Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

Анапия Райымбекова, ырчы:
Токтогул акын жердеген айтылуу Токтогул өрөөнүнүн таланттарынын арасында элибизге кубулжуган үнү менен белгилүү болгон Үч-Теректин үч кызы бар. Мына ошол үч бир туугандын улуусу Анапия Райымбековага эмгек сиңирген наамды өкмөт бербесе эбегейсиз талантына таазим кылып эл берип койгон. Эже жан дүйнөсүнүн сырын ачып биздин редакциянын коногу болду. Анда улуу таланттын маегине көңүл бурсак:

"Чыгармачыл адамдын тагдыры тайкы келет окшойт"
- Эже, үй-бүлөө менен чыгармачылыкты бирдей алып кетүү кыйынга турса керек?
- Туура айтасың, чынында сыртта ата, үйдө эне болуу өтө кыйын. Анын үстүнө менин кызым жок, уулдарым бар аларга ата оордуна тарбия берүү да чоң түйшүк. Кээде жумуштан чарчап келсең үйүңдөгү аял затына тиешелүү жумуштар кылынбай турса да кейий берет экенсиң. Ошентсе да үй-бүлөө менен чыгармачылыкты бирге алып кетип жатам. Анын үстүнө жаш өткөн сайын чыгармачылыкта өзүнчө бир эргүү жаралып, жаңы чыгармалар агылып келе берет.
- Сизди көргөндө эмнегедир көзүңүздө сагынычтын нуру көрүнүп турат. Балким сиздин жан дүйнөңүз бир нерседен жабыркап жүрбөсүн?
- Балдарымдын атасы бизди таштап кеткенден бери жаман болуп, жан дүйнөмдүн кеми толукталбай жүрөт. Жок дегенде уулу Эмир үчүн жашаса болмок деп ойлоп кетем. Кээде уулум "Апа атамды унутуп баратат окшойм, көзүмдү жуумп атып араң элестетип жатам" дейт, кээде "Атамды сагындым иштеген жерине алып барасызбы?" деп өзү суранып калат. Эмир төрт жашында атасынан калса да анын иштеген жерин, парктарга алып барып ойноткондорун эч унутпайт. "Мени дайыма алып барыңызчы" -деп сурангандыктан анын ата мээримине зарыккан көздөрүн көргөндө жан дүйнөмө ооруп, энелик жүрөгүм сыздап кетет. Негизи эле чыгармачыл адамдын тагдыры тайкы келет окшойт деп ойлоп калам.
- Неге андай деп ойлойсуз?
- Мен биринчи турмушума сүйүү эмне экенин билбей эле баш кошуп алгам. Кийин ортобуздагы келишпегендиктин айынан эки башка жолго кеткенбиз. Ошентип жүргөн кезде кудай мени элибизге белгилүү режиссер Алмазбек Зарлыкбековго жоолуктуруп, нике буйрук экен баш кошуп калдык. Менин чыныгы сүйүүм ушул улуу залкарга арналган. Бирок биздин жашообуз узакка созулбады.
- Кантип таанышып калдыңыз эле?
- 2001-жылы Суусамырда өткөн малчылардын майрамына ырдап барган элем. Анда Алмазбек режиссер болгон. Ал майрамды КР эмгек сиңирген артисти Темирлан Сманбеков алып барып, ошол адам бизди тааныштырган. Таанышкан күндөн баштап мен сени алам, экөөбүз үйлөнөбүз деп жүрдү. Кийин кайнежем менин үй телефонума чалып алып "ай Алмазга тиесиңби, ал сенин айыңдан иче баштады"- деди. Ошентип очор-бачар бирге түтүн булата баштаганбыз.
- Алма сабагынан алыс түшпөйт деп коёт эмеспи. Балдарыңыздын кимиси чыгармачылыкка жакын?
- Балдарымдын улуусу Мирстан кичинесинен бери музыкалык мектепти окуган азыр Улуттук гвардиянын оркестринде иштейт. Жакында эле К. Молдобасановдун жаркын элесине арналган жаш музыканттар арасындагы конкурстан баш байгени жеңип алды. Андан кийинки уулум Азат ал да музыкага шыктуу, учурда мектепте окуйт.
Кичинекейим Эмир биринчи класста окуйт, атасындай болуп режиссер болом деп калат.
- Эркек уулдарыңыз бой жетип келиндүү кылса кандай кайнене болосуз?
- Буйруса келээрки күздө Мирстаным үйлөнүп менин колумду узартам деп жүрөт. Мен кызды өзүм жакшы көрөм, өз кызымдай кылып тарбиялап алам деген ойдомун. Адамдын башына баш кошулганга не жетсин.








кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
а ­е¦Є.НҐй«