Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Министр маек
Алиясбек Алымкулов, жаштар министри:
"Сүйлөп атканда "Азыр атат. Атат!" деген кыйкырык чыгып турат"
Бул рубрикабыздын алгачкы коногу апрель окуясынын көрүнүктүү лидери, 40тын кырына чыкпай Эл баатыры болгон жаштар министри Алиясбек Алымкулов болду.

- Жаштар министрлиги жаштарды алаксытуу максатында түзүлгөн дегендерге кандай жооп кыласыз?
- Ар кандай багыттагы сөздөр айтылып жүрөт, бирок ошол мезгилде бул эң туура болгон. Жаштар Баткен, Аксы, апрель окуяларында, же коогалаңдуу Ош окуясында Кыргызстандын бүтүндүгү үчүн күрөшкөндө гана керекпи? Же миллиондогон жаштарыбыз мигрант болуп Кыргызстанга миллиарддарды которгондо гана керекпи. Жаштарга туура багыт, кеңеш берип турган бир министрликтин болгону туура эле болгон. Бул ошол мезгилдин талабы болчу.
- Жер-жерлерди кыдырып жүрөсүздөр жаштардын негизги көйгөйү эмне экен?
- Эң чоң көйгөйдүн бири - жумушсуздук. Андан кийин таң калыштуусу көп жерлерде идеологияны сурашат. Кубандырганы элет жериндеги жаштардын таланттуулугу. Мына кечээ жаш таланттардын ырларынын жыйынтыгы чыгып, өзүм катышып алардын талантына баа бердим. Ырлары укмуш жазылган, ыйлагың келет.
- Жаштардын суроо-талабын канааттандыруу үчүн иш-чара көрүп жатасыздарбы?
- Ош, Жалал-Абад, Нарын, Көл кылаасында жаштардын суроо талабына ыңгайлаштырган жаштар үйүн ачтык. Мунун негизги максаты жаштардын башын бириктирүү. Мындан тышкары жаштар үйүндө тил үйрөтүлөт, компьютердик класстар ачылган. Андагы балдарды окуткан балдар, кыздардын айлык акысын донорлор менен сүйлөшүп чечип бергенбиз. Бүгүнкү күндө элет жеринен 557 долбоор келип түштү. Азыр "Бай-Көл" деген биринчи долбоор ишке кирип жатат. Калганы кудай буюрса дагы каралат. Трайбализм, түндүк-түштүккө бөлүнгөндөрдөн кутулуу максатында жаштардын башын бириктирип тренинг өткөрүп атабыз. Дагы бир чоң көйгөй жаштардын адистикти туура тандай албагандыгы. Мындан улам муундар арасында ажырым пайда болуп, бири-бирине тажрыйба берүү ажырап кетти. Ошол себептүү туура адистик тандоо боюнча бир багыт иштелип атат. Андан сырткары 3412 адам жакшы жумуш менен камсыз болот. Кудай буюрса бул проектини телевидениеге алып чыгабыз. Энергетика министри менен биргеликте дагы бир проектибиз бар. "Камбар Ата-2" 12миң жумушчу керек экен. Ошонун 6 миң орунун бизге берип атат. Биз 6 миң баланы бекер окутуп, анан ишке жиберебиз.
- Президенттикке эмнеге талапкер алып чыккан жоксуздар?
- Жаштардан, белгилүү саясатчылардан, бутуна туруп калган бай адамдардан да сунуштар көп эле болду. Бирок, бүгүнкү күндө мамлекет башына эл-жерди коргогон, ойлогон патриот адам келди деп ишенем. Ушул адам өзүнүн алты жылдык мөөнөтүндө бир топ иштерди кылып кетет деген ишенимдемин.
- Илимдүү-билимдүү жаштардын көбү чет жакада жүрөт. Аларды кантип мекенибизге тартсак болот?
- Мен деле 6 жыл мигрант болуп жүргөм, көп нерсени үйрөнүп келдим. Азыр да пайдасы тийип атат. Ал жаштарды кетирбеш үчүн экономикалык туура саясат жүргүзүп, жумуш орундарын көбүрөк түзүп, туура экономикалык мыйзамдарды чечип берсек келишет. Мындай нерсени Филиппин, Корея, Малазия, Турция мамлекеттери башынан кечирген, азыр өнүгүү жолунда. Кыргызстандан да жогорудагы мамлекеттер баскан жолдо турат. Мунун баары убактылуу нерсе.
- Жаш туруп "Эл баатыры" болдуңуз. Баатыр болуу кандай экен?
- Баатыр болуу өтө жоопкерчиликтүү экен. Мурун Аксы окуясында жана башка окуялардагы жаштарга наам берүүгө өткөн-кеткен бийликтин абийири жеткен эмес. Мага баарын чогултуп туруп берип коюшту. Бул мен үчүн чоң жоопкерчилик, милдет. Мен жашмын, калган өмүрүмдү сыйлыкка татыктуу жашап өтүшүм керек. Кудайым буюрган жашоодо татыктуу жашап өтүү чоң жоопкерчилик. Эл баатыры деген мага гана берилген сыйлык эмес. Бул тарыхтагы Кыргызстандын жаштарына берилди. Бирок, жоопкерчилик менин мойнумда.
- Таластагы бир мектепке ысымыңыз берилди деп уктум эле.
- Ооба, ал жактагы мектепке менин ысымым берилсин деген сунуш болгон. Бирок, мен ал мектепке менин да, атамдын да ысымын бергенге каршы чыктым. Атама үй салып берейин дегем, бирок атам айылга мектеп салып бер деп суранганда мектеп салдым. Бул атамдын сунушу болду. Мектепке атымды же атамдын атын коеюн деп салдырган эмесмин. Эл-жериме кызмат кылайын деген максат менен салдыргам. Бул бюджеттен бир тыйын албай салынган 3-мектеп болчу. Азыр 4-мектепти Тунгучта ачкан турабыз.
- Министр болгону жашооңузда кандай өзгөрүү болду?
- Эң биринчиси убакыт азаят экен. Жардам сурап келген адамдар өтө көп, аларга жардам бере албай калганда кыйналат экенсиң. Жаштар келет маселе көп, баарын чечкенге мүмкүнчүлүк жете бербейт экен.
- Сизди курчаган адамдар өзгөрдүбү?
- Бул нерсеге көп көңүл бурбай калдым. Анткени, 2010-жылы февралда телеге чыгып сүйлөп, куугунтукка катуу түшкөндө далай досторум бурулуп кеткен. Досум дегендерден саналуу эле калган. Ошондуктан бир гана кудайга ишенем, байлык, бийлик убактылуу гана нерсе.
- Октун үнүн укканда кандай абалда болосуз?
- Октун үнүн укканда, порохтун жыты, же шумовой гранатанын үнү чыкканда ушунун баары көкүрөккө сиңип. Аябай ачышып калган экен жага бербейт. Катуу "тарс" эткен үн чыкканда да жаман болом. Доктурларга көрүнсөм бир аз убакыт керек дарылай албайбыз дешти. Баламды көтөргөндө деле артымды айнекке, эшикке тозо берет экенмин. Ок мага тийсин балама тийбесин дегенчелик кылып. Бирок, бул нерсени өзүм байкабайт экенмин. Бул нерседен арылууга убакыт керек. Күнүгө баатыр болуш керек. Сакал, мурутумду күзгүгө карап алыш мен үчүн оңой эмес. Ок жегенден бери күзгүнү көп карай албайм. Мунун баары көп эмгекти, баатырлыкты талап кылат. Элдин алдына чыгып сүйлөш да оңой эмес, сүйлөп атканда "Азыр атат. Атат" деген кыйкырык чыгып турат. Анткени, 7-апрелде "ат моу баланы!" деген буйрук чыккан. Сүйлөп атканда ошол нерсени ойлой берип, баары ордунда болбой кыйын эле болот. Бирок жашоо токтоп калган жок уланып атат. Сыртым жалтыраганы менен ичимде эмне болуп атканын ким билет.
- Дайыма оймо-чийме менен көйнөк кийесиз. Стилистиңиз барбы?
- Стилист, имиджмейкерим деле жок. Бул менин келинчегимдин табити. Негизи эле ата-бабаларыбыз ушундай кийинген. Кайсыл жакка барсам да кыргыздын кийимин кийип барганга аракет кылам. Кыргыз болуп жаралган соң кыргыздын баалулуктарын сактап, ата салтын улашыбыз абзел. Башка бир мамлекеттин идеологиясын, баалулуктарын апкелип чаптап, жармаштыра албайсың. Мындай аракеттер болгон, бирок өткөн жок. Күнүмдүк турмушубуздагы салттыбызга таянып келечекти туура түзүп кетишибиз керек. Ошон үчүн биз жер-жерлерде "ата салтын колдоо" деген багытта жаштардын башын бириктирип, ар кандай оюн-зоокторду уюштуруп жаштарды тарбиялап жатабыз.
Мээрим
Айталиева










кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??