Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Мурас
Адамзатта аты улук, Манастап ураан чакырдык
- Манас Атабыздын үйүн курсак болобу?
Эгемендик алганыбызга 20 жыл өтсө да улутубуздун уңгусу, сыймыгы болгон Манас атабызга алгылыктуу мамиле, сый-урмат кыла албаганыбызга өкүнүп келебиз. Эмгиче борбор калаабызда Манас атабызга арналган үй жок экенине, куралбаганыбызга аттиң дейбиз. Эми да кеч эмес. Андыктан редакторубуз Керим Айдаровдун сунушу менен "Асман пресс"
гезити ушул маселени көтөрүүнү чечти. Адегенде коомчулуктун оюн билели дедик.
Андан соң максатыбыздын пайдубалын түзүүгө аракет болоор.

Тынчтыкбек Бекташ уулу, "Кыргыз мекенчил" кыймылынын төрагасынын орун басары:
"Бизде ишти баштап аягына чыкпай калуу деген илдет бар"
- Манас атабызга арнап ордо калаабызга атайын үй курса албетте болот. Эми анын жайгашкан жери боюнча айта турган болсом, шаардыктар көп чогулган, ошол эле учурда кенен-кесир саякаттаганга ылайыктуу жерге курулуш керек деп ойлойм. Ал үй боз үйдүн элесин бериш керек. Ичинде болсо кире беришинде эле Манас атабыздын элесин берген сүрөт орун алып, ошондой эле музей, китепкана сыяктуу бөлмөлөрү болуш керек деп элестетем. Музейде улуттук маданиятыбызды чагылдырган буюм-теримдер болуш керек. Ал эми китепканада манасчылардын айтуусундагы томдук китептер, Манаска арналган илимий, көркөм эмгектер болуш керек. Үйдүн сыртында майданча болуп, манасчы "Манас" айтканга, угуучулар келип үй мүйүз тарта отурганга ылайыкташып турса. Бизде эмнегедир ишти баштаган соң аягына чыкпай калуу деген жаман илдет бар. Бул нерсени айтып жатканымдын себеби, ишти баштаган соң кандай гана тоскоолдуктар болбосун бүтүрүү керек. Курулуу ишинин каржылануусу биринчи кезекте Өкмөт тарабынан болуш абзел. Ошондой эле мэрия тарабынан, андан сырткары марафон уюштуруш керек. Бул үйдү куруу туристтерди да өзүнө тартып өлкөгө да пайда алып келээр эле.

Таалай Эшпаев, БГУнун Студенттик шаарчасынын директору:
"Манас ким болгонун билбеген жаштар четтен чыгат"
- Эгемендүү мамлекет болгонубузга 20 жылдай убакыт болду. Ушул 20 жыл аралыгында жетишкен жактарыбыз дагы жана жетишпей аксаган жактарыбыз да болду. Манас тууралуу көптөгөн сөздөр жана иштер аткарылып келет. Бирок, ал иштер өзүнүн жыйынтыгын, пайдасын берип жатабы деген суроо туулат. Бул суроого жооп берүүнүн кажети жок. Ар бир адам өзү көрүп, талдап жаткандыр. Бир гана жөнөкөй мисал ала турган болсок, азыркы жаштардын "Манас" эпосун окуганды мындай кой, Манас ким болгонун билбегени кабырганы кайыштырат. Биз мындай убакта "Манас" эпосун жана башка кенже эпосторду жата калып окучу элек. Ошондуктан биринчи кезекте жаштарга таанытып, окутуу зарыл. Аркабыздан келе жаткан жаш муундар Манас жөнүндө эч кандай түшүнүгү жок болсо, "Манас үйүн" куруп коюдан эч майнап чыкпайт. Дагы бир белгилей кетүүчү нерсе "Манас үйү" эмес музей катары курулса дейм. Ал музейге барган ар бир адам өзүнө кандайдыр бир жакшы нерселерди, касиетти боюна сиңирип алгыдай болуусу керек. Мына ошол жерге барган кыргыз атуулу кыргыз экенин, Манас атабыздын урпагы экенин дагы бир жолу жон териси менен сезгидей болуусу зарыл. Кыргыз өзү толук бойдон Манас эпосун билгенде гана башка улуттун өкүлдөрүнө, дүйнө элине жүзүбүз жарык болот. Жыйынтыктап айтканда биринчи кезекте ар бир кыргыз баласы "Манас" эпосун толук билип, толук тааныганда гана "Манас үйүн" курууга убакыт өзү келет.





Кыргызча башкаруу дейби?
Абдылдаев Арстан Алай, "Эл үчүн" партиясынын лидери:
"Атамбаев да алыска барбайт"
- Арстан мырза, кыргыз элин башкарууга батыштын конституциясы туура келбейт деп жатасыз. Анда элди кандай конституциялык жол менен өнүктүрүүгө болот?
- Байыркы кыргыздын салты, ырым-жырымынын өзү конституция болуп иштеген. Кыргыз журтунун конституциясы- бул канындагы табигый мыйзамы, Теңирчилиги, жөнөкөйлүгү, көсөмдүгү, астанасындагы жайгашкан ата-тегинин арбайы, жылдыздагы түбөлүктүү орду, тегиздиги, табияты менен айырмаланат. Улуу элди башкаруу үчүн ата-тегин, жаратылышын, табитин, ырымын, улуу рухун, керемет сөздөрүн, жашоого байланышкан сырын, шыгын, менталитетин, баалап туруп башкаруу мыйзамын түптөш керек.
- Башкаруу мыйзамы демекчи, кандай жол менен башкарса болот?
- Кыргызды кантип мыйзам ченемдүү, башкарып өнүктүрүү керек, дегендин үстүндө көп ойлондум. Батыш сыяктуу кыргыз элин бир президент башкарып, өнүктүрүп кете албайт, жөн гана улуу конституция түзүп, ошол кыймылды уюштуруучу, жол башчы болуп бериши мүмкүн. Кыргыз журту дүйнө, адамзаттын, жердин мыйзамына баш ийбейт. Улуу мыйзамдын нугунда жашайт. Манас атанын урпактарыбыз. Ата-бабалардын жолуна кайтуу керек. Карманган каада-салт, тутунган үрп-адат бекеринен болгон эмес. Ушул кыргыздын нукура баш мыйзамын кайра жандандырып, келечек муундарга жол ачып, аманат катары сактап, өткөрүп берүү милдети моюнубузга жүктөлүп турбайбы.
Биздин ката жети ата теги кыргыз эмес, кыргызчылык илимин терең түшүнбөгөн эл башчыларыбызды шайлаганыбызда. Үй-бүлөө, туугандардын мамилесин бөлгөн партиялар да ашыкча. Ортодогу областтык өкмөттөрдүн пайдасы жок. Акимдерди, эл башчыларын жергиликтүү эл гана шайлашы абзел. Кызматындагы чектөө убактысы жоюлушу, эл башчылардын кол тийбестиги алынышы зарыл. Мамлекеттик деңгээлдеги маселелер, Бажы биримдиги, темир жолу, аскер базалары, кең байлык иштетүү келишимдери эл менен кеңешүү жолу менен гана чечилиши керек. Кыргыз таануу илимин билим берүү программаларына киргизүү. Кыргыздын дагы бир кырсыгып жатканынын себеби, кредит, пайыз, пеня жана ар кандай секта, диндердин кирип кеткендигинде. Алардын жоюлуусу зарыл. Сырттан келген инвестициялар-кредиттер бир жылда 5 млн. дон ашпаш керек. Медицинаны элдик (тамыр-чөп) илимдери менен айкалыштырп, жогорку деңгээлге көтөрүү.
- Азыркы бийлик элди ойлобойт дейсизби?
- Мамлекеттин өзөгү эл. Элге кеңешпей, талкууга салбай эле, ак жүрөктөнүп, кошомат кылганга болбойт. "Кожожаш" тасмасын баарыбыз эле көрүп калдык. Мына ошол тасманын айрым бир кадрларында, бийликтин орду, элдин орду, табият менен болгон байланышы, дегеле кыргыздын тарыхы чагылдырылган. Мисалы, Мергенчиликке жөнөөрдүн алдында, байбиче маселени ортого салып талкуу кылып, эли менен кеңешип жатпайбы. "Сенин белиң ката элек, сен жарайсың" дегендей сабак алсак болбойбу. 5 млн. адамдын тагдыры эмес, 1 адамдын тагдырын моюнга алыш кыйын. Ошол үчүн колдон келбесе, колду көтөрө берген туура эмес. Телевизордон, гезиттен элдин көйгөйүн экинчи орунда калтырып, чет элдик коноктор менен жолугушуп жомок айтышканын көрүп, окуп эле жүрөбүз. Азыр эл аттанып алды, көкүрөгү ачылды, көзү алысты көрөйүн деп калды. Мурун депутат 5 жылга шайланса иштейт деп ишенген. Азыр маалымат заманында кимдин ким менен дос, куда, өкүл ата экендигин жакшы билет. Эл өкмөттөгүлөрдүн жөө жомокторун укканы менен таразалап калган.
- Кыргызстан Бажы биримдигине кошулуусуна кандай карайсыз?
- Мендеги маалыматтар боюнча, Кыргызстан Бажы биримдигине кирүүсүнө эртелик кылат. Бажы биримдигине өтүүдө өзгөчө "Дордой", Кара-Суу базарында 500 000ге жакын үй-бүлөө багып, соода кылып олтурган соодагерлерге, товар ташыгандарга, айдоочуларга, Кытайдын арзан кездемеси болгон үчүн майда кийим тигүү цехтеринде иштеп жаткан канчалаган кыз-келиндерге, дыйкандарга, араба түрткөндөргө, акча алмаштыруу жайларын иштеткендерге, кыргыз элине салык төлөп, жакындарына жардам берип үй-бүлөсүн баккандарга кыйын болот. Азыр 1500-2000 долларга чет элдин унаасын минсек, Бажы биримдигине киргенден кийин 10000,12000 долларга Нива, Жигули машиналарын минип калабыз. 5 сомдук калем 25 сом болот. Курулуш материалдар, Кытайдан келип жаткан пластик терезелер, брон эшиктер, башка товарлар бир канча эсе кымбаттайт. Мугалимдер, медиктер айлык алышы мүмкүн, бирок Россияга белибизден карыз болуп калабыз, чек араларыбызга комиссия кийлигишет. Баардык тармактардан түшкөн пайданын 80%ы Россияга кетет. Соода тармагы менен күн өткөзүп келген миллиондогон элибиз мигранттардын жаңы өтө көп агымын түзөт да мамлекет мамлекеттүүлүгүн жоготуу коркунучуна келет. Түркмөнстан, Өзбекстан, Тажикстан бажы биримдиги жок эле оокаты өтүп жатат."Карганы туурайм деп каздын буту сыныптыр"- демекчи, коңшу Казакстанды туурайбыз деп мамлекеттүүлүктөн ажырап калышыбыз толук мүмкүн. Белгилүү саясатчы, академик Евгений Примаков "Известия" гезитине "Кыргызстан Бажы биримдигине кириши эрте" деп жазып чыкты. Эгер Кыргызстан Бажы биримдигине кирип кетсек коңшу Өзбекстан, Тажикстан да жабыр тартат. Товардын көпчүлүгүн алар бизден ташып кетип жатышат. Биз өзүбүзгө эле кыянаттык кылбай, коңшу мамлекеттерди да аксатып кетебиз. Бажы биримдигине кирүүнүн алдында 10 жолу ойлонолу, толгонолу, акылга салып Кыргыз мамлекетинин, элибиздин, келечегин ойлоп чечим чыгаруу керек. Нейтралдуу позицияны кармап туруу жападан жалгыз жол. Кыргыз журтуна шайлоо, батыштын мыйзамдары же Бажы биримдиги эмес, жашоонун чындыгы керек болуп турат.
- Азыркы саясатчылардын чындыгы сизге кандай таасир калтырууда?
- Башта айтпадымбы, биздин муундар бир эле суроо менен эмес, көп суроолорду берип жарга такайт. "Адахан Мадумаров, Кубанычбек Исабековдор Каркыраны сатып жатканда кайда элеңер?" - деп дебатта сурагандай, Бажы биримдигине кошулуп жатканда, батышты ээрчип, президенттик, парламменттик башкаруу, баш мыйзам туура келбей, кыргызга жакпай жатканда кайда элеңер? - деген сыяктуу суроолорго жооп бере алабызбы? Эгер эл бийлигин элге, эл байлыгын элге берип, элге талкууга салганда, эл чечет эле да булардын тагдырын. Азыр тескерисинче, элдин тагдырын, жердин тагдырын бир ууч алысты көрө албагандар чечип жатат. Кыргыздын нукура конституциясын кабыл албаса Атамбаев да алыска барбайт. Нукура конституцияны кабыл алгыла, азыркы конституцияны өзгөрткүлө деп эки жолу пресс-конференция бердик, эми митинге чыгалы деп жатабыз. Эмелеки бийликтегилер мурун Акаевдин куйругу болуп шыйпаңдаса, кийин Бакиевдин куйругу болуп кыймылдап тургандар айласы кетип орустун койнуна кире калалы деп жатышат.
Мээрим Айталиева






кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??