Кандай сүрөт тартып берейин?
Акыркы учурларда көптөгөн жарандарыбыз чет жака кетип жатышпайбы. Алардын арасында таланттуу инсандарыбыз да бар экенин айтпасак да белгилүү эмеспи. Өз талантынан жаралган чыгармасын дүйнөгө таанытып, Кыргызстанымдын желегин желбиретем деген астына чоң максатты койгон, таланттуу сүрөтчү Улан Сатыбай менен маектештик. Алыскы Америкада жүргөн кыргыз боордошторубузда кандай жаңылыктар бар экенин биздин мекендешибиздин маегинен билели.

- Америкага кеткениңизге канча убакыт болуп калды. Кайсы шаарда турасыз? Кандай иш менен алек болуп жатасыз?
- Кыргызстандан кеткениме, тогуз айдын жүзү болду. Азыркы учурда Чикаго шаарында жашап жатам. Бул жакка келгенде эч нерсе кыла алган жокмун, сүрөт да тарта албадым. Себеби, башка өлкөгө келип аралашып кетүү мен үчүн кыйын болду. Акырындык менен сүрөтчүлөр менен таанышып, алардын эмгектерин көрүп, бара-бара бардыгы өз нугуна келе баштады. Кудайга шүгүр кудай берген талантым менен азыркы тапта кайтадан эмгектенип жатам. Келинчегим Айдай балдарым Арууке жана Барсбек менен биргемин.
- Сиз сыяктуу кыргыздар барбы? Алардын жашоо тиричиликтери кандай? Кезигип турасыздарбы?
- Чикаго штатында кыргыз жашоочулардын саны миңге чукулдап калды. Американын башка шаарларында да көптөгөн кыргыздар бар. Бул жактын жашоо шарты жакшы. Боордошторубуздун иштеген иштери бар, курсактары ток, кийимдери бүтүн. Көпчүлүгү такси айдап эмгектенишет. Көчөгө чыгып такси токтотсоң, кыргыз айдоочуга туш болуп калган учурлар кездешет. Мурда кыргыз кыздардын таксист болуп иштегендери саналуу болсо, азыр көбөйүп бара жатат. Кыргыз эли жердигинен эркиндикти сүйөт эмеспи, эркин жүрүшөт, иштеп тапкан маянасы да жакшы. Мисалы: жок дегенде эле 3000-4000 АКШ долларын таап алышат. Андан тышкары "Бай кафе" жана "Жибек Жолу" кафеси деген эки кыргыз кафе улуттук тамак менен кардарларды тейлейт. Өзгөчө жай мезгилинде бул жактагы кыргыздардын баары тез-тез чогулуп ар кандай оюндарды уюштуруп, бири-бирибиз менен таанышып катташып турабыз. Ал эми майрамдарда же кимдир бирөөнүн үйлөнүү тою болсо, сөзсүз барып куттукташабыз.
- Кыргызстанда болуп жаткан ар кандай саясий окуялар чет жакта жүргөн кыргыздарды да тынчсыздандырбай койбосо керек. Мындай окуялар сиздерге кандайдыр бир терс жактарын тийгизген жокпу?
- Өтө көп терс таасирин тийгизип жатат. Мамлекетибиздеги саясатчылар өз оюндарын ойношуп, карапайым элди, мамлекеттин келечеги болгон жаштарды унутуп коюшту. Ошонун кесепетинен кыргыздын келечеги болгон жаштар чет жакка кетип жатышат. Мен сыяктуу келген кыргыздар кийин өз мекендерине кайтпай, күчтүү кадрлар кыргыз жеринде калбай баратканы өкүнүчтүү. Бул саясатчылардын аябай чоң, трагедиялуу терс таасири деп эсептейм. Өлкөбүздө туруктуулук болуп, иш менен камсыз болуп турса ким эле өз мекенинен кеткиси келсин. Ар бир эле адам өз мекенинде, үй-бүлө, тууган уруктун жанында жүрүп эмгектенгенди каалабайт да.
- Америкада жүрүп өз мекениңизди кандай сүрөттөйсүз?
- Мекендин баркын алыстаган адам билет. Мен өз мекениме тиешелүү бир мисал айтайын. Америкалык жакшы таанышыма, "Кандай сүрөт тартып берейин?" десем, ал "Түз талаадагы бийик-бийик имараттардын мага эмне кереги бар, андан көрө аска тоолуу, карагай-арчалуу, шылдырап аккан дарыялуу, эркин чуркап жүргөн жылкылары менен тартып бер" деген. Кыргыз жерине биз гана эмес, башка өлкөлөр суктанат. Ар бир ташыбызга чейин баалуу өлкө экенин баса белгилеп айтаар элем.
- Америкадагы кыргыздардын көбү сиз сыяктуу баргандарбы?
- Жок баары эмес. Көпчүлүгү туристик виза, студенттик виза, саякат жана иш боюнча визасы жана мен сыяктуу жашыл карточка утуп келгендер.
- Америка жөнүндө дагы кандай кызыктуу нерселерди айта аласыз?
- Кызыктуу нерселер көп. Жогорку окуу жайларга кары жашына карабай, 60-70 жаштагы адамдардан бери окуп, билим алышат экен. Чак түштө майка-шортачан жашынан, чал кемпирине чейин чуркап спорт менен машыгып жүргөнүн көрөсүң. Жашоого ылайыкташтырылып, баардык шарттары түзүлгөн. Мисалы: коляскада отурган инвалид, дүкөндөргө же башка бир жактарга эч кимдин жардамы жок каалаган жагына автобуз менен барып келе алышат. Окуу методдору аябай жакшы. Көптөгөн материалдар, методикалык пособиялар, заманбап техникалар менен окутушат. Көчөдөгү жол чырак иштебей калса, кезектешип, бири-бирине жол беришип, эч кандай "Трафик" болуп талашып-тартышпай өтүшкөндөрү таң калтырат. Эң негизкиси ө
Өзүлөрүнүн закондорун жогоруу баалаган эл экенин баамдадым.
Сүрөт өнөрүн жогорку деңгээлде баалашып, "сүрөт жарманкесин өткөргүлө" деп жолдорун 2-3 күнгө чейин жаап таштайт.
- Америкага чейин кандай иш кылчуу элениз? Эми көксөгөнүңүз эмне?
- Академик Тургунбай Садыков атындагы Улуттук көркөм сүрөт академиясынын алдындагы, көркөм сүрөт колледжинде директордун окуу иштери боюнча орун басары болуп эмгектендим. Кыргыз эл баатыры, академик Тургунбай Садыковдун колунда он жылча тарбия алдым. Ал инсандан алган тарбиямды, үйрөнгөндөрүмдү алты жылда өз окуучуларыма үйрөтүп, мен да өз шакирттериме тарбия бердим.
Былтыркы жылдын ноябрь айында Казакстандын Астана шаарында 13-эл аралык "Чабыт" фестивалына катышып, 3-оорунду жеңип алгам. Буга чейин көптөгөн эл аралык көргөзмөлөргө катышып келдим. Кыргыз элимде "Аракет кылсаң берекет" деген кеп бар эмеспи. Буйруса өз өнөрүмдү дүйнөлүк деңгээлге чыгарганга аракет кылып көрөйүн деп жатам. Ушул кезге чейинки бирден-бир көксөгөн максаттарымдын бири ушул.
Маектешкен Жаз-Айым Айдекова