пайдаланып туруусу абзел. Айрым оорулуулар кичине жакшы болуп калса эле, дарыгердин көрсөтмөсүн унутуп, дарыланууну эстеринен чыгарып жиберишет. Оорулуунун өзүнө жасаган мындай мамилеси албетте өзүнө гана зыян алып келет. Глаукома менен ооруган адам ысык саунага, мончолорго барбашы керек. Андан сырткары караңгы жерде туруунун кажети жок. Себеби, карек чоңоюп, бурчту кысып, басымды көтөрүп салат. Уктаган мезгилде чалкадан же кырынан жатуусу керек. Суюктукту аз ичүү сунушталат. Спирттик ичимдиктерди колдонбоо керек.


Гүлзат САДЫРБЕК кызы






кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
а ­е¦Є.НҐй«