Ай ай абактар

Кудай абак артындагы жашоону эч кимге көрсөтпөсүн дейбиз. Анткени, ал жактагы жашоо мышык ыйлай турган абалда дешет. Бирок, айрым мамлекеттердеги абактардагы жашоо суктанарлык экени талашсыз. Төмөндө дүйнө жүзүндөгү өзгөчө абактар тууралуу маалымат.

1. Боливия, Сан-Педро абагы
Бул абакты жаза өтөөчү жай деп айтууга ооз барбайт. Көбүнесе кичи шаардай сезилет. Шаарчада кылмышкерлер кадимки жарандардай эле иштеп, өз оокатын кылып жүрүшөт. Кылмышкерлер чакан устаканаларда же майда соода сатыкта эмгектенишет. Майда кылмыш кылып кармалгандарга өкмөт ак эмгек менен жашоого мүмкүнчүлүк берип мына ушул шартты түзүп беришкен. Оор кылмыш жасагандар бул жайга түшүшпөйт. Алар үчүн Боливияда кадимки абактар бар, ал абактарга баргандар аркы дүйнөгө узап кете берүүгө мүмкүн. Аны билген жеңил кылмыштуулук менен кармалгандар оор кылмыш жасоого барышпайт.


2. Филлипин, Себу абагы
2-орунда турган бул абакта дайыма музыка жаңырып, элдер бийлеп турушат. Кылмышкерлер темир тор артына түшкөндүгүнө кубанып бийлеп жаткан жери жок. Жөн гана түрмөнүн администрациясы кылмышкерлердин оор физикалык көнүгүүлөрдү жасагандын ордуна, жакшы музыканын коштоосунда бийлөөсүн туура көрүшкөн. Абактагы бийчи кылмышкерлер "Ютуб" аркылуу популярдуулукка жетишип, массалык бийге суроо талап түшүп турат. Бийчилер таланты үчүн аз -маз өлчөмдөгү маяна да алышат. Таң калыштуусу массалык бийдин бийчилери адам өмүрүн кыйган же уурулук кылган канкорлор экени көпчүлүктү кызыктырбайт.


3. Австрия, 5 жылдыздуу абак
Туристтер арасында "Австриянын отелинде бекер эс алгың келсе жеңил кылмыш кыл" деген тамаша бар. Чындыгында бул түрмө бай компаниянын кеңсесиндей көрүнөт. Чындыгында бул көз жоосун алган имаратка түшпөй эле койгонуңуз дурус. Бир болсо бул абак чыныгы кылмышкерлер үчүн курулган.


4. Россия. "Кресты" абагы
Сырткы көрүнүшү крестин формасында болгондуктан бул аталышты алган абактын жашоосу өтө начар абалда. Абактагы абалдын оордугу бир гана администрациянын кыйноосунан эмес, кылмышкерлердин көптүгүнөн. План боюнча 3000 кылмышкерге чектелген болсо, чындыгында жаза өтөөчүлөрдүн саны 10000 чукулдап кетет. Башкача айтканда ар бир кылмышкерге 2 квадрат метрден айланып калат.


5. Сарк Гернси абагы
Гернси аралында эң кичине абак бар. Анда эки гана адамды батырууга болот. Бул түрмөгө майда кылмыштар менен бир түнгө гана түшүшөт. Эң кичине түрмө кылмышкерлер үчүн эшигин 1856-жылы ачса да али күнгө чейин өмүр сүрүп келет.


6. АКШ Колорадо, супер максималдуу коопсуздуктагы абак
Абактын атында ката жок. Америкалыктар "супер-пупер" деген аталыштарды жакшы көрүшөт. Аталышы кызык угулганы менен аталган абак Америкадагы эң катаал абак болуп эсептелет. Абакта эң оор кылмышты жасаган кылмышкерлер кармалат. Жаза өтөөчүлөр камерадан сыртка чыгышпайт, бири-бири менен байланышпайт. Жада калса даараткана автоматтык түрдө сууну өзү кое берет. Кылмышкерлерди кароого күзөт кызматын да алышпайт, алса да профессионалдуу гана адамдарды алышат. Күзөт кызматкери кылмышкерден бардык нерсени алып коюга укуктуу. АКШнын бул абагына түшкөн адам бардык нерсеге тыкан мамиле кылуусу керек. Түрмөдө достук, ынтымак деген жокко эсе. Анткени, бул жайда адамдын жашоосу өмүрү, бааланбайт, себеби баардыгы өмүр бою эркинен ажыратылгандар.


7. Испания, Аранхуэс абагы
Испанияны үлгү кылып көрсөтсөк болчудай. Себеби, Испания өкмөтү жаш балдардын психикасын жабыркатып албаш үчүн бардык шарттарды түзгөн. Эгерде кылмышкер кылмыш жасаган учурда боюнда болсо, же кичине баласы болсо анда кудайдын бергени десек болот. Анткени, Аранхуэс абагында наристелерди эне мээриминен ажыратпай бардык шарттарды түзүп беришет. Жаш балдар энеси менен абакта акыл эс кирип калганча бирге болушат. Абактагы камералар муздак дубал эмес мультфильмдеги каармандардын сүрөттөрү менен кооздолгон, бардык шарттары бар. Тамак- аш жагынан мүчүлүштүк жок. Жалпылап айтканда эркиндикте жүргөн ата-энелерден айырмасы жоктой. Мындай шартты түзүү менен өлкөнүн өкмөтү кылмыштуулуктун санын азайтабыз деген ишенимде. Экинчи жагынан ата-эне мээриминде чоңойгон бала кылмыштуулукка барышы күмөн дешет.


8. Кыргызстан абактары
Чет элдеги абактарды айтып болгон соң өзүбүздүкүн айтпай кантип кое алабыз. 5 миллион калкы бар Кыргызстандын ичинде 9698 миң адам жаза өтөйт. Ал эми ЖАТтын кызматкерлери менен аскер кызматчыларынын саны 3700гө жакын. ЖАТ мекемелери Ош облусунда -3, Жалал- Абадда -2, Баткенде -1, Таласта -2, Нарында -1, Ысcык -Көлдө -3, калган 20сы Чүй облусунда жайгашкан. Биздеги абактардын абалы мышык ыйлай тургандай. Муздак дубал канча жылдан бери ремонт эмне экенин билбейт. Ичиндеги санитардык-гигиеналык абалдын начардыгын айтпасак да төгүндүр. Түрмө түбүнө түшкөндөр туберкулез менен достошоору баарыбызга маалым. Бирок, кылмышкерлерибиздин саясатта зор таасири бар. Анча-мынча кызматкерлер эмес, ал-акыбалын сурап коюга барган депутаттын да көзүн тазалашат. Буга далил ЖКнын депутаты Акматбаевдин өлүмүн айтсак болот. Дагы бир белгилей кетчү нерсе бизде тоок уурдап 15 жыл, адам өлтүрүп 2 жыл кесилгендер ондоп саналат.