Кыздыкты калыбына келтирүү
модага айландыбы?

Аял затынын актыгын, аруулугун далилдеген бирден-бир белги - анын кыздыгы. Байыртадан бери кыздык белгиге кылдат мамиле жасалып, турмуш курууда ага өзгөчө маани берээри баарыбызга маалым. Бирок азыркы замандын талабына ылайыкпы же модага айланып калганбы айтор, медицинада гименопластика- кыргызча аталышы "кыздык белгини кайра орнотуу" деген термин кеңири тарай баштады. Ар кандай себептен, ар кандай кырдаалдан улам актыгынан арылып калган кыздар бар. Аларды ушул жагдайга ким түртөт. Жакшынакай мөлтүрөгөн кыздар кыянаттуу зөөкүрлөрдүн курмандыгы болуп калышууда. Айла жоктон дарыгерге кайрылышат. Бул маселенин чын-төгүнүн аныктоо максатын көздөп "ДЭМ" медициналык борборунун дарыгери, жогорку даражадагы акушер-гинеколог Мадиева Айша Беримкуловнага кайрылдык


"Бул темага ит ыйлагандай абалда жооп берем"
- Азыркы тапта кыздыкты калыбына келтирип алуу модага айланып жаткандай, сиз буга дарыгер катары кандай көз караштасыз?
- Бул кыргыз маданиятынын өтө төмөндөп кеткен чеги деп эсептейм. Себеби бизде илгери мектеп чагынан баштап эле "Кызга кырк үйдөн тыюу" деп тарбия берген. Бул силердин абийириңер деп чоңойткон. Азыр мына ушундай тарбиянын аксап калгандыгынан аталган көрүнүштөр болуп жатабы деген ой жүрөгүмдү өйүп келет. Бул темага жүрөгүм сыздап, ит ыйлагандай абалда болуп жооп берем.
- Сиздерге кайрылгандардын саны?
- Бизге телефон чалып же келип "тиктириш керек болуп атат" дегендерге терс жооп берем. Эгер ал алдыма келип шартын айтып, кыянатчылык менен зөөкүрлөр зордуктап кетти, эч кимим жок. Азыр жигитим бар, үйлөнөйүн деп жаттык эле. Анын менден башкага үйлөнгүсү жок экен- деп баарын ачык-айкын айтып келсе, соопчулукка кылып коем. Ушул кыздын бактысы ачылып кетсе экен деп жардам беришим мүмкүн. Анан өтүп бара жатып эле "Мен ушунтип басып-турдум эле, азыр тигиге тийип жатам. Мени антиңиз-минтиңиз" - десе, бар айланайын ошол алдырган жериңе барып салдырып ал дейм. Жеке гинекология десе эле ойлоп атышпасын олтуруп алып эле комерция кылышат деп. Кыздык тигүү коммерция эмес. Иштегениме 6 жылдын жүзү болду, берсем 6 кызга гана жардам бергендирмин. Эгер киста болуп атам же этек кирдин бузулуусу жана башка оорулар менен келгендерге жан дилим менен жардам берем. Ал эми жанагындай болуп келгендерге өтө терс көз караштамын.
- Сиздин көз карашыңызда аталган көрүнүштөр тарбиянын жоктугунанбы?
- Бардыгын алып барып эле тарбияга такай берүүдөн да алысмын. Ар бир эле ата-эне колунан келишинче тарбиялайт. Бирок, азыркы тапта кызым иштеп жатат, балам иштеп жатат деп алардын тапканын ичип-жеп жаткан ата-энелер бар. Ал кызы кандай кылып иштеп атат, эмне кылып жүрөт, анын чөйрөсү кандай дегенди ойлонушпайт. Дагы бир айта кетчү нерсе, биз демократия десе эле баарыбыз каалаганыбызды кылып, батышты туурап кеттик. Кыргыз экенибизди унутпай бала баладай, кыз кыздай, кемпир кемпирдей болушу керек. Бул абдан чоң тема, бир баарлашуу менен биз эч нерсени бүтүрө албайбыз.
- Тубаса кыздыгы жок болуп да төрөлүшү мүмкүнбү?
- Бул медициналык чоң суроо болуп эсептелет. 100 пайыз кыздын 15 пайызынын кыздыгы тубаса жок болуп төрөлөт. Мындай жагдайда болгон кыздарды ак жерини каралай берүүгө болбойт. Мисалы, балдар дагы ошондой болот да сүнөткө отургузулбайт. Илгери андай төрөлүп калган болсо бусурман төрөлдү деп, атын Бусурман коюп коюшчу эмес беле.
- Бул жерде кыздарды канчалык деңгээлде күнөөлөгө болот?
- Мен бул жерде кыздарды күнөөлөбөйм. Жакшынкай эле жүргөн тартиптүү кыз акылы тайкы зөөкүргө туш келип калат же начальниги кызмат ордунан пайдаланып кызды бузуп коюшу мүмкүн жана башка ар кандай кырдаалдар болот. Бирок, күнөөлөй турган да кыздар бар. Алардын тарбия башаты начар, чөйрөсү жаман же батышты туурагысы келип жеңил жашоону көздөп алышы ыктымал.
- Мындай терс көрүнүштөр кайталанбас үчүн кандай чараларды колдонсок болот?
- Эненин, кыздын денсоолугу улуттун денсоолугу. Союз убагында айына ар бир мектептерге барып жолугушууларды өткөрүп, текшерип келчүбүз. Азыр андай иш жок. Ошондуктан мектептен баштап, керек болсо бала бакчадан баштап жогорку окуу жайларына чейин түшүндүрү иш-чараларын, гигена жана ушул сыяктуу терс көрүнүштөрдөн оолак болуу керек экендиги жөнүндө консультация өткөрүп туруу зарыл. Түп тамырыбыздан баштап тарбиялоо керек. Менин да алдыңкы пландарымда бар, Кудайым буюрса ишке ашырууга бел байлап жатам. Бирок "Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет" болуп баары келип акча каражатына такалып жатат.