Эсимде бул мектеп бир кезде лицей эле
"Канатым болсо азыр мен, калкылдап учуп жетмекмин" деп Рыспай агайыбыз ырдагандай, ушул турган Жети-Өгүзүмө барам дегениме 3 жылдын жүзү болуптур. Мурдагыдай деле жүрөк толкундоолор жок, барын боло келчүдөй кабылдайм. Ушул да болсо пайда болуп калсын деп, эс алууга келгениме карабастан, Кызыл-Суу айылындагы "Сарт Аке" мектебине бет алдым. Кызыл-Суунун узатасынан кеткен башкы жолун бойлоп баратып, жол боюна илинген накыл сөздөргө күбө болдум. Адам дилине орной турган сонун сөздөр жазылган. Ошондой эле тарыхый инсандардын сүрөттөрү илинген. Барганымда балдар мектептин тегерек-четин тазалап жатышыптыр. Аңгыча "Болгула балдар, кыймылдагыла" деп бир мырза балдарды иштөөгө үндөп жатты. Ал жогоруда аталган мектептин директору экен. Эсимде, бул мектеп мындан бир канча жыл мурда лицей эле. Анда мен райондук-областтык олимпиадалардын активдүү катышуучусу болуп, ал турсун ушул мектептин жатаканасында убактылуу дагы жашап калган учурум болгон. Ал кезде мектепте кандайдыр бир дем, сүр бар эле, сырткы көрүнүшү дагы жаңы. Ооба, лицей болгондуктан бул мектепке жалаң тандалма балдар келип билим алышчу. Мен экинчи кабатка көтөрүлгөндө бир окуучу таптаза кылып класстын полун жууп жатыптыр. Аны көрүп "Оо, азамат жигит турбайбы!" десем, жанындагы эжекейи, "Буга сабакка келбегени үчүн жаза" деди. Бул сөздү окуучу кандай кабыл алды билбейм, менин шагым сына түштү. Ичимден "Сабакка келбегенинин кандай себеби болду экен?" деп ойлонгуча "Ата-энеси чабан, баласына мал кайтартат" деди.
Мен көп сөз кылбайын, калган сөздү ушул мектепте көп жылдардан бери эмгектенген жана бүгүнкү күнү эмгектенип жүргөн мугалимдерге , ошондой эле билим алып жаткан активист окуучуларга калтырайын.

Салкын Исаева, биология-география мугалими, билим берүүнүн отличниги:
"Азыр да күчтүү мугалим-дерден уучубуз куру эмес"
- Биздин мектеп адегенде СПТУ эле. 1993-94-жылы жаңы мектептердин тибин ачуу мезгилинде алгачкы Жети-Өгүз районундагы "Кызыл-Суу" лицейи деп ачылып, гуманитардык, математика-физикалык жана табият таануу багыттарында билим берүү жүргүзүлчү. Ошол мезгилде өзүбүздүн окуу корпусубуз, жатаканабыз, спорт залыбыз жана балдарга тамак берүүчү жайыбыз бар эле.
- Ал убакта мугалимдер дагы күчтүү деп айтылчу, азыр кандай?
- Азыр дагы күчтүү мугалимдерден уучубуз куру эмес. Мисалы, математик Кубан Байсеитов жана физик Жанузак Абдувалиев, кыргыз тил мугалими Дүйшөкан Асанкулова, математик Үсөнакун Тажиев, башталгыч класстын жетекчиси Айымжамал Мамбетжанова, кыргыз тил мугалими Марат Сокеев эл агартуунун отличниктери.
- Салкын Кадышевна, эмне үчүн лицей жөнөкөй эле мектепке айланып калды?
- 2002-2003-окуу жылдары райондук аким Орозбек Бектуров "Лицей-мектеби окуучуларды каржылабай калды" деген шылтоо менен аталган лицейди жаап, "Сарт Аке" деп атап орто мектепке айландырган.
- Эсимде, лицей учурунда окуучулардын билим деңгээли өтө жогору эле, областтык, республикалык олимпиадаларда 1-2-3-орундарды алган учурлар көп болгон, азырчы?
- Азыр да көп эле жетишкендиктер бар. Ооба, лицейди бүтүргөн окуучуларыбыз республикаларыбыздын түрлүү тармактарында иштеп жүрүшөт. Мисалы, Бишкекте банкта Жылдыз Шамырканова лицейде окуп жүргөндө биология сабагынан республикадан 2-орунду ээлеп келген. Индира Качаганова Кыргызстандын "Эко Банкында" иштеп жүрсө, Лира Кокоева ЭлТР телеканалында, Эленора Кадырова, Элзат Сөйкөевалар Ыссык-Көл телерадиосунда эмгектенүүдө. Прокуратурада иштеп жаткан Илич Исамамбетов, Улук Чыныбаев, Ички иштер бөлүмүндө иштеп жүргөн Асхат Алиев, Жетиген Байсеитовдор дагы биздин лицейдин окуучулары.
- Жакшы экен. А мектепте кандай көйгөйлөр бар?
- Окуу мебелдеринин эскилиги жеткен, сынык. Окуу китептери жетишсиз. Өзгөчө чет тил, кыргыз тили китептери жетишсиз. Кол эмгек сабактары үчүн аспаптары, физкультура сабагы үчүн спорт жабдыктары жана компьютердик аппаратура жок.


Марат Сокеев, "Сарт Аке" мектебинин директору:
"Кээ бир окуучулардын кийим-кечеги жок"
- Менимче, лицей кезинде окуучулар олимпиадаларга, коомдук иштерге, мелдештерге абдан көп катышып турушчу. Ошол эле жаштар учурда коомдун бир учун көтөрүп иштеп жүрүшөт. Учурда билим сапатыңар кандай болууда?
- Албетте, лицей убагында 5-класстан кийин тандалып келинген балдар билим алышчу. Азыр айырма бар. Мисалы, лицейлердин сааттары көбүрөөк же уклон менен окуткан сабактардын сааттары көбүрөөк болот. А биздики орто мектеп болуп жалпы билим берилет. Бирок, чыгармачыл, жакшы окуган окуучуларга шанс берүү керек. Өзү кызыккан предметтерди узагыраак окутканга шарт түзүүбүз зарыл. Мен келечекте лицей болбосо дагы, физика-математикалык багыттагы гимназия кылып кайра ачсакпы деп ойлойм. Азыр бизди жаман деп айтканга болбойт, жетишкендиктерибиз бар. Спорт жаатындабы, окуу жаатындабы, айтор мелдештерге, олимпиадаларга катышып келишет.
- Балдардын саны жетиштүү элеби?
- Жылдан жылга балдардын төрөлүшү дагы азайууда, мына ушул көйгөй. Мындан 5 жыл мурда бул мектепте 200-220 бала окуса, бүгүнкү күнү 150 бала билим алууда, бир класста 15-20 окуучу бар. Биздин эле мектепте эмес, башка мектептерде дагы ушундай көрүнүш. Негизи биздин Кызыл-Суу айылында 4 мектеп бар.
- Балдардын сабакка катышуусу кандай болууда?
- Айыл жеринде үй-бүлөөнүн кошумча жардамчы күчү катары балдар эсептелинет. Өзүңөр көрүп жатасыздар бизде көбүнчө окуучулар мал багууга, жер айдоого катышат. Окууга катышуу 100 пайыз эмес, бирок, билимге жетелеп, сабакка катыштырууга аракет кылабыз. Эмне үчүн сабакка катышуу начар болуп жатканына анализ жүргүздүк. Албетте, социалдык абал таасир берүүдө. Кээ бирөөнүнү кийим-кечелери жок. Аз камсыз болгон үй бүлөөлөрдүн , тоголок жетим же жарым жетим балдарды жыл башында эле аныктайбыз. Айыл өкмөтү жана ар кандай багытта иш алып барышкан уюмдар жардам кылышууда. Аз камсыз болгон окуучулардын арасынан кыйын адамдар чыгышы мүмкүн.
- Биз борбордогу айрым мектептерге барганда материалдык-техникалык базасын окуучулардан чогулган фонддун эсебинен алышаарын айтышкан. Сиздерде окуучулардан акча чогултуу болобу?
- Жок. Себеби, мыйзамда ошондой жазылган, мектеп окуу менен гана алектенүүсү керек. Башка маселени өкмөт чечүүсү керек. Биздин мектеп ата-энелерден бир сом албайт.
- Өкмөт бөлгөн каражат жетпегендей, эмеректер эски экен, кантип жаңыртса болот?
- Алдыда көптөгөн пландар болууда. Эл аралык уюмдар менен биргеликте эмеректерибизди жаңыртып, силер айткандай, инновациялык технологиядагы жаңы компьютерлерди алып келип балдарды кызыктырганга аракет кылуудабыз.