Атамбаевдин алешемдигиби же берешендигиби?

Абдыганы Эркебаев, коомдук ишмер:
"Чегараны кайтаруу улуттук ар-намысыбыздын иши"
- Бажы союзуна кирсек Россиянын солдаттары менен бирге чегарабызды кайтаруу маселесин Алмазбек Атамбаев Орусиянын "Известия" гезитине берген маегинде айтты. Бул Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө шек келтирет деген нааразычылыктар жаралууда, сиз кандай дейсиз?
- Бул мен үчүн күтүлбөгөн суроо болду. Себеби, мен "Известия" гезитин окуган жокмун, бирок, бүгүн "Де-факто" гезитинен айрым адамдардын пикирлерин окуп-билдим. Биз мындайды баштан өткөргөнбүз. Эгемендүүлүккө жеткенден кийин дагы көп жылдар бою өзүбүздүн чама-чаркыбыз жетпей Россиянын аскерлери биздин чегараны кайтарып турган. Мен ал мезгилде аткаруу бийлигинде дагы, мыйзам чыгаруу бийлигинде дагы иштегендиктен, бул ишти жакшы билем. Кийин Россия экономикалык оор жагдайга байланыштуу аскерлерин чыгарып кетишкен. Бирок, суроо ушундай берилип жаткан соң, ачык жооп берейин, мамлекеттик суверенитет менен көз карандысыздык ыйык нерсе. Өз чегараңды коргой албасаң, анда эмне деген мамлекетсиң? Жаз мезгилинен тартып эле Атамбаев "Биз Бажы союзуна киребиз" деп Путин менен жолукканда сөзүн берип келген болчу. Азыр жөн эле макулдашуу эмес, анын амалдары жүрүп, атайын комиссиялар, жумушчу топтор түзүлүп жатат. Колдон келсе кайсы өлкө болсо дагы жакын алакада болуп, экономикалык турмушубузду оңдош үчүн ушундай шарттарга барышыбыз керек. Бажы кызматтарына кирген үч өлкөнүн кандай иштерди кылып жатканын көрүп жатабыз, ушундай процедуралар бизде дагы болот. Бажы чектери чогуу көзөмөлдөнөт, мен муну колдоймун. Бирок, чегараны кайтаруу биздин улуттук ар-намысыбыздын гана иши, башкаларга укук бербешибиз керек.
- Бажы союзуна кирүү боюнча буга чейин бир топ эле талкуулар болду. Бирок, эмне үчүн чегара маселеси ошол учурда козголгон эмес. Жалпы эл бул тууралуу маалыматы жок болду да..?
- Жалпы эл эмес, мен өзүм дагы окуп алып абдан таң калып, бир чети кейип-кепчип отурам. Демократиялык, укуктук өлкөдө мындай маселелер кеңешүү жолу менен чечилет. Элдин өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, ошол ишти жакшы билген саясий, мамлекеттик ишмерлер, эксперттер менен бирге ачык-айкын ортого салса, баарыбыз эле эл үчүн жакшылык ойлойбуз да, карап көрүп, талкуулап көрүп бир чечимди чогуу кабыл алат элек да. Сенин кооптонууң дагы туура. Мындай иштерди чорт кесе айтпастан, алдын ала эл менен кеңешип анан иш кылыш керек. Мен ойлойм, кантсе дагы Алмаз Шаршенович, элге кайрылып, түшүндүрүп көрсө жакшы болот эле. Басылмалардагы пикирлерди расмий билдирүү деп айтууга болбойт.
- Ушундай эле өткөндө дагы билдирүү болгон, Алмазбек Атамбаевдин АКШ авиабазасын чыгарам дегенин ЖКнын айрым өкүлдөрү жактырбоо менен кабыл алышты. Анткени, бул маселени ЖК чечет деп. Мындай кескин билдирүүгө ал эмне үчүн барды деп ойлойсуз?
- Бул маселе биринчи жолу кызыгып, күйүп-бышып талкуулап жаткан маселе эмес. Атамбаевге чейин деле канча найзалар сайышып, кылычтар кагышкан. Сөз берип коюп Бакиевдин кетишинин дагы себептеринин бири ошол болгон, ар түрдүү оюн кыла коюп. Адегенде эле ШКУнун жыйынында "Мен чыгарам" деп айтып алып, чыгара албай, АКШ менен соодалашып, акчасын көбөйтөбүз деп атып Россия менен мамилеси бузулуп, жанагыдай тагдырга келгенинин себептеринин бири дагы ушул. Мен Алмаз Шаршеновичти абдан урматтайм, биз экөөбүз кезегинде чогуу окуп, кийин дагы чогуу иштешкенбиз. Ошол эле Парламентте чогуу жүргөнбүз. Тагдыр экен былтыр чогуу камалып, чогуу чыктык. Бирок, анын өзүнүн жеке адамдык мүнөзүндө эске алчу жагдай бар, мен муну такай эле айтып жүрөм, шашмалыгынан, терең талдап-ойлонбостугунун кесепетинен чорт пикир айтып коёт. Ички саясатта деле аксакалдар жөнүндө , башкалар жөнүндө ар кандай сөздөрдү айтып коюп жатпайбы, туурабы. АКШ авиабазасын келишимдик мөөнөтү бүткөн соң кетиребизби же калтырабызбы биз, Кыргызстан эли, Кыргызстан жетекчилери Парламент менен макулдашып чечебиз.
- Негизи сиз кандай деп ойлойсуз, Афганистандын Кыргызстанга канчалык коркунучу бар?
- Авиабазынын ачылышына биз күбө болгонбуз, анда мен Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы болчумун. Мына биз ошол келишимди колдоп ратификация кылганбыз. Анын себеби 2001-жылы Нью-Йоркто жана Вашингтондо чоң террористтик жардыруу болуп, аны Бенладенге байланыштырып, талибандарды жок кылууга аракетин кылышкан. Анда бир эле Америка эмес, антитеррордук коалиция Европа өлкөлөрү, НАТО өлкөлөрү, атүгүл Корея, биздин өлкө дагы макулдук бергенбиз. База өзү антитеррордук коалициянын базасы катары түзүлгөн. Мына мен өзүм ошол өлкөлөрдүн элчилерин дагы кабыл алып сүйлөшкөнбүз. Борбор Азия жана бүткүл дүйнөнүн тынчтыгы үчүн кабыл алынган, зарылдыктан келип чыккан келишим эле. Менимче туура болгон. Эгерде коркунучтун түпкү себеби жок болсо базанын кереги жок эле. Америка талибандарды кууп чыкканы менен алар кайра күчөп жатышат. Негизинен Афганистандын өкмөтү, президенти чет жакка чыкканда кожоюндук кылганы менен өлкө ичинде талибандар күчтүүлүк кылууда. Кабулда Карзайдын инисин өлтүрдү, жакында губернаторун өлтүрдү, абал абдан татаалдашып баратат. 1999-жылы бизге кирген терреористтик күчтөр дагы Афганистандан даярданып келгендер, арасында өзбектер дагы, кыргыздар дагы болгон. Бизде бир гана баңгизаттан эмес, террордук жактан дагы маселе жок эмес. Ушуну эске алганда жеке Кыргызстан үчүн бардыгын токтотуп турганга күчүбүз жете бербейт. Ошон үчүн биз Россия менен дагы алаканы бекемдеп, жакшы кызматташып, бирок, чектен өтпөш керек. Ал эми 1-2 жылда Афганистандын абалы дагы ачык болот, мөөнөтү бүткөн соң чыгарууга дагы баруу керек. Биздин өзгөчөлүгүбүз Кантта дагы Россиянын авиабазасы бар, эртедир-кечтир экөөнүн бирин гана тандап калышыбыз керек.
- Шайлоо алдында бир топ талапкерлер Россияга ат тезегин кургатпай каттап калышты, эмне үчүн биз Россиясыз маселе чече албайбыз?
- Менин терең өкүнгөнүм, бир эле бул шайлоодо эмес, эсиңиздерде болсо Бакиев дагы ушул жолду пайдаланган, акыры эмне болду? Былтыркы шайлоо алдында дагы, бул президенттик шайлоодо дагы Россияга барып жолугуп келгенин элге карта кылып көрсөтүшкөнүн ачыгын айтсам жактырбадым. Атүгүл партиялардын аты "Ар-Намыс" же болбосо "Ата-Мекен" же "Ата-Журт" бир туруп Россияга, бир туруп Казакстанга же дагы башка өлкөлөргө барып баш ийкешип жатып, аталыштары накта улуттук-патриоттук болсо дагы шайлоого келгенде ар-намысын унутуп коюшат. Дүйнөдөгү эң улуу, кадыр-барктуу саясатчылар элин бийик койгон. Мисалы, Деголь өлкөсүн немистер басып алганда, аргасыздан Улуу Британияга барып элге кайрылып, "Бул туура эмес иш болду, биздин улуттук ар-намысыбыз барбы?" деп Черчиль менен сүйлөшсө дагы башын ийип, чөгөлөгөн эмес. "Мен үчүн Франция баарынан ыйык" деп эч качан улуттук намысын алдырган эмес. Атүгүл мына Американын эң улуу президенти Д.Ф.Рузвельт менен да көпкө сүйлөшпөй жүргөн.
(Уландысы кийинки санда)
Маектешкен
Азима АКУНОВА