Саресеп

Табылды Акеров, саясий талдоочу:
"Келдибековдун кылганы парламентарийди өнүктүрүү принциптерине туура келбейт"
- "Ата-Мекен" фракциясы бүгүн жыйын өткөрүп, анда спикердин ишмердүүлүгүн карашты. Эмне үчүн буга чейин бул маселе көтөрүлгөн эмес, бийлик алмашуу учурунда каралып жатат?
- Бул маселеге буга чейин анча көңүл бурулган эмес. Негизинен ууланган көмүрдүн Кыргызстанга киришине төраганын катыштыгы бар деген сөздөр тарап, андан соң акырындан башка иштери каралып отуруп, жардамчылары, кеңешчилери боюнча териштирилип коомчулук алдында ачыкталып калды. Мындайча айтканда, бул парламентарийди өнүктүрүү принциптерине, коомду демократиялаштырууга , 7-апрелден бери келаткан процесстерге дал келбегендиктен, булар ушундай бир аракет кылып, спикерге же башка ишмерлерге ушундай талап болуп калсын, "биз азыр башка коомдо жашап жатабыз" деген үлгүнү көрсөтүп жатышат.
- Ал эми Келдибековго айтылган сын-пикирлерди аны спикерликтен кетирүүнүн айла-амалы деп түшүнгөндөр дагы жок эмес. Текебаевди "спикерликке көзү өтүп жатыптыр" деп жазып жиберишти…
- Ооба, гезиттерде жүрөт. Акматбек Келдибековдун өзүнүн дагы билдирүүлөрүндө "Спикер болойун деп ушундай аракеттерди жасап кирди" деп жатат. Менимче, андай эмес. Бул маселени жаңы коалиция түзүлсө, ага кирген фракциялар чогуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде чечишет. "Ата-Мекен" партиясы "Спикерликти бизге бергиле, Текебаев үчүн" деп шарт койгон жок. А башка фракциялар болсо " бизден дагы кирсин" дегендей ойлорун, пикирлерин билдирип жатат. Спикерлик кызмат эгерде "Ата-Мекенге" берилсе дагы, башка эле бирөө болуп калышы мүмкүн. Текебаев өзү дагы "мен спикер болбойм" деп билдирүү кылбадыбы.
- Эгер спикер алмашып калса, кимди ылайыктуу деп ойлойсуз?
- Баардык эле фракцияларда Парламентаризмди өнүктүрүүгө салым кошо турган татыктуу инсандар бар. "Республика" партиясы эгерде спикерлик тийип кала турган болсо, Бакыт Төрөбаевди көрсөтө тургандыгын айтып жатышат. "КСДПдан" дагы бир маалымат чыгып кетти, Чыныбай Турсунбековду болот дегендей. "Ата-Журт" болсо Келдибековду калтырууга аракет кылып жатышкандай. Бул боюнча дагы "Республика" менен жең ичинен "Силерди биз спикерликке калтырабыз, силер бизге премьер-министрликке жетишибизге жардам бересиңер" дегендей сүйлөшүүлөр бар дегендей кылып жатышат. "Ар-Намыс" партиясынан деле спикер боло тургандар бар.
- "Ар-Намыс" кимди алып чыгышы мүмкүн?
- Эми алар экиге бөлүнүп турбайбы. Биринчилери Талиеваны көрсөтүшү мүмкүн. Экинчилери Феликс Куловду көрсөтөт го десек, ал Чүйдөн, Атамбаев дагы Чүйдөн болуп, туура эмес болуп калат. Ошондуктан, "Ар-Намыс" фракциясы өзү коалицияга шарт түзүп берип жатат, биздин пикирибиз дагы жок деп. Ошон үчүн алар "КСДП" же "Ата-Мекендин" талапкерлерин колдоп, буларга "Ата-Журттун" жарымы дагы кошулушу мүмкүн. Спикерликти талашпай турган талапкерге беришет. Коалиция түзүүгө оңой, андан соң, премьер-министрди бекитүүгө өткөнгө жеңилирээк болот. Анткени, жеңил рейтинг менен бекитебиз деп жатпайбы.
- Жогоруда Чыныбай Турсунбеков деп айттыңыз го, негизи биз аны буга чейин жеке ишкер катары жакшы тааныйбыз да. Бирок, ал аз убакыттын ичинде кандайча саясий упай топтой алды? Эгер спикерликке чейин көрсөтүлөт деп жатышса…
- Жок, Чыныбай Турсунбеков тууралуу массалык маалымат каражаттарында эле чыкты. Бакыт Төрөбаев экөө ушул кызматты талашып жатыптыр дегендей кылыпчы. Бирок, менимче, Чыныбай Турсунбеков андайга барбайт. Себеп дегенде, бул жерде мындай бир принципиалдуу маселе бар, "КСДП" фракциясы премьер-министрлик кызматты өзүнө калтырууга аракет кылып жатат. Демек, алар спикерликти талашпайт. Нейтралдуу талапкер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүсү мүмкүн.
- "Кереге" гезити ""Ата-Журтка" атаман болом дегендердин саны күн санап эмес, саат санап өсүүдө" деп жазып, Келдибековчулар, Ташиевчилер, Мыктыбек Абдылдаев жана Динара Исаева деп бөлүптүр. Сиз кандай баа бересиз?
- "Ата-Журт" фракциясы өзүнүн тизмесин түзүп жатканда эле адашып кирген депутаттар көп болду. Бакиевдин учурунда коомчулукка залалы жок болушса дагы, Бакиев саясатта болуп, "Ак-Жолго" депутат болуп, же Бакиевдин тегерегинде жүрүп, анан ошолордун баары "таптакыр саясаттан четтеп калабызбы" деп "Ата-Журтка" кирип алышкан. Бүгүнкү күнү кырдаал кичине өзгөрүп жатат, себеби, "Ата-Журттун" лидерлери Ташиев, Жапаровдор демократиялык негизде жана революциянын деминде аракеттенгендей болуп жатат. Анан булардын абройуна дагы шек келип жаткандыктан, элдин колдоосуна ээ болбой калуусу мүмкүн. Ошондуктан, жанагы Нариман Түлеев, Роман Шин жана башка 9 киши "За реформу" деген блок түзүштү. Себеби, биз дагы чыгып эл алдында абройубузду сактап калалы деп жатат. Бул дагы чоң маселе, саясат. Ушинтип кете берсе булар жаңы шайлоолор жүргөндө өзүнчө бир жаңы партия менен чыгып кетүүсү мүмкүн. Себеби, бардыгы акчалуу, бай, коомдо лидер катары таанымал инсандар. Ошого алыскы максат менен бөлүнүп алышты. Ташиевдин дагы бир блогу, Келдибековдун дагы бир блогу бар болчу. Эми булардын ортосунда дагы кандайдыр бир багытты алыш керек деген кыймыл болуп жатат.
Маектешкен Азима АКУНОВА




  Бир собол

- Мамлекеттик тууну мекемелерге, үйлөргө илген болбойт дегенге кандай карайсыз?

Асан Жакшылыков, жазуучу:
"Чиновниктердин эмес мамлекеттин туусу"
- Туу - бул мамлекетибиздин символикасы. Андыктан аны ардактап урунушубуз керек. Бирок, башка элдер туунун кичинекей макетин жасап ар бир үйгө чейин коюп жүрүшпөйбү. Ошон үчүн аны кызганбай жалпы эл өзүнүн мамлекетинин символикасын билгендей кылып, бала бакчага, мектепке, окуу жайларда ардакталгандай, маанисин ачкандай кылып көбүрөөк эл журтка жайылтуу керек. Мамлекеттик 4-5 мекеменин тегерегине илип койгондо ал жалпы элге жетпейт. Эл өзүнүн туусун даана тааныса, анын артында Мекенин сүйүү, сыйлоо маселеси кошо калыптанат деп ойлойм. Тууну жалпы журт билгендей иш жүргүзүшүбүз керек, ал чиновниктердин туусу эмес, мамлекеттин туусу.

Абибулла Абдугапаров, коомдук ишмер:
"Туу элдин байлыгы"
- Туу бүткүл элдин байлыгы, татыктуу сыймыгы. Ошондуктан мен кааласам төрүмө да илип алууга укугум бар. Бул кыргыздын татыктуулугун пропагандалаган, сыймыктанган нерсеси. Андыктан бул нерсеге тыюу салууга эч кимдин укугу жок.

Эмиль Токтогонов, "Вале Тудо" федерациясынын президенти:
"Спортчулар эмне кылышыбыз керек"
- Биз спортчулар желегибизди ар кай жакта көтөрүп жүрөбүз. Анан спортчулар эмне кылышыбыз керек экен. Спортчулар желегибизди сүйөбүз, формаларыбызда да желек тигилген. Керек болсо менин машинемде желек илинген. Тескерисинче желек жер-жерлерде көбүрөөк илинген болсо патриоттуулукка чакырат болсо керек.

Осунбек Жамансариев, "Мекен шейиттери" коомдук кыймылынын жетекчиси:
"Тартип киргизүү кажет"
- Бул маселе талаш болуп жатат. Менимче желек сыйы менен тартиби менен илинсе жаман болбойт. Жөн гана тууну илүүдө тартипти киргизүү кажет. Негизи тууну илген болбойт деп бөгөт койгондору туура эмес. Ал эми желектин кийимдерде, айрыкча баш кийимге салынышын дурус деп ойлойм. Кыргызстандын эмблемасы түшүрүлгөн кийимдер болсо мен деле кийет болчумун.