Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Жекшенкуловдун жардамчысы кутулду
Ала-жазда баш прокурор К.Байболов башында, Ө.Бабанов кашында турган "Мегаком" чатагы эсиңерден чыга элекпи? Эстедиңер ээ. Мына ошол чуулгандуу фактыда "Акыйкатчы" А.Жекшенкуловдун жардамчысы Рашид Коптлеуовдун да ысымы аталып, (Компаниядан оңбогондой каражат алган таризинде айыпталып) бир кезде шефи жаткан УКМК жер төлөөсүнө жатып чыккан. Албетте, айыпсыз негизде. Бир жылга жакын соттук процессте Аликенин жардамчысына коюлган айыптардын бири да далилденбей, өткөн аптада Бишкек шаардык соту тарабынан толук акталды. Буга дейре да ушул эле иш менен Биринчи Май райондук соту тарабынан акталган. Керек болсо соттук көрсөтмөдө "Акыйкатчы" жигиттер компанияны карактабай эле коргоп бергендиги тастыкталган. Ошентип саясий буюрутманын курмандыгына айланган казак Коптлеуов кутулуп, кудуңдап жаткан учуру.


"Мурас" курултай өткөрөт
Айтылуу Аскар Салымбеков башында турган "Мурас" партиясы акырындык менен алдыга умтулуп баратат. "Мурас" башка партиялардан өзгөчөлөнүп, ишмердүүлүгүн башка нукта баштады. Мурдагы аттуу-баштууларды мындай коюп, билимдүү жаштарга эшик ачып туру. Алгач партия түзүлгөндө эле, анын негиздөөчүсү кыргыздын эң байы жана эң жөнөкөй адамы аталган Салымбеков экенин билген саясат талдоочулар, эмки парламенттик шайлоодо жеңип, өкмөттү башкарып калчуу партиялардын бири болорунан шектенишпегенин айтып чыгышкан. Баса, 23-декабрда партия өлкө боюнча делегаттарды чакырып курултай өткөргөнү турат. "Мурастын" ураасын эми көрөбүз.


ТИМдеги тим койчу саясат
Соңку убакта бир катар маалымат булактарында ТИМ министри Руслан Казакпаевге байланышкан балит иштер калкып чыгууда. Андай балит тизменин катары дагы бирге калыңдады. Алсак Казакпаевдин бакандай эки орун басарлары Айтмурзаев Нурлан менен Кемелова Динаранын кылыктары эле "расса" кызык экен ээй! Айтмурзаев ТИМдеги кадырлуу (майкөл-сүткөл) креслону уулуна кучактатса, Динара айым Нурлан коллегасына эрегишкенби, андан кем калышпай күйөөсү Молдагазиев Рыспекти Кыргызстандын Япониядагы кызматына дайындаткан. Буларың мамлекеттик кызмат жөнүндөгү "этиканы" уруп да ойношпогондугу дал ушул жерден көрүнүп туру. Минте берсе ТИМ чакан үй-бүлөлүк топтун гана кызыкчылыгын көздөгөн органга айланып калбайбы? Көрдүңөрбү министрлик менен андагы жетекчилик өз милдеттери менен алектенбей, үй-бүлөлүк башкарууга эчак өткөн десек ишенбейсиңер… Мырза Казакпаев кай тарапты кароодо? Же "Бармак басты, көз кысты" саясаты менен алекпи?


"Ар-Намыстын" арамзалары"
"Ар-Намыс" фракциясына жарака кетирип, Куловду сатып кеткен 10 депутаттын артынан айтылган кептин этеги тыйыла элек. Адегенде буларды бөлүп-жарганга Атамбаевдин атантөөдөй эмгеги бар дешти эле, ушунданбы айтор, 10 депутат бийликке кошулабыз деп чыгышкан. Мунун кол кесерине бийлик бу 10 депутаттын жакындарына кызмат берген. Алар тууралуу эмкиде кеп болор. Кийин Келдибековдун кеңсесинен кулактары көрүнө баштады. Билишибизче Акмат мырза 50 миң доллар ыргытып, ушундан жазбагыла да мени колдоп жүргүлө кыязын кылган экен. Ар бири 5 миң доллардан бөлүп албай, 3000-4000ден бөлүшүп, артканын ортого таштап, гезит-телеге рекламалаганга жумшайбыз дешет. Муну Рыспаев дегени туура эмес түшүнгөнбү Абдрахманов менен айтышып, муштум түйүлүп чырдашып тынышкан дейт. Кечээ Келдибеков ээрден эңшерилип атканда Алайлык акаси Абдрахманов менен афганчы Рыспаев гана ортодо чабалактап жүрүштү. Калгандары СДПК депутаттарынын айланасында "жем сураган тооктой" желпектеп турушту. Анан ойлойт экен киши буларга позиция, намыс эмес жан бакканга бийлик эле керек окшойт деп.


Аял депутаттардын разборкасы
Ширин Айтматова деген депутат бар, ар кайсыны бир айтып, акүйдө неге жүргөнүн билбеген. Же депутат болуп орчундуу маселе көтөрсө не. Ушу кыз депутаттар Мамырова, Нарматова Келдибековдон акча алганын интернет булагына жазып жиберип азыр каарына калып аткан чагы. Келдибековду кызматтан кетирген күнкү сессияда Надирова тарсылдаган неме экен, Ширинге келип аркы-берки элди карабай туруп айкыра бир тийди. Акча алганымды далилдеп бер, болбосо сотко берем. Бирөөнү коюп өзүңдү алып жүргөндү үйрөнбөйсүңбү деди. Кийин 6-кабаттагы ажаатканада айымдардын разборкасы болду окшойт, Надированын айкырган үнү угулуп атты. Унитазга отуруп алышып да ушинтип сүйлөшөбү дешти уккандар.


Кыска мөөнөттөгү экономикалык өсүш
Эске сала кетсек, "ЕврАзЭС" антикризистик фондунан Кыргызстанга 106,7 миллион доллар өлчөмүндө кредит бериле тургандыгы тууралуу маалымат кеткен. Бул акча каражаты Кыргызстанга келиши үчүн документтер 2010-жылдан тарта эле даярдала баштаган. Ар кандай шарттар менен али күнчө колго тийбей келген бул каражат быйылкы жылы да казынага келип түшкөн жок. Мунун бирден-бир себеби Ө.Бабанов жетектеген экономикалык тармактын өсүшү өтө тездик менен байкалгандыгында болду. Маселен, акыркы 10 айда ички дүң продукциянын көлөмү 9 пайызга, өндүрүштүк өсүш 27 пайызга көтөрүлгөн. Андыктан аталган фонд өлкө ичинде мындай өсүш болуп жатса, анда кредитке байланыштуу анча-мынча иштерди кайрадан карап чыгууга туура келерин билдирген. Демек, бизге келүүчү кредиттин суммасынын көлөмү азайышы да мүмкүн. Бирок, мындай жагдай бизге эч кандай коркунуч туудурбайт. Анткени, өлкөнүн ички экономикасынын өсүшү бардыгынан жогору турат. Сырттан келүүчү акча каражаттарына көз каранды болбостон, ички экономикабыздын көтөрүлүшүн камсыз кыла алган өкмөттүн ишине оң баа бербеске аргабыз жок. Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында мынчалык кыска мөөнөттө ички экономикалык өсүш жогорудагыдай көрсөткүчтөргө жеткен эмес.








кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??