Түптөгү түрү суук иш

Мектеп рекети өлүмгө алып келдиби?

Ысык-Көлдүн Түп районундагы Тогуз-Булак айылында окуучулардын эки жаат мушташынан өспүрүмдүн өмүрү кыйылды. Тогуз-Булак айылынын №23- мектебинин 11-классынын окуучулары менен 9-классынын окуучулары өз ара келишпестиктен улам айыл четине барып "разборка" кылышып мушташышкан. Жогорку класстын балдары күчтүрөөк болуп, иничектерин сабап салышкан. Мушташтын натыйжасында катуу таяктын залалынан бирөө өзүн жаман сезе баштайт. Өспүрүмдөр балалык кылган көрүнөт, классташы такыр болбой баратканда таңкы саат 7.30 чамасында айылдык медпуктка барып, "Анар эже жардам бериңиз Аманчик жаман болуп жатат" деп ыйлап жиберишкен. Бирок, ал убакта кеч болуп калган экен. Алар кайра баргыча бала каза болуп калган. Айыл башчысына, мектептин директоруна кабарлашып, анан милицияны чакыртышып, айыл ичине жаман кабар бат эле тарады. Жаштайынан кыйылган өмүр, кайгы- муң өкүнүч. Бул кайгылуу окуянын себептерин сураштыра келсек, кээси баланын жүрөгү оорулуу болчу деп айтышса, айылдын дарыгерлери денсоолугу жакшы эле болчу дешкен.
Түп райондук ички иштер бөлүмүнүн берген маалыматында, бул эки жаат топтун чатакташуусу эмес, эки баланын ортосунан чыккан чатак. Каза болгон баланы талуу жерге уруп жиберген, натыйжада ушундай кейиштүү абал түзүлүп отурат деп айтылат.
Мектеп директору Н. Жамгырчиеванын айтымында, жогорку класстын балдарынын кийинки класстын окуучуларына үстөмдүк кылганы байкалган эмес. Балдар бизди чоң класстар уруп койду, коркутуп жатат деп деле айтчу эмес. Мектепте балдар тынч эле жүрүшөт. Айылдын тилкелик милиция кызматкери менен бирдикте окуучулар менен түшүндүрүү иштерин дайыма жүргүзүп турабыз дейт.
Жогорудагы айтылган жоопторго таянсак бир үй-бүлөнүн жалгыз баласынын өлүмүндө оор кылмыш иши эмес, кокустан болгон окуядай мамиле болуп жаткансыйт. Мындай жоромолго баарысы эле макул боло бербейт го. Анткени, бала денесине келтирилген залалдан каза таап жатпайбы. Өз ара чатакташуу, кечинде чыгып эки жаат мушташуу фактысын кантип жокко чыгарышат. Ал эми бул каршылашуу өзүнөн-өзү боло калган жок да. Ушул окуя мектеп рекети деген көрүнүштүн орун алганынан кабар бербей элеби? Биз айтпасак деле, теледен жанылыктардан "кээде 80, кээде 100 сомдон берип турчубуз, 300 сом чогултуп келгиле деп салык салышканы туурасында Тогуз-Булак айылынын мектеп окуучуларынын айтканын бүтүндөй кыргыз журтчулугу укпадыбы. Чатактын башы 9- класстын окуучулары 11- класстын окуучулары үчүн баскетбол талаасын тазалап бербей коюшканынан башталган деп да айтышууда. Кылмышка шектүү деп кармалган балдар тарабынан узак убакыт бою такай акча талап кылган учурлар болуп турган деген имиштер бар.
Ал эми областтык ички иштер башкармасынын коомчулуктун коопсуздугу боюнча бөлүмүнүн ага инспектору Тишакова Елена Борисовна бул кылмыш иши боюнча төмөндөгү оюн билдирет.
- Дегеле азыркы муундагы өспүрүмдөр улуулар менен ички дүйнөсүндөгү каткан ой сезимдери менен бөлүшүүнү каалашпайт. Ал эмес ата-энелери да булардын эмне ойлоп жүргөнүн түшүнбөй баратат. Азыркы өспүрүмдөрдөн ар кандай күтүүсүз нерселерди күтүүгө болот. Ушул эле Тогуз-Булактагы №23- мектептин мугалимдери мектепте рекет барбы деген суроо коюлган тестирлөөнү өткөрүшкөндө окуучулардын баарысы жок деген жоопту беришкен. Мен бул жерде коомчулуктун, мугалимдердин, укук коргоо органдарынын, ата-энелердин ушундай кылмыштуу көрүнүштөрдүн болушуна эч кандай тиешеси жок деген ойдон алысмын. Баарыбызда күнөө бар. Бирок, окуучулардын психологиясы өзгөрүп баратканын гана айткым келет. Дагы бир эң олуттуу маселе, бул ата-энелер менен мугалимдердин ортосундагы байланыштын начарлыгы. Ата-энелер балдарды тарбиялоо мектептин иши деп эсептешет. Мына ушундай пикир келишпестиктен улам мектеп администрациясы ата-энелер менен багыттык баракча деп аталган келишим түзүшөт экен. Анда бала мектепте жүргөн учурда мугалимдер жоопкер, мектептен тышкаркы мөөнөттөрдө ата-эне жооп берет деп, ата- энелерди милдеттендиришет. Бул баягы айла кеткендеги кадам болуп жатканы түшүнүктүү эмеспи. Дагы бир айта кетчү жагдай тилкелик милиция кызматкерлери туурасында. Тогуз-Булак тилкелик милиция бөлүмүнүн инспекторлору 13 мектепти жана 5 айыл өкмөтүн көзөмөлдөшөт. Айылдардын аралыгы ондогон киллометрди түзгөндүктөн ал инспекторлордун ишинде кыйынчылыктарды туудуруп келүүдө. Демек, бул укук коргоо кызматкерлеринин жетишсиздигинен кабар берет. Болоор иш болду дегендей кылмыш ишин жасоого барган өспүрүмдөр өз жазасын мыйзамга ылайык тартуусу тийиш. Аталган факт боюнча КР ККин 97-беренесинин 2- бөлүгүнүн 10- пункту (ээн баштык) жана 234-беренесинин 2- бөлүгүнүн 2- пункту ( уюшкан топтун алдын ала сүйлөшүп алуусу) боюнча №19-11-248 кылмыш иши козголгон. Бул кылмыш ишин жасаганы үчүн Түп районунун Тогуз-Булак орто мектебинин 11-классынын окуучулары Б.З., И.Б., Т.Б. жана Б.А. кармалып, аларга күнөө тагылып, камакка алуу чарасы коюлду.
Ооруну жашырсаң өлүм ашкерелейт дегендей, жаманчылыгыбызды жашырабыз деп аягы каргашалуу окуя менен бет келишкен учурлар көп эле болууда. Түп районунда буга чейин окуучу кыздар жаатташып урушуп, кыздардын бирөөсү денесинен жаракат алганы, тийешелүү структуралар жаап жашырууга аракет кылышса да, ооруканага жатып чыкканы жалпыбызга белгилүү болгон. Биз мындан сабак гана алуубуз керек. Ойлонгула.

З.АСАНАЛИЕВ,
Ысык-Көл облусу






 1-виценин билгени

Тарыхтын чындыгын эч ким тана албайт
"7-апрель" менен "июнь коогалаңы" өлкөбүздү моралдык-психологиялык жактан эле жабыркатпастан, социалдык-экономикалык жактан да катуу сокку берди. Катарлаш келген референдум менен шайлоолор коомдун калың катмарында саясатташып кетти. Митингдер менен жол тосуулар кадимки көнүмүш адатка айлана баштады. Парламенттик шайлоо бүтүп коалициялык жол менен Өкмөттү куруу аракетинин биринчи этабы ишке ашпай калды. Саясий стабилдүүлүктү күтүп жаткан элге, катуу сокку болду. Коңшу өлкөлөр менен дүйнө коомчулугу "мыйыгынан жылмайышты". Мындай амбициясы чоң саясий элиталардын бийлик үчүн күрөшүн, Ө.Бабанов ийкемге салып бириктирип коалиция куруп, алар менен бирге легитимдүү бийлик бутактарын түзүп - өлкөнү саясий кризистен чыгарып кетти. Бул тарыхтын чындыгын эч ким тана албайт. Атамбаев жетектеген Өкмөт ишке киргенде мамлекеттик бюджети эң оор акыбалда турган. Бул коалиция түзүүчүлөргө: "саясий кризистен чыктыңар, эми экономикалык кризистен кантип чыгасыңар?" деген суроо эле. Буга чейин 20дан ашык Премьер-министр иштеп кеткен өлкөнүн бюджети, ушул 10 ай ичиндеги болгон көрсөткүчтү бере алган эмес. Көрсө, "жандоочу - кийик аттырат" деген элдин сөзү бекеринен чыккан эмес экен. Элдик сөздүн төркүнү, ким жөнүндө айтылып жатканы бардыгыңыздарга белгилүү. Коалициялык Өкмөттүн экономика тармагын тейлеген биринчи вице-премьер, Өкмөт башчылыгына келсе экономикалык реформа токтомок эмес. Ө.Бабанов: "2012-жылдан 2014-жылга чейин 40 улуттук долбоор менен 2 жыл ичинде өлкөгө 8 млрд. 300 млн. доллар инвестиция алып келсе болот" деп айткан. Бул сөзгө ишенүүгө болот. 10 ай ичинде куру жалак турган бюджетти толуктап, бардык социалдык чыгашаларды жабышты. "Апрель" революциясы менен "Июнь коогалаңында" жакындарын жоготкон үй-бүлөлөргө 1 000 000 сомдон каражат менен үй берилип, үй-жайын жоготкондор үчүн да турак-жайлар берилип жатат. Мындай миллиарддаган чыгашалардан кийин дагы, мугалимдер менен врачтардын айлыгын 3 эсеге чейин көтөрүп жетише алышты. Кыргызстан тарыхында биринчи жолу 3 млрд. кВт электр-энергиясы экспорттолуп баштады.
Дыйкандар үчүн быйыл берилген 9%тик кредитти, келерки жылы 7% тен бере турган болушту. Кызылчанын тоннасын 2300 сомдон 3000 сомго чейин көтөрүлүп, мергенчилерге ар бир карышкыр үчүн төлөнгөн 2500 сом, 5000сомго өстү. Кыскасы экономикалык пландар аткарылып, бюджетибиз өсүүдө.
Жаңы келе турган премьер-министр Кыргызстандын экономикасын тез арада көтөрүп кетсе, саясий стабилдүүлүк өзүнөн-өзү келет эле. Канчалык кара-пиар чаптаганыбыз менен кыргыз үчүн Өмүрбектей иштеп берген уулдар чанда чыгат.

Атахан Миталипов