Атакайың

Бабанов
Премьер болчулардын тымызын таймашы күчүндө. Бул башбакандык орунга Бабанов, Түлеев, Жапаровго окшогондор камчы салып быкшып атат. Акүйгө баш баксаң каңылжарды каптаган шамал урат. Угушубузга караганда Бабанов депутаттардын оозун майлаганга 3 млн. доллар задаток берип койгон дешет. Эгер бул акчаны 120 депутатка бөлсөк, ар бирине 25 миң доллар тиет экен. Акүйдөгү соккон шамалга ыктай аңдасаң бул акчага шайланган соң кошумчалайт экен. Негизи эле коомчулукта Бабанов баарын акча менен башкарат, бизнесмен эмеспи өкмөт акчасын да өзүнүкү менен аралаштырып алат дешет. Дегеле Өмүкең жөнүндө айың кептер арбын. Баягы Мегаком чыры дале бүтөлек экен. Убактылуу өкмөт убай-чубай мактанган менен улутташпаптыр. Дале 51%ы Рейман менен Максимдин колунда, 49% гана мамлекет энчисинде калган. Бир кезде ушул 49%ды 300 млн. долларга сатпай УӨ көшөргөн экен, эми анын баасы искусственный 130 млн. долларга түшүп, ага да аларман чыкпай дагы төмөндөгөнү турат дейт. Баягы Максимдин махинациясындай эле да. Муну ит бекер баага кайрадан сатып алууга Рейман+Максим=Бабановдун башы көрүнүп атат деген кабар каптап туру. Сурабалдиевден "сууруп" алган РИОМ (баса, РИОМдун чечилиши да өлө кызык) автобазары, Манас көчөсүндөгү РИОМ муз айдыңы, Шарипа эжеден ээлик кылып алган АКБ Кыргызстан банкы ж.б иттей сонун маалыматтар да айтыла баштады.

Жапаров
Акылбек мырза да премьер болгубуз келет дегендердин арасына кирип калганы кызык. Кезинде Бакиев менен жакын болуп, 7-апрелде Таластан араң аман калып, кийин Куловдун кеңдиги, адамгерчилиги менен "Арнамыстан" депутат болуп, анан аш ыргыткан Куловго таш ыргытып "Арнамыс" фракциясын экиге бөлгөндөрдүн анабашы болгону, интриганы иттей ойногону, жердешчил болуп жалаң Нарындык журналисттерди чайга чакырып бөлүнгөнү, антсе да Кочкордо кадыры жоктугу менен таанымал Жапаров өкмөт башчылыгына тим эле койсо болмок. Премьерлике бөлүп-жарган эмес, тескерисинче бөлүнгөндү бириктирген адам керек.


Жээнбеков
Атамбаев президент болгону жакын досу, Ош губернатору Сооронбай Жээнбековдун айланасында кеп төркүнү жыйыла элек. Анан калса Атамбаевди ажолука өткөрөм деп өз жерине да жаман көрүнүп калбадыбы. Бүгүн Оштуктардын басымдуулугу Сокенин кетишин каалап жатышат. Ал киши да ат тезегин кургатпай борборго келип атканы да башка кызматка которулууга эки көзү төрт экенинде. Бийлик чөйрөсүндө Сокени президенттин аппарат башчылыгына, премьер-министрлике кудалап жиберишти. Бирок, бул орунга бу киши барбасын көпчүлүк аңдап билишет. Кечээ Кара-Кулжалыктар жыйылып отурган жерде мындай кеп болуп кетти. Эгер бийлик түндүк-түштүктү теңдеш үчүн өкмөт башчылыкты түштүкө бере турган болсо, эгер талапкер катары Жээнбековго токтоло турган болсо, анда Сокенин агасы Жусупбек Шариповго ушу кызматты берсе оң болот эле дешти. Жусупбек ака бир топ жогорку кызматтарды басып өткөн, тажрыйбасы мол, чечкиндүү да. Ойлончу иш бекен?


Текебаев
Саясатта өз позициясын эч бир бийлике алмаштырбаган, чечен, мыкты саясатчы, калыс, так жүргөн Текебаев деп аттык эле, Өмүкеңе да бийлик керек окшойт, же качан болсо каяша сүйлөп, вечный кандидат болуп жүргөндөн тажадыбы айтор, бийликтин кемчилдигин көрүп турса да көз жумуп, Атамбаевди айланчыктап жүрү. Көксөгөнү спикер болу. Бирок, бул кыялы ишке ашышы күмөн. Текебаевдин текебер мүнөзү бийликтин жогорку бутагына жеткирбей сүйрөп түшүп келген, бул ирет да ошондой болушу мүмкүн. Дегеним, депутаттардын жоон тобу Өмүкеңди сүйө бербейт. Бирок, "жаман ат жарышка тойбойт" дегендей эле Текебаев кайрадан жарышка түшчүдөй болуп Келдибековду кетирүү аракетин көрө баштады. Муну кечээги "Атамекен" фракциясынын жыйынында төраганы өлө тепкилеп, ишинин жыйынтыгына канаттанбай төрагалыктан кетүү бүтүмүн чыгарганынан билсек болот. Мындай ойду Келдибеков да айтты. Бирок, Текебаев Келдибеков төрагалыктан өз ыктыяры менен кетсе, спикерлике талапкерлигими койбойм деди. Бул ирет Текебаев бир тепкич өйдө көтөрүлөбү, көрө жатарбыз.


Келдибеков
Парламенттин төрагасы Акмат Келдибековдун айланасында чуулгандуу кеп араандай ачылды. Кримавторитет Көлбаев менен жүргөнү жогорку бийлик адамы үчүн терс көрүнүш. Айрыкча КG машине номерин 30 ашык кишиге өз билемдиги менен берип ийгени өкүндүрөт. Кызыгы булардын арасында кайнатасы, Акаев кезинде "кошелек" аталган Малабаев, араб, кытай улутундагы адамдардын бардыгында. Булар кантип кеңеш берип, акыл кошконун эч ким билбейт. Кыргыз Кытайга барып парламент төрагасынын кеңешчиси болуп, КG номер менен жүрө алабы? Эч качан. Демек Келдибеков бийликти жерге түшүрүп, өзү коррупцияга малынган маанисинде түшүнсөк болчудай. Акмат мырзанын авторитети жоосунсуз жоруктары үчүн төмөндөй эле түштү. Анан калса бир кездеги досу Ташиевди тээп салганы, Ташиевдин, Түлеевдин, Келдибековдун анан Улан Чолпонбаевдин командасы болуп төрткө бөлүнүп кеткен атажуртчулар Акмат мырзаны төрагалык орунга арачалап калалбайт го. Айла жок Келдибеков да Атамбаевдин айланасында арачалаганга аргасыз. Дегеним, депутаттар төраганын кетиш-кетпешин добушка койсо, Атамбаевдин жана анын депутаттарынын колдоосу керек болот. Эгер депутаттардын 80и кетсин деп добуш берсе Келдибеков ээрден шыпырылат.


Түлеев
Ал эми каржы жагынан Бабановдон калышпаган Түлеев, Өмүкеңдин бул акчасын чепуха, өкмөт башы болуш үчүн мен ар бир депутатка 50 миң доллар берем деп жүрү дейт. Түлеев бийлик алуу үчүн интриганы илибой жерде жасап жиберерин кечээги шайлоодо көрбөдүкпү. Нарындык байларды жыйып алып 25 млн. долларым бар ажолука ат салышам, мынча акчаңар болбосо мага жол бергиле кыязында делдейткени, анан өлө мактанып алып жарым жолдон ойт бергени эле көбүн түңүлткөн. Болбосо Бакиев заманын эске алалы. Президентке жагыныш үчүн Бакиевди "менин атам" деп оозду Ошту каратканы эле нени каңкуулайт. Азыр Атамбаев айланасында абай салып жүргөнү да ырас. Түлеевдин керек кезде ММКларды пайдаланып, төөсү кыядан өткөн соң унутуп калган түрүн көрүп да түңүлөт экен киши.


Султанов
Өткөн апта Марат Султановду Москвадан Кудрин өкмөт башына кудалап атыптыр, СДПК партиясы Макеңди министрлердин башчысы болгонго татыктуу деп жүрүшкөн деп жазганбыз. Марат ака балким премьер болуп калбайын деген кыяздабы айтор, бюджетти, өкмөттүн буга чейин жасаган ишин, Атамбаевдин, Бабановдун ишин электен өткөрүп көрүп, "жок мындай болбойт, мен барбайм" дептир. Көрсө, бюджет таңкыстыгы төбө чачты тик тургузат экен. Кумтөргө окшогон үлкөн ишканалар салыкты күнмурунтан эле төлөп, акчалар эбак чачылган дейт. Атамбаев шайлоодо элге жакшы көрүнүү, иштеп аткан түр көрсөтүү амалы болгон дешет.


Атамбаев
Жаңы президент эми кандай кадам жасайт азырынча белгисиз. Жаңы өкмөт кимдерден куралары да ачык эмес. Бирок, депутаттар өкмөт кагаз түрүндө эбак чечилип калган деп атышат. Калганын парламенттин көз карашында болот эмеспи. Бир кезде, Акаев Россияны айланчыктап бийлик жүргүзгөндө, күн карама бийлик деп макала жаздык эле. Атамбаев алгачкы кадамында эле орустардын диктовкасы менен жашай турганын байкатып койду. Демек, бүгүн премьерликти, спикерликти талашкан Акүйдө Атамбаевди айланчыктаган же күн караманы айланган күндөр өтүп жатат. Дегеним, Атамбаев парламентке андагы партияларга көз каранды.






Институттагы
"иди пошел"
Өткөндө Алматы шаарына биздин Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунун студенттери фестивалга катышып келип мактоого арзыган эле. Бул институттун таланттары бул жагынан эле таланты ташпай, чоң муштумдук жагынан да таланттуу экени таң калтырды. Эркек бала болсо жигиттик кылып жатыптыр деп тим болот элек. Гүлзинат аттуу бешинчи курстун актер драмма бөлүмүнүн студенти өзүнөн кийинки биринчи жана экинчи курстун студент кыздарына чоң чыгып, аларды "Общякка" чакырып, ал гана эмес ар бир кызды "жөн келбе! Мен айткан акчаны ала кел" -деп коркутуусун угуп алып жакабызды кармандык. Маданияттын баштапкы булагы ушундай майда кримчөйрөгө айланып жатса калганын кеп кылбай эле коёлу.
Ошол жерде жүргөн мугалимдер топтошкон кыздарды көрүп, кызыгып бир сурап коюшпаганы таң калтырат. Же өзүлөрүнүн да андайга аралашмасы барбы?..
Бул жагынан тизгинди азыртадан тартып калбасак, кийин мындан да жаман өкүттө калышыбыз мүмкүн. Анда-санда бир көрүнгөн ректордун кабары жок болсо, биздин редакция аркылуу кулак кагыш кылып коёлу.
Каптагаев кайф
"Адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыгыптыр" дечү беле. Кантсе да ажыга барып келип алып, анан арак ичкендерге салыштырмалуу Каптагаевдин бу адаты кечиримдүү эле го дейм. Дегеним, өткөн аптада Жети-Өгүз районунун тойунда катуу майрамдап, кошоматчылардын ширин айткан сөздөрүнө ээрип кеткенби, арактан аябай бастырган экен бутуна туралбай калганбы үстөлдүн үстүндө гана үңүлүп отурду. Атамбаев менен ак калпак кийип айт намазга барып, намазга жыгылса эле биз арак оозанбаса керек деп алыпбыз. "Ничего" боло берет.