Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Бакыт Жетигенов 1966-жылы Чүй районунун Сайлык айылында жарык дүйнөгө келген.Билимди Бишкектеги Спорт интернатынан алган. Үй-бүлөлүү, эки уул, бир кыздын атасы.
Бакыт Жетигенов, ЖКнын депутаты:
"Жогорку Кеңеште "эркекче сүйлөшүү" деген болбойт"
- Куранда дагы "Биринчи Алланы, анан ата-энеңди эсте" деп айтылат, сиз өзүңүздүн ата-энеңиз тууралуу эмне айта аласыз?
- Ата-энем азыр пенсияда. Атам айылда сельсоветте иштеген. Өзү сүрөттү абдан жакшы тартат. Апам болсо медицина кызматкери болгон.
- Казинону жабуу маселесин көтөрүп чыкканыңызда "арам" деген сөз абдан көп кайталанган, сиз намаз окуйсузбу?
- Жок, намаз окубайм. Биз баарыбыз эле Кудай деп жүрөбүз, коркобуз да. Азыр көп жаштар мечитке барып, намазга жыгылып, даватка чыгышууда, бул жакшы. Казинону жабуу "оюн клубдарын" жабуудан башталган, себеби, балдардан баштап, чоң кишилерге чейин азгырылып ойноп кетишип, акырында тагдырлары талкаланып калып жатышпадыбы. Айрымдар айткандай, туугандарым же өзүм кумар оюнун ойноп, утулуп калгандан бул маселени көтөрүп чыккан жокмун, Кудай сактасын!
- "Бизди ким жараткан?" деген суроо качантан баштап түйшөлтө баштады эле?
- Биз союз учурунда окугандыктан, "Кудай жок" деп жүрбөдүкпү, чоң ата, чоң энелерибиз "Ок, андай дебе" деп урушчу эле го. Бала кезде мисалы кадимки эле көз айнекти көрсөтүп, "Муну адам жасап жатса, кана Кудай?" деп, баарын жомок деген күндөр дагы болгон. Мен Кудайдын бар экенин жакыныраак биле баштаганыма 11 жылдай болуп калды. Куранга кызыгуум алгач Библиядан башталган. Көрсө, Дарвиндин теориясы болбогон нерсе экен, мисалы, крокодилдер канча миллион жылдардан бери эле өзгөрбөй жүрбөйбү. "Манас жаңырыгында" дагы документалдуу фильмдерде "бул теория, бул чындык" деген көрсөтүүлөрүн көрүп отуруп дагы Кудайдын бар экенине ынандым.
- Кандай максаттарыңыз ишке ашып, кандай максаттарыңызга жете элексиз?
- Мурда максаттар дагы көп эле. Чынын айтсам, саясатка аралашам деген оюмда жок болчу. Бирок, ошол эле кезде кумар оюндарына тыюу салуу керек деген ойлор бар болчу. Мурда мен Жогорку Кеңешке келе электе, "Эмнеге саясатчылар муну көрбөйт, тигини карабайт? Баштары иштебейби, көрүп турат, оңдосо болбойбу?" дечү элем. Бул жакка келгенден кийин анын ар кандай себептери көп экенине күбө болдум.
- Кээ бир депутаттар ачык эле саясат алар үчүн эмес экендигин, саясатка даяр эместигин айтышкан эле… Сизде "Эмнеге келдим экен?" деген учурлар болдубу?
- Андай болгон жок. Саясатта "эркекче, жигитче сөз айттың, демек, аткарылышы керек" деген принциптер жок экен да. Башында келгенде таң калып жүрдүм. Бирөө бирди айтат, башканы кылат. Азыр кичине көнүп келатам, бул боло турган иш экен.
- Ошол "Айтылган сөз, атылган ок" болуп ишке ашпагандыгы үчүн бизде көп башаламандыктар болуп жаткан жокпу?
- Ошондон. Айтылган сөздү кылбагандан болуп жатат баары. Шайлоо болобу, балакети болобу, "тим эле шумдук кылабыз" деп сөз менен элди жыргатат эмеспи. Анан келгенде элди унутуп калат. Эгер айткан сөздөрүн ишке ашырышса, Кыргызстанда жылыш болмок. Саясатта эми билишимче, бу мындай экен да. Саясатчылар бул жакта Келдибековдун жасаганынан дагы жаман иштерди кылгандар көп. Алардын жаман иштери толтура. Анын убакты-сааты келгенде алып чыкчулар минтип алып чыгышат экен.
- Бийликтен кетирүү учуру келгенде алып чыгат дебейсизби?..
- Ии, убакты-саатын күтүшөт. Саясатта өзү ушундай экен. Эми Келдибеков спикер болгондон кийин өзү "повод" бербеши керек эле. Ал мамлекеттик өз ордун таза кармаса болмок.
- Ачык айткан адам тепкиге калаарына көп эле учурда күбө болуп келатам, коркпойсузбу?
- Кудайдан гана, башка корко турган эч нерсе жок. Башка нерседен коркосуңбу, жокпу, Кудай кандай кылам десе ошондой болот да. Бут тосуулар болду. Мага өзүмө түз чыга алышпай, казинолордун ээлери досторум аркылуу акча сунушташып, соодалашууга барууга аракет кылышты. Криминалга тиешеси бар үч-төрт казинонун ээлери өздөрүнүн балдары аркылуу мага бирөөнү жиберип, "токтотуш керек" дешкен. Алар берген акча менен мен 5-6 жыл кенен, тынч жашаганга дагы болоор эле. Бирок, мен акырына чейин бардым. Азыр тааныштарым айтат "душмандарды башыңа үйүп алып кантип жүрөсүң?" дешип, чын эле көп душманды башыма үйүп алдым. Бул жерде чынында миллиарддаган акчалар айланат да.
- Бала кездечи, эменеден коркчу элеңиз? Мисалы, мен караңгыдан коркчумун…
- Мен дагы караңгыдан коркчумун. Бала кезде достор менен киного барып, кайра үйгө келатканда көчөнүн айрылышынан бөлүнүп кеткенде, чуркаган боюнча үйгө келээр элем. Анткени, мүрзө биздин үйдүн ары жагында эле. Колхоз эккен жүгөрүлөр дагы шуудурап шумдуктуудай үн чыгарып турчу.
- Негизи кандай бала элеңиз?
- Жоош эле болчумун. Бала кезим тынч өттү. Искрада 5-класска чейин окудум, кийин бул жакка Спорт интернатына тапшырдым. Мектепте орто эле окудум. Биз бала кезде динамикалуу оюндун түрлөрү көп эле: топ таш, чүкө атмай, ордо, ляңги дегендей. Кээде кыздар менен мак ойночубуз. Азыр балдар андай оюндарды ойношпойт, баардыгы компьютердик оюндарды ойноп отурушат, менин оюмча, бул баланын өсүүсүнө терс таасирин берет.
- Келинчегиңизге кантип баш кошуп калдыңыз эле?
- Достор менен туулган күнгө чогулуп отуруп, таанышып калдым. Адамды мамилеси тартат эмеспи, мага анын өзгөчө мамилеси жаккан. Сүйлөшүп жүрүп бир жылга жетип-жетпей үйлөнгөнбүз. "Айды алып берем" дебей, акырын даярдап, колун сурап анан үйлөнгөнбүз. Биз жаңы үйлөнгөндө балдарыбызды колубузга көтөрүп алып, квартирадан квартирага көчүп жүрүп жашадык. Азыркы жаштарга чынында кыйын, илгери союз ар бир адамга кепилдик берчү, ар ким колхоз-совхоздо иштесе дагы жанын бакчу. Азыр андай эмес. Көп жаштар сүйүүнү кинодогудай элестетип алышып, баш кошушат, "бытовой" турмуштун жүзүн көргөндө, көбү сынышат. Биздин деле башыбыздан өткөн, кээде урушуп кетесиң, бири-бирибизге таарынуулар болгон. Ошондой оор кырдаалдарда чыдап коюу керек.
- Кимиңер көбүрөөк чыдадыңар?
- Келинчегим көбүрөөк чыдады. Келинчегим Таластын кызы.
- Балаңызды качан үйлөнтөйүн деп жатасыз?
- Азыр уулум жумушка жаңы эле орношту. Мен ага "кое тур, бир жылча иште, анан үйлөн" деп жатам. Уулумдун сүйлөшкөн кызын ала качып кетиптир, же ал тууралуу мурда-кийин мага айтпайт, өз ичинен эле кыйналып жүрө бериптир, Мен аны же байкабайм. Эми үйлөнтөйүн десем, үйлөнө турган кызы жок го.
- Сиз сыртыңыздан токтоо, жайдары, кенен адам көрүнөт экенсиз, жиниңизди кандай учурда чыгарасыз?
- Учуру келген жерден чыгарам. Менин мүнөзүмдү баары эле билет, сөзгө дагы бай эмесмин. Бирок, мага жакпаган кырдаал болуп кетсе, тез эле от алып кетем. Бирок, табиятымдан урушчаак эмесмин.
- Үй-бүлөңүзгө канча убакыт бөлөсүз, балдарыңыз менен мамилеңиз тыгызбы?
- Мен балдарга өтө эле "строгиймин", көбүнчө энеси менен сүйлөшүшөт.
- Жогорку Кеңешке кандайча келип калдыңыз?
- Былтыр тааныштар "Сүйлөшүү керек, көрүү керек" деп калгандарынан шайлоого катышып калдым.
- Акча бердиңизби партияга?
- Жок, бир тыйын берген жокмун. Кээ бирөө ишенет, бири ишенбейт. Мен Куловду таптакыр таанычу эмесмин. Кийин шайлоонун алдында гана жолугуп, Спортчу тааныш балдар менен чогуу жардам берели деп чечтик.
- Бизнесиңиз барбы?
- Мурда казак достор менен автобизнес кылчумун, эми азыр бул жакта иш көп.
- Ичип-жегендин жолун өздөштүрө баштадыңызбы?
- Бул жерде акча жок. Балким мурдагы "карышкырлар" бардыр, мүмкүн алар кантип жештин жолун билет. Мисалы, мен Жогорку Кеңештен акча көргөн жокмун, Өкмөттө болушу мүмкүн.
- Көп билимдүү-илимдүү, иштин көзүн билген жаштар Кыргызстандан "сынып" анан чет өлкөлөргө кетишүүдө. Кантип аларды кайра өз өлкөбүзгө тартууга болот?
- Мен дайыма айтып келем, жаштар бузула элек. Ошондой жаштарды мамлекет тартуулары керек. Азыр айтсам, улуу муун таарынып калуулары мүмкүн, мисалы, аларга эч нерсенин кереги жок, көнүмүш адат менен отурушат, эптеп "араба сынба, өгүз өлбө" дешип. Ашыкча идеянын кереги жок. Баштарын оорутуп, аракет кылып эмне кажет? Жумуш орундары бар, акчасы, запасы бар дегендей. Мурда Спорт агенттиги ушундай жер болчу, башка жактан тааныштарын алып келип коюшуп, "Сен туруп тур, тигил жактан орун болуп калса ошол жакка барасың" дешип, же ошол жактан пенсияга чыгарышчу. Ошол жерде спортко күйгөн жаш балдар отурушса, спорт өсмөк. Араң-араң былтыр стипендияны көтөрүштү. Азыр спортко таптакыр жардам жок. Мисалы, мен былтыр Спорт интернатына жардам берип, чуркап жүрүп бюджеттен 47 миллион сом бөлдүрүп, ремонт болду, азыр көрөсүңөр сонун болуп калды. Мурда интернат атканадай эле. Ал жерден Данияр Көбөнов, Руслан Түмөнбаевдерге окшогон мыкты спортчулар чыккан. Мен дагы спорт күйөрманымын, "Эркин күрөш" федерациясынын вице-президентимин, убагында күрөш менен катуу машыкчумун. Азыр болсо өзүм үчүн машыгам, стрессти жоготууга жардам берет.

Маектешкен
Азима АКУНОВА








кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??