Жумалиев жүдаа куу экен
Акаевдин кезинде "колго суу куйган балага окшош" болуп жүрүп эле элдин бир топ байлыгын энчилеп алып, аны Бакиев заманында жертөлөгө катып жүргөн белем айтор, Кубанычбек Жумалиев эми байлыгын четинен чыгара баштады. Өткөн жылы завод ачкан эле. Быйыл кафе-ресторандарды ишке киргизип баштады. Борбордун чок ортосундагы С.Ибраимов-Москва көчөсүндө жайгашкан айтылуу Максимдин "Комфорд" дүкөнүнүн жанында "Саябан" аттуу театр кафе ачып атыр. Эми сырткы, ички жасалгасы эле бир мынча доллар турат. Бул кафе жайгашкан имараттын баасын айтпай эле коелу. Бу Жумалиевиң жүдаа куу киши экен деп атам. Акаев бийликтен куулуп Бакиев такка отурганда шалдыраган "Нива" минип, балбыраган кийим кийип жүдөгөн бир байкуштай жүрүп калган эле. Көргөндөр бийликте жүрсө да эч нерсе жеген эмес экен деп боор ачышкан. Ананле революциянын шаан-шөкөтү бүтүп, Бакиевдин акыркы жылдарында байлыгы бар экенин көрсөтө баштады. Кийинки революциядан кийин же Атамбаев заманында минтип завод-ресторандарды салып, баягы байкуш "Нива" жок, кымбат баалуу "Лексус" минип (жубайы Роза Аманова да "Лексус" минет), баягы балбыраган кийим жок. Акаевдин жакын кишилеринен сурасак, "о-ой эң көп байлык топтогон ушу болгон" дешет. Жумалиевдин жүдаа кууланганын ушинтип көрүп оозубуз Ошту карап туру.


Атамбаев баспайм дегенин миң басабы?
"Ат баспайм деген жерин миң басат" дейт кыргыз. Анын сыңарындай биздин ажолорубуз ажо болгонго чейин кылбайбыз дегенин, болгондон кийин миң жолу кылышат. Дегеним, Атамбаевге кечээги шайлоодо, инаугурацияда бир кезде аксакалдар эмес "ахшакалдар" деп сөккөн аксакалдар керек болуп, аларды төргө отургузуп, батасын алды. Мамбет авабыз болсо Атамбаевдин инаугурациядагы сөзү аябай жакты деп тамшанып отурат жарыктык киши. Атамбаевдин "ахшакалдары" бүгүн кайрадан аксакал болуп отурушса, анда ахшакал ким болуп калат деп башыбыз маң болуп турат. Айтканын эки кылган эки ажобуз бүгүн элинен безип жүрбөйбү. Өткөндү качан эске алабыз ыя.


Ташиев карыз дейби?
Шайлоо да болду, анын эртеси эбак эле болду. Бирок шайлоодон жеңишке жетип шапар тепкен Атамбаев эле болду. Анан шайлоодо карыз болбой, кызматкарлеринен да, офистеринен да кутулган Атамбаев менен Мадумаров гана болуптур. Калганын карыз каптап араңдан кутулуп аткан кербези. Капчыгы калың, барандуу жигит деген Ташиев да 10 млн. сом карызга батып, борбордук штабынын жылуулукка кеткен чыгымын төлөй албай жатыр дейт. Ал ортодо кан досум деген Келдибеков келиштирип туруп кидать эткени Камчыкеңдин төбөсүнө балта менен чапкандай эле болду. Ошон үчүн үйүндө жуурканды чүмкөнүп апта ашык жаткан тура деп атабыз. Камчыкеңдин минтип карыз болуп калганына караганда башкаларга окшоп Бакиевдерден акча албаган окшойт, болбосо Адаханга окшоп баарынан кутулуп, кагынып-силкинип чыгып кетет эле да.


Сандар сайрайт
Жаратылыш ресурстар министрлиги салык төгүү боюнча биринчи орунда. Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтарына караганда 2011-жылдын он айынын көрсөткүчү боюнча тоо-кен иштетүү тармагынан түшкөн салыктын көлөмү мамлекеттик бюджетке түшкөн баардык салык кирешелеринин 26,3% түздү. Маселен Жаратылыш ресурстар министрлиги 2010-жылдын алгачкы он айы боюнча 4 970 072,4 миң сом салык берип, бюджеттин 24,3% жапкан болсо, 2011-жылдын он айында 6 489 526,6 миң сом салык төлөп, ал бюджеттин 26,3% түздү. Ал эми энергетика министрлиги ошол эле мезгил боюнча 2010-жылдык бюджеттин 2,7% же 552 944,8 миң сом, 2011-жылга карата 2,3% же 569 953,6 миң сом берген. Транспорт жана коммуникация министрлиги 2010-жылы 10,7% же 2 188 426 миң сом, 2011-жылы 10,3% же 2 529 008,9 миң сом берген. Улуттук банк 2010-жылы 4,9% же 991 246,7 миң сом, 2011-жылы 6,0% же 1 488 859,2 миң сом бере алган. Так что Жаратылыш ресурстар министрлиги иштеп атат эй.


Турдумамбетов Акүйдө
Жаңы өкмөт куралат дегенден бери эле Акүй ичи аламан боло баштады. Эски бийликтеги экстер депутаттардын эшигин сагалашат. Бакиевдин "менчиктештиргич" министри Турсун Турдумамбетов деген неме бар эмес беле. Убактылуу Өкмөт кылтака илип сурака да алган эле. Кыйла кылмыш иши кылайып чыгып келатып эле анан ооз басылды да калды. Ошо киши эми кайрадан Акүйдү аралай баштады. Өткөн апта Мыктыбек Абдылдаевдин кабылдамасында какайып туруп анан кирип кеткен эле, артынан удаа Марат Султанов кирди да эшик бекем жабылды. Кезек күткөндөр кезере күтүштү да кете беришти. Булар эмне сүйлөштү ким билсин, Турсун кайрадан "менчиктештиргич" министр болуп таң калтырбаса эле болду.


Тербишалиев "дүжүр" чал болду
Атамбаев ажолукка аттанары менен шайлоо алдындагы куру убадаларды орундатуу үчүн айрым тарапты курмандыкка чалганы турат. КСДПчылар бу сапар түзүлүүчү коалициядан "Ата-Журтту" алып ыргыткысы келип, "Ата-Мекендин" колу менен чок карматууда. Мурдагы "дүжүр" чалдардын ролун бу жолу жаш депутаттар Жоомарт Сапарбаев, айрыкча айкырыгын токтотпогон Данияр Тербишалиев аткарып, мыйзамды билип-билбей асылышканын кое элек. Кечээки депутаттардын отурумунда Тербишалиев "артындагылар" үйрөткөн сөздөрдү улам кайталай берип, Келдибековдон кагуу жесе, Алтынбек Сулайманов сулайта чаба жаздады. Беймаани сүйлөп тилин тыйбаган Тербишалиев Сулаймановдун сүрүнөн корктубу тызылдап атты эле, оозуна талкан салгандай "тилден калды". Айтор, Атамбаевдин "дүжүрлөрү төраганы катуу этектен тарткылап аткан кез. Мындай кадамдардын арты жаман болчу эле, ба-ба-баягы Акаевдин учурундагы режимдей болуп, "түндүк-түштүк" кланын ырбатчудай болуп атат.


Абдраимов "чөп" этти
БШК башчысы Туйгуналы Абдраимов Атамбаевге берген убадасын аткарганга жерге батпай кубанган белем. Өткөн жаңы ажону такка отургузуу аземи болор күнү кечинде аябай майрамдашып, ыстаканды аябай кагыша бергенби айтор, инаугурацияда олку-солку сүйлөп, ажонун төш белгисин кыйшык илип, анан президентти жаш баладай кылып бетинен өөп күбөлүгүн тапшырганы осол эле болду. Билгендер кысталак бул дале соолуга элек окшойт дешти. Пай-пай, инаугурацияны уюштуруучулар жаңыча форманы изденишсе болмок. Баягы эле эскиче. Президент жакасын ачып жалжактап басып келмей адат калбаптыр. Не Акаевден, не Бакиевден, не Атамбаевден өзгөчөлүк табалбайсың. Окшош.


Жээнбековдун ити чөп жейби
Жогорку Кеңештин либерал депутаттарынын бири "Ата Мекенчи" Равшан Жээнбеков өлкөнү өнүктүрүү боюнча атайын антикризистик программа иштеп чыгып, коомчулукка тааныштырды. Депутат мырза бюджеттин тең жарымын жеп турган чиновниктердин санын жана мамлекеттик аппаратты 50%га кыскартып, ал эми бизнес чөйрөсүнө мүмкүн болушунча эркиндик берүү керек дейт. Өлкөбүздөгү коррупциянын деңгээлин жана бюджеттин 40%зы мамлекеттик аппаратка сарпталып жаткандыгын эске алсак, бул иш-чаралар мезгилдин талабы экендиги талашсыз. Мындан ды кызыгы Равшан мырза Өкмөт башчысынын кызмат ордуна ат салыша тургандыгын да кулагыбыз чалып калды. Эгер жогорудагы программасы ишке аша турган болсо, анда эле Жээнбековдун ити чөп жейт.