Адамзатта аты улук, Манастап ураан чакырдык
- Манас Атабыздын үйүн курсак болобу?
Эгемендик алганыбызга 20 жыл өтсө да улутубуздун уңгусу, сыймыгы болгон Манас атабызга алгылыктуу мамиле, сый-урмат кыла албаганыбызга өкүнүп келебиз. Эмгиче борбор калаабызда Манас атабызга арналган үй жок экенине, куралбаганыбызга аттиң дейбиз. Эми да кеч эмес. Андыктан редакторубуз Керим Айдаровдун сунушу менен "Асман пресс"
гезити ушул маселени көтөрүүнү чечти. Адегенде коомчулуктун оюн билели дедик.
Андан соң максатыбыздын пайдубалын түзүүгө аракет болоор.

Анарбек Усупбаев, "Манас Ордо" коомунун төрагасы;
"Манасчылар намаз окуганча Ордого барып Манас айтсын"
- Силердин гезиттен окуп калдым "Манас үйүн" куруу демилгесин көтөрүп жатыпсыңар. Элдин көбү колдоп аткан экен. Мен ойлойм, эми бул "Манастын үйү" деген уят иш да. Мына өзүңөр билесиңер "Манастын ордосу салынган, болгондо да ал туура эмес жерге салынган. Акүйдүн айлана-чөйрөсүнө салса болмок. Ошол учурдагы башкарып тургандар эл барбасын деп тээтигил жакка алып барып салган. Манастын эстелигин аянтка койду. Бул эмне деген эстелик, уят тим эле. "Манастын үйүн" курбай эле "Манастын ордосун" жакшынакай кылып иштетсек болот. Эми жанагы Бакчиевке окшогон манасчылар беш маал намаз окушат. Күнүнө бир жолу убактысын болжоп барып Манас айтып койбойбу андан көрөкчө. Анан эл барат эле да Манас укканы. Былжырашып бир нерсени айтышат, өздөрү түшүнбөйт. Туура эмес да. Манасчылар намаз окуганча Манас ордосуна барып Манас айтсын, туурабы. Тарых музейиндеги Лениндин баарын алыш керек. Октябрь революциясы деген былжырларды алыш керек. Ал жөөттөрдүн идеологиясы. Кайдагы бир жөөттөрдүн сүрөттөрүн коюп алып сыйынып олтурабыз, ал туура эмес. Ошондуктан музейдин бир капталып Манаска бөлүш керек. Ар кайсы жерге кура берсең анын баары акча да. Курган соң аны да караш керек болот.


Илич Темирбек уулу, И. Арабаев атындагы КМУнун окутуучусу;
"Биринчиден каражат маселесин чечип алуубуз керек"
- Албетте " Манастын үйү" керек бизге. Ал үйдүн салынышы үчүн биринчиден каражат маселесин чечип алуубуз керек. Себеби, дегенде баары келип акча маселесине келип такалат эмеспи. Ал үчүн мамлекет башчысы, Жогорку Кеңеш жана ар бирибиз өз салымыбызды кошуубуз керек. Манастын жети осуятын ар бирибиз туу тутуп, осуят аркылуу бир аз да болсо тарбиялансак кандай сонун болоор эле. Манастын эстелигинин аянтка коюлганы жакшы болду. Ал эми ички жасалгасына келе турган болсом манасчылардын айкелдери, алардын китептери жана изилденген илимий эмгектердин баардыгын, Тарых музейиндеги Манас атабыздын колдонгон курал-жарактарын киргизиш керек. Дүйнө эли ошол "Манастын үйү" аркылуу кыргыз эли ушундай баатыр, акылман эл болгон экен деген көз караш калыш керек. Мен колдойм.


Манастан үзүндү
Алтайдагы кыргыздын
Акылманы Балта экен,
Жазы жаак, жалпак тил
Жаңылбаган чоң чечен.
Бала каздай баркылдап,
Ак сакалы жаркылдап,
Абаң Балта кеп баштайт,
Акырын сүйлөп, бек таштайт:
"Журт башчысы өлгөндө,
Кызык кылып биздерди
Кытай, калмак бөлгөндө,
Бирөөбүз кеттик Эренге,
Бирөөбүз түшүп кеттик тереңге.
Бирөөбүз кеттик Каңгайга,
Бирөөбүз келип тыгылдык,
Мына бул кара калмак Алтайга.
Уламадан уласак,
Билгичтерден сурасак,
Ала-Тоону жер кылып,
Жүргөн кыргыз бар дешет,
Алоокени алышып,
Сүргөн кыргыз бар дешет.
Бул Алтайда жериң жок,
Бет алышып салышсак,
Белге таңуу кылууга
Белгилүү кыргыз элиң жок!
Кара тааңдай кол келсе,
Калайман баштап мол келсе,
Кандай айла кылабыз?
Катылдык калмак, манжууга,
Алтайга кантип турабыз?".
Кашкардын жолун айланып,
Баягы келген Бай абаң
Арманын айтты мынчалык,
Арылбай башы санаадан.

Гүлзат САДЫРБЕК кызы



Сагынаалы Субаналиев, Б.Бейшеналиева институтунун ректору:
"Силердин гезитиңерге рахматымды айтам"
Газетабыздын Өткөн санында "Институттагы иди пошел" деген макала жарык көргөн эле. Макалада маданияттын башкы булагы болгон Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунун студент кыздарынын ортосунда келишпестиктер жөнүндө жана салык салуу, коркутуп үркүтүү боюнча айтылган. Ал туурасында институттун ректору С. Субаналиев агайды кепке тарттык.
- Айтсаңыз агай, өткөндө жогорку курстун студент кызы, өзүнөн кийинки студенттерге салык салып, тартип бузуп жүргөндүгү туурасында айтылган эле. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар жана жетекчи катары буга кандай чараларды колдондунуз?
- Мен ушундай майда крим чөйрө менен аралашкандарды, жеке өзүмдүн оюма койсо аттырып салат элем. Өзбекстанда машинаны айдап качууга мына ушундай мыйзам чыгарган экен. Мен да ошондой катуу жаза колдонмокмун. Силердин гезитке чыкканынан, мен аны ушак катары карап жаткан элем. А бирок азыр рахматымды айтам. Себеби, силердин гезит болбосо мен мындан кабардар болбой, ал эми биринчи курстун студенттери айтпай жүрө берип, кийин чоң каргашага айланып кетмек экен. Гулзинат аттуу бешинчи курстун студенти мындай ишке аралашмасы бар экендигин жана чын эле коркутуп салык салып, жаштар иче турган ичимдик "Ягуар" алып келгиле деп коркутуп жүргөндүгү чын экени так бышыкталган соң, аны окуудан четтеттик. Ошондой эле бул кызга көмөк көрсөтүп жүргөн экинчи курсунун студент кыздарын жатаканадан чыгардык жана эскертүү бердик. Гулзинатка буга чейин тартип бузгандыгы үчүн мурда эле эскертүү берилип, жатаканага кирүүгө тыюу салынган эле. Бул кыз балкондон кирип жүргөндүгүн эми билип отурабыз. Эгер силер жазбасаңар жара ырбай бермек экен.

Жаз-Айым Айдекова




Бабанов баш министр болобу?
Азыр эки киши жолукса эле ким премьер-министр болот дегенди талкуулап жатат. Алардын катарында Өмүрбек Бабанов да бар. Биз төмөндө айрым атуулдарыбыздан пикир сурадык.
Руслан БЕКНАЗАРОВ, "БЭК" партиясынын тентөрагасы:
- Мурда Өмүрбек Токтогуловичтин ишмердүүлүгүн билбесек да, Айдар, Максимдин досу катары таанычубуз. Азыркы күндө катуу такшалган саясатчылар катарына кирип калганы жашыруун эмес. Ким менен болсо да, тил табышып кете алат. 2009-жылдагы шайлоодо КСДП курамында болуп, аны жетектөөчүлөрдүн бири болгон. Мына ошол шайлоодо, анын күңгөй-тескейлерин жакшы түшүнүп калгандыгын, былтыркы парламенттик шайлоодо далилдеди. 7-апрелден кийин "Республика" партиясын түзө калып, анын курамына капчыктуу жаштарды тартууга жетишти. Үгүт иштерин да кандай чагылдырууну туура түшүнгөндүктөн жаңы гана түзүлгөн партия маарага биринчилердин катарында келди. Кечээки эле президенттик шайлоо учурунда премьер-министрдин милдетин аткарып, өзүн жакшы жагынан көрсөтө алды десек болот. Талапты кое билген, акчаны кайдан табуу керек экендигин түшүнгөн адам гана өкмөт башчылык үлкөн кызматта отура алат. Өмүрбек мырзанын тарыхта өз атын алтын тамгалар менен калтырып, ийгиликтин туу чокусуна жетүүгө толук шансы бар. Жогоруда айтып өткөнүмдөй эле, ким менен болсо да тил табыша ала турган артыкчылыгы менен акчаны кайдан табууну билгендиги аны ийгиликтерге гана жетелей алат. Эгер, Өмүрбек мырза аталган артыкчылыктарын Кыргызстандын келечеги үчүн, анын экономикасынын өнүгүшү үчүн жумшай алса, келечек муунга үлгү боло турган тарыхый инсан болуп калат.
Нурлан КАЛЫБЕКОВ, Кыргызстан жазуучулар союзунун жооптуу катчысы, акын:
- Бабановду мамлекеттик кызматка келгенге чейин бизнестин ичегисине кан куя билген ири ишкер катарында таанычубуз. Бизнесмендерди материянын эң чоң көзүрлөрү деп койсок да болот. Кырдаалга жараша иш кыла билет, капиталды уюштуруу жөндөмүнө ээ. Анан саясатка баш бакканда да кырдаалды туура баалап, туура кадамдарды жасай ала тургандыгын көрсөттү. Буга мисал катары, былтыркы парламенттик шайлоодон кийинки коалиция курамын түзүүдөгү салымын айтсак болот. Башка партиялар түзө албаган коалицияны Бабанов мырза түзө алды. Демек, мурдунун учунан алысты көрө алат. Экономикалык билими жетиштүү экендигин билебиз. Жетиштүү болбосо, ири бизнестин ичегисин чубап, бүгүнкүдөй денгээлдеги бай адамдардын катарында болмок эмес. Мына ошондой жогорку билимдүүлүгүн, экономикалык ишмердүүлүгүн, талантын эми мамлекеттин кызыкчылыгына оодара алса, анда чоң ийгиликтерди жарата алат.